Бремер: тайпачылык негизинде бөлүп таштоо Ирак үчүн зарыл тандоо болгон

265
0

Бремер: тайпачылык негизинде бөлүп таштоо Ирак үчүн зарыл тандоо болгон

 Ирак парламенти өткөн ишемби күнү Анбар вилаятын «кыйроо астында» деп эсептөө сунушун бир добуштан кабыл алып, ошондон кийин Иракка эл аралык жардамдардын киришине уруксат берди. Бул жардамдар ИШИМ уюмунан куткарылган шаарлардын инфраструктурасын кайрадан тикелөөгө каратылган.

Американын Ирактагы мурдагы администратору Пол Бремер Иракты тайпачылык негизинде бөлүп таштоо зарыл тандоо болгонун баса белгилеп, Ирак 2003-жылы АКШ басып алгандан кийин көптөгөн утуштарга күбө болгонун айтты.

Бремер өткөн жуманын кечинде ал-Жазирага берген интервьюсунда Иракты тайпачылык негизинде бөлүп таштоо өкүнүчтүү абал болгонун билдирип, бирок бул – социалдык структураны кыйратып, бийликте суннийлик негизиндеги башкарууну орноткон – мурдагы президент Саддам Хусейн режиминин кесепеттери себептүү зарыл тандоо болгонун баса белгиледи.

Ал АКШ Иракты басып алгандан кийин жүз берген абалды актап, мамлекет алты шайлоо жана референдумга күбө болгонун, төрт жолу тынч жол менен бийлик алмашканын о.э. жаңы конституция кабыл алынганын баса белгиледи.

Бремер демократия узак убакыт талап кылышын айтып, аны бекемдөө жолунда Ирак калкынын кыйынчылыктарга дуушар болушу табигый көрүнүш экедигин баса белгиледи.

Бремер Ирак армиясын таркатып жиберүү токтому жөнүндө сөз кылып, бул улуттук коопсуздук кеңешинин 2003-жылы 13-майда болуп өткөн жыйынында мурдагы президент Буш тарабынан тастыкталгандан кийин ишке ашкандыгын, Буш ушул токтомду бир топ убакытка кечиктирүү мүмкүн деп эсептегенин айтты.

Бремер бул сөздү Американын Ирактагы мурдагы элчиси Залмай Халилзаддын “Ирак армиясынын таркатып жиберилиши Багдад тарабынан болгон, бул маселе Вашингтон тарабынан олуттуу талкууланган эмес” деген сөзүнө раддия катары айтты.

Башка жагынан болсо, Бремер Ирактагы мамлекеттик мекемелерди коргогонун баса белгилеп, бардык министрликтер толук көрүнүштө ишмердүүлүгүн жүргүзгөнүн айтып өттү.

Белгилүү болгондой, Бремер 2003-жыл, 6-майдан, 2004-жылдын 28-июнуна чейин Американын Ирактагы администратору болуп иштеген. Ирактагы көптөгөн токтомдор, ошону менен бирге Баас партиясын, армия жана башка мекемелерди таркатып жиберүү туурасындагы токтомдор ага байланыштуу болгон. Бул болсо, өлкөнүн бир катар зомбулуктарга бута болушуна, жүз миӊдеген адамдардын курман болушуна алып барган. (Ал-Жазира нет).

Роя гезитинин комментарийи:

Бремер Американын Иракта жүргүзгөн саясаты жөнүндө кудум бул иштер жүздөгөн жылдар мурда болуп өткөн окуя сыяктуу сөз кылып жатат! Ал өзүн эч кандай күбө калбагандай кармап жатат. Акыйкатта болсо, Ирак вакиъси анык сезиле турган даражада белгилүү. Ирак вакиъси Американын кылмыштарын, анын бул кылмыштарынан бак-дарак жана тоо-таштар да аман калбаганын көрсөтүп турат. Америка Иракта таянган тайпачылык саясаты Ирак калкынын ортосунда – өз ара кастык болушу о.э. Кошмо Штаттар сызып бергендей, өлкөдө бөлүнүү мухити пайда болушу үчүн – фитна отун келтирип чыгарды. Ошого карабастан, Бремер Американын Иракта таянган тайпачылык саясатын «бул нерсе зарыл болгон» деп коргоп жатат.

Кийин Бремер шайлоолор жана бийликтин тынч жол менен алмашуусу туурасында сөз кылды. Буларды утуш деп айтууга кантип болсун? Акыры «тынч жол менен» бийлик алмашуусу да, бардык шайлоолор да Ирак калкына туура башкарууну алып келбестен, тескерисинче мунун натыйжасында Америка баскынчылыгына болгон көз карандылык дагы да күчөп, анын өлкө байлыктарын ташып кетишине жардам берген болсо? О.э. бул «утуштар» ушунча кыргын, кыйроолорду алып келип, миллиондогон адамдар качкынга айланышына о.э. коопсуздук, таза суу, электр энергия сыяктуу нерселердин жетишпестигине себеп болгон болсо, анан кантип утуш деп айтууга болсун?

Америка жетекчилери бүт дүйнөгө Иракты массалык кыргын куралдары себептүү басып алгандыгын айтышты. Бирок, көп убакыт өтпөстөн бул сөздөрү жалган экендиги белгилүү болду. Алар Иракта ишке ашырган бир катар кылмыштары туурасында жалган айтууну дагы деле улантып жатышат.  Алардын кылмыштарынан Перс Булуӊундагы акимдердин кылмыштары да кем калышпайт. Себеби, бул малайлар Америка армиясы үчүн дарбазаларын ачып беришти. Американын Ирактагы саясатын жана башка кылмыштарын ишке ашырууга жардам берген Иран өкүмдарлары да кылмышкердикте алардан калышпайт. Америка Иракта жана башка өлкөлөрүбүздө ушунча террористтик операцияларды ишке ашырып туруп да, анын жетекчилери терроризм жана ага каршы күрөш жөнүндө уялбастан сөз кылып жатышат!!!

Роя гезитинин 2016-жыл, 13-апрелдеги 73-санынан

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here