21 жаштагы палестиналык Абдулфаттах аш-Шарифти башына атып өлтүргөн Израиль аскеринин ишин карап чыккан судья подполковник Ронан Шор: “Мыйзамсыз ок атуу боюнча шеек-күмөндөр бар, бирок жетиштүү далилдер жок”, – деп өкүм чыгарды. Палестиналыкты өлтүргөн аскердин камак мөөнөтүн узартуу туурасындагы прокурордун талабы четке кагылды. Прокурор кылмышкердин камак мөөнөтүн болгону 9 күнгө гана узартууну талап кылган болчу.
Израилдин маалымат каражаттарында орун алган кабарларга ылайык, мамлекеттин түштүгүндөгү Касит аскердик сотунда ишти карап чыккан судья канкорду сод залынан бошотуу жөнүндө токтом чыгарган. Кылмышкердин кылмышын тастыктоочу видеоматериалдар далил катары кабыл алынбаган. Жараланган палестиналыкты Израиль аскери башка атып өлтүргөнү тартылган видеоматериал “Youtube” порталында да таркатылган эле. Бул видео коомчулуктун арасында нааразылык күчөшүнө себеп болуп жатканы айтылууда.
Өткөн бейшемби күнү израилдик аскерге бычак саймакчы болду деген дааба менен 21 жаштагы палестиналык Абдулфаттах аш-Шарифке Израиль аскери тарабынан ок атылган эле. Окуядан бир нече саат өткөндөн кийин Израиль аскери жарадар абалда жерде жаткан Абдулфаттах аш-Шарифти башка атып өлтүргөндүгү видео камерага түшүп калган.
Жерде жаткан палестиналыктын башына ок атып өлтүргөн Израиль аскери жөнүндөгү маалыматтарды жашыруун кармоо туурасындагы чечим күчүндө калтырылган. Соттук жараян уланып жаткан учурда соттун алдына чогулган экстремал оӊ-канаттын он чакты тарапкерлери канкордун эркиндикке чыгарылышын талап кылып турушкан.
Бириккен Улуттар Уюму жарадар палестиналыкты атып өлтүрүүнү ахлаксыз жана адилетсиз иш катары баалап, сындоо менен чектелди. Канкор яхудий болсо күзөтүү камерасынын астында кылмыш кылганына карабастан, “жетиштүү далилдер жоктугу” себептүү айыпсыз деп жарыя кылынды.