Аалымдардын унчукпай турушу куфрду ыраазы кылбайт (4)

268
0

بســـــم الله الرحمن الرحيم

Аалымдардын унчукпай турушу куфрду ыраазы кылбайт (4)

Эгерде аалым-молдолор өз ишин толук аткарышса о.э. өзүн мусулман деп билген ар бир адам Исламга амал кылса, албетте Аллах Таала жардам берет. Себеби, биз алсыздыгыбыз себептүү Анын жардам беришине шектенип калышыбыз мүмкүн болгондуктан, Аллах Таала бир нече орунда баса белгилөө менен убада берип жатат. Аллах Таала убадасында турат. Аллах Таала айтат:

إِنَّا لَنَنصُرُ رُسُلَنَا وَالَّذِينَ آمَنُوا فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَيَوْمَ يَقُومُ الأَشْهَادُ

– „Албетте, Биз пайгамбарларыбызга жана ыйман келтирген заттарга дүйнө тирүүлүгүндө да, күбөлөр тура турган Күндө да жардам беребиз“. [40:51]

Дагы:

وَكَانَ حَقًّا عَلَيْنَا نَصْرُ الْمُؤْمِنِينَ

– „Ыйман келтирген заттарды үстөм кылуу Биздин мойнубуздагы чындык болгон“. [30:47]

 Дагы:

إِنَّ اللَّهَ يُدَافِعُ عَنِ الَّذِينَ آمَنُوا

– „Албетте, Аллах момундарды коргойт“, [22:38]

Албетте, Аллах Субханаху Өзүнө жардам кылган кишилерге Өзү да жардам беришин анык убада кылды. Аллах Таала мындай деди:

وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنْكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُم فِي الأَرْضِ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ

وَلَيُمَكِّنَنَّ لَهُمْ دِينَهُمُ الَّذِي ارْتَضَى لَهُمْ وَلَيُبَدِّلَنَّهُمْ مِنْ بَعْدِ خَوْفِهِمْ أَمْنًا يَعْبُدُونَنِي لاَ يُشْرِكُونَ بِي شَيْئًا

Аллах силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга, кудум мурунку өткөн (итикаддуу) заттарды халифа кылгандай, аларды да жер жүзүндө халифа кылууну убада кылды жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин үстөм кылууну о.э. аларды көргөн кооп-коркунучтарынан кийин бейпилдикке бөлөп коюуну убада кылды. Алар Мага гана ибадат кылышат жана Мага бир да нерсени шерик кылышпайт“.        [24:55]

Бир пикирлеп көрөлү, илгери арабдардын турмушунда ушундай бир өзгөрүш жүз берди дейсиӊ, алар өз мекенинен чыгып адамдардын дилдерин Ислам акыйкаты менен ачуучу фатихтерге айланып калышты? Сан жеткис кафирлер бул арабдардын жолун тосо албай калышынын себеби эмне? Акыры алар жакында эле туз менен жагымдуу жыт чыгаруучу дарактын айырмасын билишпейт эле го? Кой-мал багып жүргөн о.э. перстер жана румдуктар ээ болгон согуштук өнөрдөн кабарсыз болгон малчылардын дал мына ушул перс жана румдуктар үстүнөн жеӊишке жетишүүсүнө эмне себеп болду? Буттарга ибадат кылуучу арабдарды – залим падышаларды бийликтен кулатып, ал тургай Кайсарды өлтүрүп, андан кийин башка Кайсар чыкпай турган даражада жихад кылуучу адамдарга айландырган нерсе эмне?

Кисро да өлдү жана андан кийин башка Кисро төрөлбөдү. Алар өтө кыска убакытта көптөгөн өлкөлөрдөн өтүшүп, Ислам дүйнөгө кеӊири жайылды. Бутпарастардын буттары талкаланды, мажусийлердин оттору өчтү. Уйкаштырып сүйлөөдөн башка нерсени билбеген бул сыяктуу караӊгы, жалкоо адамдарды өзгөртүп жиберген о.э. кечээ эле Каабаны бузуп, арабдарды Хабашистанга буруу ниетинде Меккеге келген Абраха Хабашийден коркуп, аркасын карабай качкан бул адамдарды Нажжаший алдында акыйкат сөздү ачык айтуучуларга айландырып койгон нерсе эмне?

