МОМУНДАР БИР ДЕНЕ СЫЯКТУУ (1)

347
0

بســـــم الله الرحمن الرحيم

 МОМУНДАР БИР ДЕНЕ СЫЯКТУУ (1)

Колонизатор кафирлер өз пландарын ишке ашырууну максат кылган жердеги мусулмандар бир дене болуп туруп, душмандар сыяктуу бири-бирине душмандыкта турушат, кээ бирлеринин үстүнө ондогон жана жүздөгөн бомбалар ташталууда. Калган мусулмандар болсо Расулуллах с.а.в.дын: «Момундардын бири-бирине мээрими, ырайымы жана камкордугу кудум бир дене сыяктуу, ушул дененин бир мүчөсү ооруп калса, калган бардык мүчөлөрү да ушул мүчө үчүн ысытмалап, кам көрүп чыгат» (Сахих Муслим) деген сөздөрүн жана «Момундар бири-бирин сүйөп турган имарат сыяктуу» (Сахих Муслим) деген сөздөрүн унутуп, сенек-шал болгон денеге окшоп кабарларды окуп күзөтүү менен гана чектелип калышууда. Абалыбыз ушундай болгон соң, кудай үчүн айтыӊызчы, бул дененин бардык мүчөсү сыркоолоп, жардамга чакырып жаткан болсо сиз эмне кылып жатасыз? Себеби, ар бир мүчөнүн, ал тургай миллион-миллиондордун бир же бир нече проблемалары болсо, анда эмне болушун бир элестетип көрүӊүз! Мындагы негизги себеп Исламыбыздан жүз үйрүгөнүбүздө, себеби Аллах Таала айтат:

وَمَنْ أَعْرَضَ عَنْ ذِكْرِي فَإِنَّ لَهُ مَعِيشَةً ضَنكًا

Ким Менин эскертмемден жүз үйрүсө, анда, албетте ал үчүн бактысыз жашоо болот“. [20:124]

Үммөттүн ичинде жасалма түрдө пайда кылынган мекенчилдик байламтасы –мусулмандарды бириктире турган жана алардын биримдигин бир дене көрүнүшүнө алып келе турган Исламий боордоштук робитасынын ордуна акысыз түрдө туруп алган жаңыча, Исламий Үммөткө чоочун болгон байламта. Бул мекенчилдик байламтасы себептүү биз чегараларын Британия, АКШ же Россия белгилеп берген мекенден башканы ойлобойбуз. Момундар тээ кыяматка чейин бир денедей  бири-бирине боордош, ага-ини болгондуктан аларга жардам берүүнү шарият катуу талап кылганына карабастан, өзүбүзгө кафирлердин балээси келмейинче башка жерлердеги боордошторубузга эмне болуп жатканы жөнүндө ойлонбойбуз. Кезек бизге келгенде башка жердеги боордошторубуз да кудум ушундай мамиледе болушат. Бизди Исламдан ажыратып, бир бүтүн дене болгон Үммөттү жасалма чегаралар менен бөлүп алышып, каалаганын кылып жатышат.

Үммөт башынан өткөрүп жаткан кризис мусулмандарга куфр мыйзамдары колдонулуп жатканы үчүн уланууда. Ошол себептен да биз кор-зар, алсыз-бечарабыз жана саныбыз миллиарддан ашып кеткенине карабастан, байлыктарын талатып жиберип, паскеч кимселердин дасторконуна мөлтүрөп карап турган жетимдер сыяктуу абалдабыз. Ошондуктан, Рахману Рахим зат бизге өзүнүн төмөнкү сөзүндө эскертет:

يَاأَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِنْ تَنصُرُوا اللَّهَ يَنصُرْكُمْ وَيُثَبِّتْ أَقْدَامَكُمْ

–„ Эй момундар, эгер силер Аллахка жардам берсеңер, Ал Зат да силерге жардам берет жана согуш майданында кадамыңарды бекем кылат “. [47:7]

Аллах Таала дагы мындай дейт:

وَمَا النَّصْرُ إِلاَّ مِنْ عِنْدِ اللَّهِ

–„ Түпкүлүгүндө, жеңиш кудуреттүү жана даанышман Аллах алдынан келет“. [3:126]

