Столтенберг: НАТО Россия менен кагышууну каалабайт

269
0

НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг Россиянын Крымды басып алышына жана Украинадагы кризистерге каршы нааразылыгын жарыя кылып, бирок, НАТО менен Россия ортосунда кагышуу жүз беришин жана кайрадан суук согуш башталышын каалабай тургандыгын билдирди.

Столтенберг Германиянын “Die Welt” гезитине берген интерьвюсунда: “Россия менен кагышууну каалабайбыз. Биздин аракеттерибиз суук согуш чыгарууга каратылган эмес. Бирок, биз Крымдын басып алынышына жана Украина чыгышындагы кризистерге нааразы экенибизди билдирип келе жатабыз. Саясий диалогдор үчүн эшиктерди ачык калтырышыбыз, жаӊжалдарды азайтуу жолдорун табышыбыз жана карама-каршылыктардын алдына тосмо коюшубуз керек”, — деди.

Столтенберг Россия-НАТО кеңеши өтө маанилүү экендигин баса белгиледи. Бул кеңеш эки жылдык тыныгуудан кийин 20-апрелде Брюсселде болуп өттү. Жолугушууга Россиянын НАТОдогу туруктуу өкүлү Александр Грушко катышты. Столтенбергдин айтымында, бүгүнкү күндө Россиядан НАТОго бирер зыян жеткирилбестиги анык, бирок, баары бир сак болуу зарыл.

«Ушул кеңеш (Россия-НАТО кеңеши) өтө маанилүү. Себеби, эгерде унчукпай отура берсек эч кандай проблеманы чече албайбыз. Июль айында Варшавада өтө турган НАТО саммитинен мурда дагы бир жолугушуу болушу мүмкүн. Ошону менен бирге, НАТО Россиянын өз күчүн көрсөтүшүнө каршылык билдирүүгө мажбур. Ошол себептен да чыгышта позициябызды бекемдеп жатабыз. Бүгүнкү күндө НАТОго мүчө мамлекеттерге карата Россия бирер коркунуч туудурат деп эсептебейбиз. Ошондой болсо да ар кандай кырдаалга даяр турушубуз жана биримдикте болушубуз керек”, — деп кошумча кылды Столтенберг.

Туркистон:

Бул жолугушуу Россия менен НАТО ортосундагы кескиндикти баса белгилеп коюу үчүн гана уюштурулгандай. Бул жыйын, кол астындагы мамлекеттер жана уюмдун мүчөлөрү сергек болушу үчүн гана уюштурулган окшойт. Айрыкча НАТО үчүн. Ал Россиядан күтүлүп жаткан кооп-коркунучтарды жарыя кылып, уюмга мүчө мамлекеттерге НАТОго муктаждыгын дагы да катуураак сездирип коймокчу болуп жатат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here