Никифор:  «Румдуктар падышасы Никифордон арабдар падышасы Харунга, амма баъд. Менден мурда болгон королева өзүн (шахматтагы) жөө аскер ордуна коюп, сени болсо жогорку даражага көтөрүп койгон экен жана сен таптакыр акылуу болбогон малдарынан сага өткөрүп койгон экен. Бул иш аялдардын алсыздыгы жана акмактыгынан. Эгерде ушул катымды окуган болсоӊ, мага королеванын мал-дүйнөсүн кайтарып бер, болбосо ортобузда кылыч болот», – деп кат жазган эле. Рошид катты окуганда ачуусунан улам ордунан туруп кетти жана каттын артына мындай жооп жазды: «Бисмиллахир рохманир рохим. Момундардын амири Харун ар-Рошидден, румдуктардын ити Никифорго. Эй кафирдин уулу, катыӊды окудум, катка жооп болсо сен кулагыӊ менен уга турган эмес, көздөрүӊ менен көрө турган иш (т.а. фатх) болот». Харун ар-Рошид ошол эле күнү жүрүшкө аттанып Эрклге чейин жетип барып, аны фатх кылды. Шаардан олжолорду алып, кыйрандыга айлантты. Ошондо Никифор Харунга жыл сайын хирож төлөп турууну сунуштаган эле, Харун буга макул болду.

Ибн Касирдин: «Бидая ва нихая» китебинде мындай келет: «Рубъий ибн Аамирди Саъд Кодисия тарапка, перстердин амири жана аскер башчысы Рустамга элчи кылып жиберет. Ал кирип барганда  анын отурган жайы алтын жиптен тигилген жаздыктар, килемдер, кымбат баалуу таштар менен жасалгаланган жөлөнгүчтөр, башында таажы, үстүндө кымбат баалуу кийимдер болуп, алтын сөрүдө отурган эле. Рубъий одуракай көйнөк, кылыч, калкан жана жапыз аты менен кирип барып, килемдин четине барганда гана атынан түштү жана аны жаздыктардын бирине байлап, үстүндө куралдары, башында тулгасы менен алдыга басты. Андан куралдарын чечип коюу талап кылышканда: «Мен бул жерге өзүм келбедим, силер чакыртканыӊар үчүн келдим, кааласаӊар ушул абалыма койгула, болбосо кайтып кетемин», – деди. Ошондо Рустам өткөрүп жиберүүгө буйруду. Рубъий килем үстүндө найзасын таяк кылып басып, көп жерин жыртып жиберди. Андан эмне үчүн келгенин сурашканда, ал: «Аллах Таала адамдарды пендеге ибадат кылуудан пенделердин Роббисине ибадат кылууга, дүйнө тардыгынан кеӊдикке жана диндердин зулумунан Исламдын адилеттүүлүгүнө чыгарууга бизди тандап алып, пенделерди Анын динине даъват кылышыбыз үчүн бизди элчи кылып жиберди. Ким аны кабыл алса, биз алардан кабыл алабыз, ким баш тартса, Аллахтын убадасына жеткенге чейин аларга каршы согушабыз», – деди. Алар: «Аллахтын убадасы эмне?» – деп сурашканда, ал: «Баш тарткандарга каршы согушта өлгөндөргө бейиш, калгандарга жеӊиш», – деди. Рустам: «Сөзүӊүздү уктум, биз аны көрүп чыкканга бир аз мөөнөт берип күтүп турасыӊарбы?» – деди. Ал: «Ооба беребиз, бир күн жакшыбы, же эки күнбү?» – деди. Ал: «Жок, акылмандарыбыз жана жетекчилерибиз менен кат аркылуу кабарлашканга чейин», – деди. Ал: «Расулуллах (с.а.в) душман менен учурашканда үч күндөн ашык мөөнөт берүүнү адат кылбаган, өзүӊдү жана алардын ишин көрүп чыгып, мөөнөт бүткөндөн кийин үч нерсенин бирин танда деген», – деди. Рустам: «Сен улуулардын улуусу болосуӊбу?» – деп сураганда,  Рубъий: «Жок, бирок мусулмандар бир дене сыяктуу, эң төмөнкүсү да эң жогоркусун коргой берет», – деп жооп берди. Рустам коомунун башчылары менен чогулуп: «Бул кишинин сөзүнөн бекемирээк жана азизирээк сөздү уккансыӊарбы?» – деди. Алар: «Анын бирер сөзүнө ыктап, өз диниӊден бул иттин динине өтүп кетишиӊден кудай сактасын. Кийимин көрбөдүӊбү?» – деп айтышты. Ал: «Силерге өлүм болсун, кийимине карабагыла, пикирине, сөзүнө жана кулк-мүнөүнө карагыла. Арабдар кийим жана башка нерселерди арзыбаган нерсе деп эсептешет жана кадыр-баркты урматташат», – деди. Мурунку мусулмандар адамзат алдындагы рисолат жана милдеттерин кандай түшүнүп жетишкендигин көрдүӊүзбү? Алар ушул нерсени жакшы түшүнгөнү үчүн да, душмандары аскери жана куралы көп экендигине карабастан, алардан коркушту. Румдун падышасы Хираклга мусулмандардын чабуулу жөнүндөгү кабар келгенде Шам калкына: «Силерге өлүм болсун, алар жаӊы дин ээлери го, эч ким алардын алдына түшө албайт, менин айтканымды кылып алар айткан сулхка – Шамдын жарым хирожуна жана Рум силерге калышына ыраазы болгула. Эгерде баш тартсаӊар Шамды силерден алып коюп, силерге Рум тоолорунун аз гана бөлүгүн калтырышат», – деген эле.