Нусрат келишинин бир гана шарты бар. Ал да болсо, Аллахка жардам берүү. Аллахка жардам берүү болсо Ага итаат кылуу менен о.э. Аллахтын китеби жана Расулунун сүннөтү–көрсөтмөлөрү боюнча жашоо менен болот. Алардан (т.а. Китеп жана Сүннөттөн) кыйроого жүздөнгөн кимселер гана адашат, себеби акыйкаттан тайылышыбыз негизибизди таштоо менен о.э. БУУнун жана залимдердин мыйзамдарына таянуу менен жүзөгө чыгат. Мына ушул күндөрдө болуп жаткан иштер кимдин планы? Буларды Россия кылып жатабы же АКШбы? Буларды билгенден эмне өзгөрөт? Россия кылып жатат десек, же АКШнын планы деп айтсак туура табышыбыз мүмкүн, бирок балээ токтойбу? Албетте алар өздөрү кылышпайт, тескерисинче өзүбүздөн чыккан динин, ыйманын жана абийирин саткан чыккынчылар ишке ашырат, наадандар аларды ээрчийт. Аларды билгенден эмне пайда? Эмне кыла алабыз?  Жашообуз кайрадан изине түшүп, тынч-татуу уланат беле? Маал-маалы менен кайталанып жатат, биз эмне кылдык? Түпкүлүгүндө, кимдин иши экенин билүүдөн да максат чечим табуу жана аны ишке ашыруу үчүн олуттуу иштөө эмеспи?

Дагы кайрадан жүрөктөрдөгү тынчсыздануулар башталды… Биз зар-какшап кала беребиз. Кафирлерге өз максаттарына жетүү жолунда биздин кыйналышыбыз, кырылып кетишибиз, ал тургай алардын планын ишке ашыргандардын да өлүп кетиши эч нерсе эмес. Бир жолу иштете турган буюмдай таштап кете беришет. АКШ жана Россия башчылыгындагы жырткычтыктар элдин баарына белгилүү. Биздин акимдерибиз же бийликти алуу үмүтүндө жүргөндөр аларга малайлык кылуудан уялышпайт. Ошондуктан, Аллах Таала бизди мындан эскерткен эле:

وَلَا تَرْكَنُوا إِلَى الَّذِينَ ظَلَمُوا فَتَمَسَّكُمْ النَّارُ

–„Зулум жолун карманган кимселерге берилип кетпегиле. Антпесе силерге тозок оту жетет.  [11:113]

أَلَمْ يَأْنِ لِلَّذِينَ آمَنُوا أَنْ تَخْشَعَ قُلُوبُهُمْ لِذِكْرِ اللَّهِ وَمَا نَزَلَ مِنْ الْحَقِّ وَلَا يَكُونُوا كَالَّذِينَ أُوتُوا الْكِتَابَ مِنْ قَبْلُ فَطَالَ عَلَيْهِمْ الْأَمَدُ فَقَسَتْ قُلُوبُهُمْ وَكَثِيرٌ مِنْهُمْ فَاسِقُونَ

–„Момундар үчүн дилдери Аллахтын зикрине жана түшүрүлгөн акыйкатка майыл болуу (убагы) келбедиби? Мурун китеп берилген, андан соң мөөнөтү узарылганда, жүрөктөрү катып кеткен кимселер сыяктуу болуп калбоо үчүн (убагы келбедиби)? Алардын көпчүлүгү фасыктар!“.   [57:16]

Булар адамзат көркөм жашоого муктаж болуп турган Исламдагы өкүмдөр деӊизинен бир тамчы гана. Дүйнө азыр капиталисттик батыштын отунда күйүп, Исламдын башкарууга кайтышын ынтызардык менен күтүп жатат. Аллах Таала айтат:

هُوَ الَّذِي أَرْسَلَ رَسُولَهُ بِالْهُدَى وَدِينِ الْحَقِّ لِيُظْهِرَهُ عَلَى الدِّينِ كُلِّهِ وَلَوْ كَرِهَ الْمُشْرِكُونَ

– „Аллах Өз пайгамбарын хидаят жана  акыйкат дин менен – мейли мушриктер каалашпаса да – бардык диндерге үстөм кылуу үчүн жиберген Зат“.

Расулуллах (с.а.в) Исламды алып келген учурдан баштап, мусулмандар турмуштун бардык тармагын Ислам нуру негизинде түшүнүшөт эле т.а. Аллах Таала ыраазы боло турган жашоо кандай экенин жакшы элестетип, ар кандай проблемаларды Анын өкүмү менен чечишет эле. Ошондо алар бүтүндөй адамзатка жетекчи жана жол башчы болушту. Бүт дүйнөдө адилеттүүлүктү өкүмдар кылышты.

