ИИМдин 10-бөлүмүнүн базасында кызматкерлерге диний билим берүү бөлүмү ачылды

323
0

Көптөгөн жылдардан бери Ислам динине каршы күрөшүп келе жаткан Кыргызстан өкмөтү менен күч түзүмдөрү коомдун арасында исламий даъватты көтөрүп чыккан мусулмандарды жалган жалаа менен камакка алып келишкен эле. Ушул кезге чейин Кыргызстанда тыюу салынган адабияттар тизмеси жана теологиялык экспертиза жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон бирер мекеме жок. Бул нерсе, күч түзүмдөрүнө – өздөрүнө жакпаган мусулманды коомдон ажыратып, камакка алуу үчүн – аябай ыӊгайлуу болууда.

Кыргызстанда тыюу салынган диний адабияттар тизмеси жок болгондуктан, мусулмандардын үйүн тинтүү учурунда табылган китептер – бул китептер өкмөттүн расмий уруксаты менен басылып чыккан болсо да – экстремистик адабияттар катары каттоого алынып, мусулмандарга каршы  далил катары пайдаланылып жатканы көптөгөн сындоолорго себеп болуп жаткан эле.

Ошол себептен да, өздөрү үчүн бир документ болушу үчүн ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын алдында милиция кызматкерлерине диний билим берүү бөлүмүн түзүштү.

ИИМдин маалымат кызматы билдиргендей, 19-апрелде ИИМдин 10-бөлүмү менен “Ыйман” фонду биргеликте Ош шаарында, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы кызматкерлер үчүн семинар-тренинг өткөрдү.

Кабарда келишинче, тренингге теологдор, дин таануучулар жана коопсуздук тармактары боюнча эксперттер катышты.

Семинарда интернеттеги экстремизмге каршы күрөш о.э. жаштар жана кыз-келиндер арасында экстремизмдин алдын алуу боюнча лекциялар окулду.

Мындай семинар-тренингдер 10-бөлүмдүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Талас облусундагы кызматкерлери үчүн да уюштурулат.

Туркистон: 

Кыргызстанда Ислам динине каршы жаңыча күрөш ыкмаларына өтүү үчүн кеӊири тактикалык аракет жүрүп жатат. Куфр институттары биздин арабыздан өзүнө ыктаган же алардан бирер нерсе үмүттөнгөн адамдарды бир жерге топтоп, “Ыйман” деген исламий аталышта фонддорду түзүп берүү менен аларды өз кызыкчылыктары жолунда иштетип жатышат.

Түпкүлүгүндө болсо, бул жерде ыйман-куфр маселеси болуп жатат. Куфр дүйнөсү бул идеологиялык күрөштө жеӊилди. Бул тууралуу К. Маликов “демократия мусулмандар арасында, өзүнө болгон ишенимди жокко чыгарды” деди. Ал ошол теолог эксперттер жыйынында “биз эми диний радикализмге каршы жаңы идеология табышыбыз керек” деди.

Эй боордоштор, силер өзү мусулмансыӊарбы?

Аллах Таала биз мусулмандарды “мен мусулманмын” деген ар кандай адамга ишенип, ага мусулман катары мамиле кылууга буйруду. Бирок, нусустарда алардын дилдерин Өзү гана билишин айтып өттү. Эй боордоштор, Маликовдун сөзүнө көӊүл бургула, ал “куфр кызыкчылыгы үчүн, куфр жаман деп билген мусулманга каршы күрөшүү үчүн идеология издешибиз керек” деди. Ал , дүйнөнүн ар жеринде мусулмандарды кырып, Куранды өрттөп жаткан жана Пайгамбарыбызды шылдыӊдаган фильмдерди чыгарып жаткан куфр менен кызматташтыкта жаман боордошторубузду акаараттоо үчүн жол табышыбыз керек деди. Акыйкатта болсо ошол жаман боордоштор, өлкөбүздө ал айтып жаткан аскердик аракеттерди башташкан жок. “Ыйман” фондунун үстүндө турган куфр жетекчилери көптөгөн жылдардан бери жүргүзүп жаткан согуштарды алар башташкан жок.

Эми алар, Исламды жакшы түшүнүшпөсө да, өздөрүн мусулман деп эсептеген орган кызматкерлерин да бузук акыйдалары менен булгай башташты. Азыр качкын болуп жүргөн же камакта отурган өзбекстандык аалым-уламалар да алгач кудум ушундай ката кетиришкен эле. Учурда Каримов аларды чет өлкөлөрдө да тынч койбой жатат. Себеби, “Ыйман” фонду айтып жаткан күрөш бирер исламий топко каратылган эмес. Бул күрөш куфр дүйнөсү Ислам жана мусулмандарды бири-биринин колу менен кырып жиберүү үчүн түзгөн долбоор негизинде жүрүп жатат. Алар бир исламий катмарды жок кылып алуу менен токтоп калышпайт. Улам кийинкисине өтүп бара беришет. Акыры көрүп турганыбыздай, хижабга, намазга тыюу салышат. Каримов Наманган тополоӊунда Өзбекстанда Халифалык мамлекетин жарыя кылууга да ыраазы болгон эле.

Мусулман боордошторубузду этият болууга, куфрдун күчөп бара жаткан айла-амалдарынан сак болууга чакырабыз. Куфрдун ар кандай душманы анын проблемасы. Биз ар кандай мусулманга же кайры мусулманга куфр менен биргеликте зыян жеткиришибиз жайиз эмес. Себеби, биздин бул аракеттерибиз жана мусулман боордошторубузга жеткире турган зыяндарыбыз, ал тараптагы мусулмандарды да каршылык чабуулуна алып барышы мүмкүн. Куфр системасы кудум ушул провокациядан үмүттөнөт. Эгерде ал тараптагы мусулмандар чабуулга өтүшпөсө, куфрдун өзү ошол мазлум мусулмандар атынан чабуул уюштурат. Бүт дүйнөдө кудум ушундай ыкма менен иш жүргүзүп жатышканын өздөрү ашкерелеп жатышат. “Ыйман” фондунун иш-аракеттери өтө кооптуу. Алардын “муътадил ислам” байламтасы негизинде уюшуп жаткан аракеттери мусулмандын эки дүйнөсү үчүн өтө кооптуу. Алар берип жаткан каражаттарга алданып калбайлы. Себеби бул жерде, алар айтып жаткан коопсуздук маселеси эмес, тескерисинче ыйман-куфр маселеси болуп жатат!  

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here