Ооба, эй боордош, ушул сыяктуу ондогон суроолор мага тынчтык бербейт. Бул адамдардын кыска убакытта калктарга жол башчы болуп калышына себеп болгон бул сыр тууралуу талкуу жүргүзөмүн. Бул иш болсо бизден, айрыкча даъватчылардан бир аз шашпай тереӊ ойлоп, пикирлөөнү талап кылат. Себеби, бул сыр ошол кезде да, азыр да Ислам жана мусулмандардын душмандарын таӊ калтырып келүүдө. Илгери да, бүгүнкү күндө да Ислам душмандары бул суроолорго жооп табууга канчалык аракет кылышпасын, дагы деле ага толук жооп таба албай баштары маӊ болуп турат. Аллах Таала айтат:

وَشَهِدَ شَاهِدٌ مِنْ أَهْلِهَا

– „Улууларынын бири күбөлүк берди“. [12:26]

Америкалык Стоддар «Ислам дүйнөсү бүгүнкү күндө» деген китебинде мындай дейт: «Исламдын пайда болушу жөнүндөгү кабар адамды таӊ калтырат, себеби адамзат тарыхында Исламдын тикелениши сыяктуу абал кайрадан жүз бербеди. Ислам караӊгы, наадан жана төмөн бир коомдун ичинде, эч кандай кадыр-баркка ээ болбогон бир өлкөдө жүзөгө чыкты. Бирок, Ислам пайда болгондон кийин ондогон жылдардын ичинде дүйнө жүзүнүн жарымына жайылып, күчтүү империяларды талкалап, байыркы диндерди жок кылып таштады. Элдер жана улуттардын аӊ-сезимин, андан соӊ алардын абалдарын өзгөртүп жиберди жана бекем пайдубал үстүнө жаңы дүйнөнү – Ислам дүйнөсүн курду. Биз ар дайым Исламды, анын таалимин, өнүгүү сырын тереӊ үйрөнгөн сайын таӊ калуубуз күчөй берет, дилибиз коркууга түшөт, кайгы-капабыз күчөйт».

Тарыхчы Габен «Римдин талкаланышы жана кулоосу» китебинде мындай дейт: «Арабдар бир бүтүн күч-кубат жана бир бүтүн ийгилик менен Август – Рим императорунун мураскорлору үстүнө жана Ирандын үстүнө бастырып келди. Бул бири-бирине атаандаш болгон мамлекеттер бир заматта эле душмандын олжосуна айланып, күрөшүүгө жана өздөрүн коргоого кудуреттүү болбой калышты. Умардын халифалыгынын онунчу жылы арабдар 36 миӊ шаар жана чептерди багындырышты о.э. кафирлердин 4 миӊ чиркөө жана ибадатканаларын бузуп ташташты, мусулмандар ибадат кылышы үчүн 14 миң мечит курушту. Мухаммаддын хижратына бир кылым болгондо, анын халифаларынын өкүмдарлыгы Индиядан Атлантика океанына чейин жетти о.э. Ислам байрагы Иран, Сирия, Мисир, Африка жана Испания сыяктуу алыскы өлкөлөр үстүндө желбирей баштады. Исламдын мынчалык тездик менен кеӊири жайылышы ал тургай душмандарды да таӊдандырып койгонун көрүп жатасыӊбы?»

Жогорудагы бардык суроолорго жооп иретинде айтуу мүмкүн болгондой, мынчалык таӊ калтыруучу о.э. коомду түп-тамырынан өзгөртүп жиберген бул ынкылап ишке ашуусу үчүн алгач адамдардын аӊ-сезимин өзгөртүү зарыл болот. Ошондо алар рисолат жана дин ээлерине айланышат жана кудум кайрадан төрөлгөндөй болушат. Аллах Таала айтат:

إِنَّ اللَّهَ لاَ يُغَيِّرُ مَا بِقَوْمٍ حَتَّى يُغَيِّرُوا مَا بِأَنفُسِهِمْ

– „Аныгында, тээ бирээр коум өздөрүн өзгөртүшмөйүнчө Аллах алардын абалын өзгөртпөйт“. [13:11]

Эй, имаммолдолор!

Айткылачы, Исламды куфр каалагандай кылып “салттуу исламга” өзгөртүү менен дүйнө-акырет кордугу керекпи, же көптөгөн жылдардан бери Исламдан кабарсыз башчылар зулумунан эзилген калкыбызга акыйкатты баян кылып, Аллах Таала ыраазы боло турган жашоону баштоо менен эки дүйнө бактысына жетишүүбү? (уландысы бар).

Гариб.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here