А бирок, акыркы доорлордо Исламды түшүнүүгө көӊүл бурбай коюшкан соӊ – мейли шаръий өкүмдөрдү толук колдонушкан болсо да – алгачкы жетекчилиги жоголду. Себеби, ар бир доордун аалымдары Үммөткө Исламды алар түшүнө турган кылып баяндап берер эле. Кийинчерээк ижтихад токтотулгандан баштап таклид күчөдү. Исламды түшүнбөй турган болуп калышты. Бирок, жашоосу шаръий өкүмдөр негизинде шайхул исламдар айтып бергендей уланып жаткан болсо да, өз иштерин кандай улантууну билбей калышты, ал тургай шайхтар да жаңы проблемаларга чечим бере албай калышты.

Ошол кезде батышта Ислам мамлекетин “оорулуу киши” деп аташкан эле. Натыйжада куфр Ислам мамлекетин талкалады, элүүдөн ашуун мамлекетчелерге бөлүп, байлыктарын талап-тоношту, жасалма чегараларды белгилеп, бир денени бөлүктөргө бөлүп жиберишти. Эӊ өкүнүчтүүсү, мусулмандарды Исламды түшүнбөй турган абалда сактап туруучу пландарына көндүрүштү, бар болгон күчтөрүн, айла-амалдарын ишке салышты, ал тургай, кээ бир шайх-имамдар да Исламды түшүнүүбүзгө катуу каршылык көрсөтүп жатышат. Исламда ушундай бир күч бар болуп, ал күч аны кабыл алгандарды табигый түрдө бир дене сыяктуу кылат жана кафирлердин аракеттерин жокко чыгарат.

Эми Расулуллах(с.а.в) алып келген жана бүтүндөй адамзат үчүн жетекчи болушубуздун негизи болгон өз Исламыбызды түшүнүүгө жана ага амал кылууга чакырып жаткандарды эл душманына чыгарып жатышат. Аларды камактарга таштап, же саясий басымдар астында Үммөттөн ажыратып жатышат. Ошондуктан, башыбыз балээлерден чыкпай калды. Ким кылгандыгы жаш балага да анык болуп жаткан балээлерден кутулуу чараларын билбей турган бечараларга айландык. Жашообузду болсо, айыкпас жугуштуу оорулар, нерв оорулары, кургакчылык, крисизтер, башаламандыктар каптады… Себеби, бизге чоочун болгон кээ бир сыпаттар эч ким таӊданбай турган адаттагы эле көрүнүшкө айланып калды. Расулуллах(с.а.в) айтат:

«Эй мухажирлер жамааты (т.а. Ислам жүгүн мойнуна алып, Аллахка убада берген жана ушул максатта мекенин таштап кеткендер жамааты), беш сыпат бар болуп, силер ушул сырпаттарга ээ болуп калышыӊардан Аллахтан баанек сураймын:

  1. Кайсы бир коомдо сойкулук ачыкка чыкса ал коомдо ваба жана ата-бабаларында болбогон оорулар пайда болот.
  2. Кайсы коом тараза жана өлчөөдөн уруп калса, алар кургакчылык, катуу алдануу жана султандардын (акидердин) зулумуна дуушар болушат.
  3. Кайсы коом өз малынан зекетти бербесе, асмандан бир тамчы сууга зар болгон. Эгерде жаныбарлар болбогондо таптакыр жамгыр көрүшпөйт эле.
  4. Кайсы коом Аллахтын жана Расулунун убадасын бузса, аларга тышкарыдан бир душман өкүмдар болуп алып, алардын колундагы нерселердин айрымдарын тартып алган.
  5. Имамы (акими) Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылбаса, Аллах алардын кырсык-балээлерин өздөрүнүн арасынан чыгарып коёт».

Албетте Абдуллах ибн Умар риваят кылган Расулуллах с.а.в.дын ушул хадиси кошумча шарх жана баянга муктаж эмес. Себеби, бул хадистин өзү ушул күндөрдөгү мусулмандардын абалын сүрөттөп жатат. Аллахтыкындай күч жана кудурет эч жерде жок.(уландысы бар).

Гариб.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here