Иордания ушул күндөрдө… Аксаны 55 камеранын жардамында күзөтүп баштайт!!!
Жекшемби күнү Иорданиянын Вакфтар, исламий маселелер жана ыйык жерлер боюнча министри Хайл Давуддун билдиришинче, жакынкы күндөрдө Куддустагы Акса мечитине 55 көзөмөл камерасы орнотулат. Мындан «Израилдин» Аксадагы мыйзам бузууларын жана бастырып кирүүлөрүн далилдөө максаты көздөлгөн.
Иордания министрлиги чыгарган билдирүүдө Хайл Давуд «Бул камералар бир сааттын ичинде мечиттин бардык жерин көзөмөлдөй алышын жана камералардын бардыгы Хашимийлер демөөрчүлүгүндөгү Куддус Вакф бөлүмүнө караштуу» экенин кошумча кылды.
Анын баса белгилешинче, «камералардын орнотулушу Иорданияга саясий жана дипломатиялык жактан жардам берет, керек болсо, израилдиктер тарабынан Куддуси шариф мечитине карата мыйзам бузуу жүз берген учурда эл аралык мыйзамга кайрылуу үчүн мыйзамдык жактан да пайда берет». Хайл Давуд: «Камералар ыйык жерлер жана ыйык кишилерди коргоого кызмат кылат, алардын аракеттерин күзөтүүгө эмес», – деп билдирди. (Sky News Arabia).
Роя гезитинин 2016-жыл, 23-марттагы 70-санынан