Зариф: Иран-Түркия кызматташтыгы регионалдык кризистерди чечүүдө натыйжалуу жана пайдалуу

271
0

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф ишемби күнү Стамбулда Түркия президенти Режеп Таййиб Эрдоган менен жолугушуусу учурунда Иран-Түркия кызматташтыгы регионалдык кризистерди чечүүдө натыйжалуу жана пайдалуу экенин билдирди.

Ирандын «Ирна» маалымат агенттиги кабар беришинче, Зариф «жаңы кырдаалдар» деп аталып жаткан кырдаалда эки мамлекет ортосунда эң абзел алакаларды орнотууга чакырды, «оор кырдаалдарда» достук мамиле керектигин баса белгиледи.

Зариф Түркия Иран үчүн «өтө маанилүү кошуна болуп, ирандык жооптуулар Түркия менен болуучу мамилелерге өзгөчө көӊүл бурушун» билдирди. Тегеран менен Анкара мазхабдар аралык жакындыкта жакшы үлгүгө айланышы мүмкүн экендигин кошумча кылды.

Өз кезегинде, Эрдоган да Түркия-Иран ортосундагы эки тараптуу мамилелер эки мамлекеттин кызыкчылыктарына эле эмес, региондун тынчтыгы жана туруктуулугуна да кызмат кылышын баса белгиледи. (Россия Сегодня).

Роя гезитинин комментарийи:

Эгерде Түркия жана Иран акимдери чындап эле жакшылык жана таква үстүндө кызматташканда, анда Зарифтин Иран-Түркия кызматташтыгы регионалдык кризистерди чечүүдө натыйжалуу жана пайдалуу деген сөзү маанилүү болот эле. Бирок, алар күнөө жана душмандык үстүндө кызматташып, кафирлердин пландарын аткарып жатышат… Зариф «оор кырдаалдар» жөнүндө сөз кылды. Акыры, мусулмандарды ушундай оор оор кырдаалдарга дуушар кылган ким, Иран жана Түркия сыяктуу мамлекеттердин акимдери эмеспи? Анткени, алар саясаттарын өз элинин пайдасына эмес, тескерисинче алардын зыянына жүргүзүп жатышат го. Себеби, алардын бул саясаттарынын рычагы мусулмандарга душман болгон мамлекеттердин колунда!

Роя гезитинин 2016-жыл, 23-марттагы 70-санынан

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here