“Интерфакс” маалымат агенттиги кабар беришинче, 2-апрелге өткөн түнү Тоолуу Карабахта Азербайжан-Армения чатагы дагы жаӊыланды. Кабар берилишинче, армениялык аскерлер тарабынан Азербайжан вертолёту атып түшүрүлгөн жана ошондон кийин ага жооп иретинде каршылаш тараптан артиллериялык соккулар берилген.
Армения коргоо министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Арцун Ованисян фейсбуктагы баракчасында жарыя кылышынча, азербайжандыктар чабуулга өтүшкөн жана эки мамлекеттин ортосундагы чатактарга себеп болуучу Тоолуу Карабах аймагында аскерий аракеттер башталган.
Ал Азербайжан тараптан Армениядагы карапайым калк жашаган чекиттерге о.э. аскерий бөлүктөргө артиллериялык соккулар берилип жатканын баса белгилеген.
Анын билдиришинче, Армения армиясы каршы чабуулга өтүүгө мажбур болгон.
“Эки жактан жоготуулар бар. Азербайжан тараптын жоготуулары көбүрөөк, алардагы аскерий техникаларга зыян жеткен жана бир вертолёт жок кылынган”,- деди Ованисян.
Өз кезегинде расмий Баку бул маалыматтарды четке кагып, армяндардын кезектеги жалганы деп атады. Азербайжан коргоо министрлигинин эсеби боюнча, 2-апрелге өткөн түнү Армения аскерлери чегара тартибин 127 жолу бузуп ок аткан. Министрликтин кабар беришинче, вертолёт атып түшүрүлгөнү туурасындагы кабар да жалган.
Туркистон:
Колонизатор мамлекеттер бирер регионго кирип келүү үчүн же таасири жоголуп кетишинин алдын алуу үчүн колдоно турган белгилүү ыкмалардын бири ошол мамлекетте улуттар аралык же диндер аралык чатакты пайда кылуу. Мурдагы Советтер Союзу да кыйроого жүздөнүп, жок болуп кетиши анык боло баштаганда өмүрүн бир аз болсо да узртуу үмүтүндө жана кол астындагы республикалар эгемендүүлүктү дааба кылышынын алдын алуу ниетинде бул жерлерде аскерий аралашуусун күчөтүүүгө киришкен. Бул максатын ишке ашыруу үчүн болсо кол астындагы мамлекеттерде улуттар аралык жаӊжал козгой баштаган.
1989-жылдын жай мезгилинде Өзбекстанда өзбек-түрк, 1990-жылы Кыргызстанда кыргыз-өзбек жаӊжалдарын пайды кылганы сыяктуу эле Кавказда азер-армян карама-каршылыгын пайда кылган. Тоолуу Карабах 1988-жылы орус өкмөтүнүн колдоосу жана чакырыгы натыйжасында Азербайжандын курамынан чыкканын жарыя кылгандан кийин эки мамлекеттин ортосунда башталган жаӊжал бүгүнкү күнгө чейин уланып келүүдө. Расмий кабарларга ылайык, Тоолуу Карабах кризиси 30 миӊден ашуун адамдын өмүрүн алган.