Бишкекте диний абалды иликтөө борбору ачылат

263
0

Бишкекте 12- апрель күнү Диний абалды иликтөө борборунун расмий ачылышы болот. Бул тууралуу жаӊы түзүлүп жаткан ушул борбордон билдиришти.

Маалыматка таянсак, борбордун ишмердүүлүгү дин жаатында иликтөөлөргө, билим берүүчүлүккө жана мониторинг иштерине байланыштуу болот, анын жыйынтыктары диний негиздеги жаңжалдарды өз убагында алдын алуу үчүн сунуштарды иштеп чыгууга мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жиберилет.

Ошондой эле, борбор эл аралык диний уюмдар менен активдүү кызматташуу, өлкөдө диний абалды иликтөө, турукташтыруу жана шайкештөө үчүн эксперттик жана жарандык коомчулукту тартуу менен иштейт.

Туркистон:  Бишкекти Батыш колонизаторлору акырындап басып алууда.

Америка Кыргызстанда түстүү революция жасоо үчүн жаңы стратегия иштеп чыкты. Ал стратегия боюнча, бул революция Россиянын учурдагы алсыздыгынан пайдаланып, Кыргызстанды сакафий колония кылып алууга негизделет. Мындан тышкары, өкмөттүн иш жүргүзүү механизмин өзгөртүп, өзүнө туура келе турган жана ыңгайлуу механизмдерге алмаштырып алуудан турат. Булардын эӊ көрүнүктүүсү – диний абал жана ага таасир өткөрүү үчүн сунуш берүүчү борборлорду көбөйтүү жана алардын мамлекеттик түзүмдөргө болгон таасирин күчөтүү иштери.

 Акыркы кездерде Россия өзүнүн ички проблемаларынан колу бошобой  жаткандыктан, кол астындагы мамлекеттерге карата геосаясий мамилелерге кайдыгер болуп барууда. Мындай абал АКШ үчүн ыңгайлуу учур болуп, ал революцияны тынч жана жаӊжалдарсыз ишке ашырууну көздөп жатат. Россия Кыргызстанда Украинадагыдай каршылык көрсөтпөшү мүмкүн. Себеби көрүп турганыбыздай, Россия Украинаны кол астынан чыгарып жибергени аз келгенсип, өтө жаман позицияда калды жана шерменде болуп жеӊилди. Мындан тышкары, Россияда 2016-жылы өтө күчтүү экономикалык кризис болушу күтүлүп жатат. Дагы буга кошумча катары Россия ички жана тышкы дүйнөлүк саясий институттарынан дээрлик ажырап болду. Путин режиминин пикирий кубаты болсо өтө эле алсыз.

АКШда болсо, “Брукингс институту” сыяктуу саясий жана стратегиялык кеӊештерди берип жаткан дүйнөдөгү эң күчтүү институттар бар. Алар Кыргызстандагы да, башка региондордогу да абалдарды АКШнын кызыкчылыгына моюн сундуруу үчүн тынымсыз кызмат көрсөтүп келе жатышат.

Ушулардын бири жогорудагы сыяктуу сунуштарды берүү борборун түзүү болуп, алар биздин мамлекетибизде диний абалды өз кызыкчылыктарына ылайык келе турган тарапка багыттап алышат. АКШ Кыргызстан мусулмандарын бир нече бөлүктөргө бөлүп жиберүүнү көздөп жатат. Ал “муътадил ислам” деген аталышта бир тайпа мусулмандарды борборлоштуруп, алардын колу менен Ислам жана мусулмандарга о.э. исламий үрп-адат жана баалуулуктарга каршы күрөш жүргүзүү механизмин Кыргызстанда да калыптандырат.

Мындан тышкары, кырдаалга карай исламий согушкер топтор пайда болушу үчүн да шарт жана мүмкүнчүлүктөрдү пайда кылышы мүмкүн. Афганистан, Ирак, Сирия… сыяктуу өлкөлөрдүн дээрлик бардыгында ушундай абалдарга күбө болуп жатабыз. АКШ бул өлкөлөрдө алгач исламий аталган бирер күчтү пайда кылып, алардын күчү менен бул өлкөдөгү өзүнө ыӊгайсыз болгон күчтөрдү кууп чыгарып алат. Андан соӊ бул исламий топторду жоготууу үчүн бүт дүйнөнү бутка тургузуп, дүйнөлүк коалиция түзөт.

Кыргызстан мусулмандарын эскертебиз!!!

Куфрдун айла амалдары көп. Алардын кээ бирлери башында бизге пайдалуу болуп көрүнөт. Кээде алар биздин исламий кызыкчылыктарыбызды коомубузда калыптандырууга жардам берип жаткандай болуп көрүнүшөт. Исламий билим берүүчү мекемелерди куруп беришет же исламий үрп-адаттарыбызды кайрадан калыптандырып, “ЮНЕСКО” сыяктуу уюмдар аркылуу колдоп-кубатташат. Бирок, бул арзыбаган аракеттери менен мусулмандардын бир тайпасын өзүнө тартып алып, алардын катышуусу жана түздөн-түз аракеттери менен калган мусулмандарга каршы куфр армиясын түзүүгө аракет кылышат.

Адашып кетпешибиз жана ыйманыбыдан ажырап калбашыбыз үчүн бир негизги эрежеге бекем жабышып алышыбыз о.э. Аллах Тааланын:

Яхудий жана насранийлер алардын динине кирмейинче эч качан сенден ыраазы болушпайт...” [2:120]

деген аятына бекем ишенип, кандай болгон күндө да куфр тарапта туруп калуудан этият болушубуз керек.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here