Нидерландиядагы Хизб-ут Тахрир жигиттери Халифалык мамлекети кулатылгандыгынын 95 жылдыгына байланыштуу “Халифалык конференциясын” уюштурууга киришишти.
Хижрий 1342-жыл, 28-ражабда (миладий 1924-жыл, 3-мартта) Усманий Халифалык мамлекети кулашынын натыйжасында Ислам Үммөтү саясий биримдигин жоготту. Мусулмандар 1400 жыл мурда Расулуллах саллоллоху алайхи ва саллам тарабынан түзүлгөн мамлекетин колдон чыгарышты. Бул окуядан кийин Үммөттүн проблемалары жана бытырандылыгы болуп көрбөгөндөй даражага көтөрүлдү. Исламий өлкөлөр элүүдөн ашуун мамлекетчелерге бөлүп ташталды. Алардын ар бирине өз байрагы, гимни жана улуттук баалуулуктары бар болгон чегаралар сызып берилди. Ошентип, Исламий өлкөлөр колонизаторлор тарабынан оӊойлук менен басып алына турган, талап-тоноло турган олжого айланды.
Бул проблемалардан кантип кутулушубуз мүмкүн? Үммөттүн коопсуздугун камсыздай турган биримдикти кантип кайрадан тикелейбиз? Канткенде чыгыштагы жана батыштагы Үммөттү кайрадан бутка тургузуучу саясий биримдикти пайда кылышыбыз мүмкүн?
Ушул жана башка бир нече суроолорго жоопту Хизб ут-Тахрир – Нидерландия уюштуруп жаткан “Бир бүтүн Үммөт, Бир байрак, Бир бүтүн мамлекет” деген аталыштагы Халифалык конференциясынан табасыздар.
Хизб ут-Тахрир сиздерди ушул маанилүү конференцияга чакырат. Жакындарыӊыз жана досторуӊуз менен биргеликте ушул иш-чарага катышып, Ислам Үммөтүнүн кандай биригиши туурасында кеӊири маалыматка ээ болуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаӊыздар.
Дарек: Rhoneweg 12-14 1043 AH конференция борбору, Амстердам,Нидерландия.
Конференция убагы: 8-май, 2016-жыл. Саат: 12:00-17:30