ААЛЫМДАРДЫН УНЧУКПАЙ ТУРУШУ КУФРДУ ЫРААЗЫ КЫЛБАЙТ

328
0

بســـــم الله الرحمن الرحيم

Дүйнөдөгү бардык балээлердин себепкери – демократия. Анын вакиъсин элестетишиӊиз үчүн түшүндүрүүгө аракет кыламын. Биздин мамлекетте президенттин сөзүн айтмакчы болгон адамга: “Унчукпа, анын сөзүн сүйлөбө! Сүйлөсөӊ кылмышкер болосун”, – деген адамды ким деп ойлойсуз? Анын буйруктарын, чыгарган токтомдорун өзгөртүүгө мажбурлап жаткандардычы? Аларга кулак салган жана алардын көрсөтмөлөрү боюнча президенттин буйруктарын өзгөртүп, ал чыгарган токтомдорду жашырып, анын ордуна башка сөздөрдү анын буйруктары деп өзүнө ишенген, үйүнүн төрүнөн орун берип, кой союп коноктогон жакындарын алдап жаткан адамды ким деп ойлойсуз? Душмандар менен тил бирктирип, алардын пайдасына болуп жатканын билип туруп, алардын талабы боюнча болуп жатканын түшүнүп туруп кылышсачы?

Ушул сыяктуу эле, Аллах Тааланын асманы астында дем алып, жеринде жашап, жараткан неъматтарынан пайдаланып туруп, анын аяттарын айтмакчы болгондорду: “Унчукпа, Аллахты жашообузга, саясатыбызга, экономикабызга же социалдык иштерибизге аралаштырба! Ибадатыӊды мечиттерде кыла бер, сага ким каршылык кылып жатат? Тескерисинче кылмышкер болосун”, – деп “мыйзам чыгаргандарды” жана аны туура деп билип, анын негизинде иш алып барып жаткандарды элестетип көрсөӊүз, чыныгы кылмышкер ким экенин билесиз. Айрыкча, күн сайын беш маал намазда 32 жолу Аллах Тааланын алдында туруп: “… Сага гана кулдук кыламын, Сенден гана жардам сураймын…” [1:5.] деп сөз берген адамдар, анын аяттарына каршы иш алып барышын кандай түшүнүүгө болот?

Туура, муну көпчүлүк түшүнбөйт, ошондуктан алардын ушул күнгө чейин билбеген нерселери туурасында жоопкер болбостугун Аллах Таала баян кылып берген. А бирок, пенделикти өз ордуна коюшубуз үчүн ар бир иште шаръий өкүмүн билбесек, билгендерден суроого да буйруган, Аллах Таала айтат:

مَنْ اهْتَدَى فَإِنَّمَا يَهْتَدِي لِنَفْسِهِ وَمَنْ ضَلَّ فَإِنَّمَا يَضِلُّ عَلَيْهَا وَلَا تَزِرُ وَازِرَةٌ وِزْرَ أُخْرَى وَمَا كُنَّا مُعَذِّبِينَ حَتَّى نَبْعَثَ رَسُولًا

“Ким хидаят жолуна жүрсө, демек, өзү үчүн жүрөт. Ким (хидаят) жолунан адашса, ал да өз зыянына адашат. Эч бир көтөрүүчү (т.а. күнөөкөр жан) башка жандын жүгүн (күнөөсүн) көтөрбөйт. Биз тээ бирер пайгамбар жибермейинче (ал аркылуу Өзүбүздүн буйруктарыбызды жиберип, ага моюн сунуудан баш тартышмайынча, бирер адамды) азаптоочу эмеспиз”. [17:15]

 “Эй Мухаммад), Биз сенден мурун да адамдарды гана Өзүбүз вахий жиберген абалда пайгамбар кылганбыз. Эгер өзүңөр билбей турган болсоңор, ахли зикрден сурагыла!” [16:43]

Демек, биз ар бир иште шаръий өкүмдөргө амал кылышыбыз керек жана муну мужтахиддерден алабыз, себеби, Аллах Таала проблемаларыбызды Куран жана хадистен келип чыккан өкүмдөр менен гана чечүүнү талап кылууда:

فَإِنْ تَنَازَعْتُمْ فِي شَيْءٍ فَرُدُّوهُ إِلَى اللَّهِ وَالرَّسُولِ إِنْ كُنتُمْ تُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ

  • Эгер кандайдыр бир нерсе жөнүндө талашып калсаңар – эгер чынында эле Аллахка жана Акырет күнүнө ишенсеңер – ал нерсени Аллахка жана пайгамбарына кайтаргыла! [4:59]

Расулуллах (с.а.в)дан кийин шаръий өкүмдөрдү мужтахиддердин сахих ижтихаддарынан гана билүүгө болот. Аалымдардын милдети ушул өкүмдөрдү чынчылдык менен баян кылуу. Эгерде биз чындап эле Аллахка ишенсек, анда Ал айткан сөзгө 100 пайыз моюн сунушубуз керек. Ушул орунда сахабалардын аяттарга кандай ишенгендиги туурасында бир окуяны келтиремин. Ал мындайча болгон эле, күндөрдүн биринде Али (р.а) көчөдө бара жатып, артынан бир адам ээрчип жатканын сезип калды жана жолун бир аз улантып, аны күзөтүп келе жатканына көзү жеткен соӊ, токтоп артына карады. Аны күзөтүп келе жаткан бир яхудий кыз эле. Ошондо Али (р.а) андан: Эмне үчүн мени ээрчип келе жатасын, – деп сурады. Ал кыз: Мен сизди жактырамын, сиздин артыӊыздан жүрүп ырахат аламын, – деп жооп берди.  Али (р.а.): Сен чын сүйлөйсүӊбү, же Аллахпы? – деп сурады. Т.а. жалганчы экенин өз оозу менен далилдөөнү максат кылды. Суроого көӊүл буруӊуз: Сен чын сүйлөйсүӊбү, же Аллахпы?… Ал кыз: Албетте, Аллах чын сүйлөөчү, – деп жооп берди. Ошондо Али (р.а):  Аллах Таала:

وَلَنْ تَرْضَى عَنْكَ الْيَهُودُ وَلَا النَّصَارَى حَتَّى تَتَّبِعَ مِلَّتَهُمْ

Яхудий жана насранийлер алардын динине кирмейинче эч качан сенден ыраазы болушпайт...”. [2:120] деп жатат. Демек, сен жалган сүйлөп жатасын, сен мени жактырбайсын, – деди. Ошондо тиги кыз: Чындыгында мен жалган сүйлөдүм. Мен сени өтө жаман көрөмүн. Сени жек-көрүшүмдүн чеги жок. Сени өлтүрүүнү аябай каалайт элем, бирок сен күчтүү, эр жүрөк адамсын. Бул нерсе колумдан келбейт. Артыӊдан жүрүшүмдүн себеби, сенин көлөкөӊ түшкөн жерлерди болсо да тебелеп, аз болсо да напсимди тынчтандырып жатам, – деп жалган сүйлөп жатканын моюнга алган.

Аллахтын таалиматтарынан туура пайдалансак, ар кандай адамдын акылына жараша акыйкатты баян кылуу мүмкүнчүлүгү бар. Ошондуктан, биз да сахабалар сыяктуу ар бир иште Аллах Тааланын буйруктарына кулак салалы, ошондо алданбайбыз.

Ал эми өзүн бардык нерсени билүүчү кылып көрсөтүп, турмуш изден чыгып кеткендигин, Аллах Тааланын буйруктары өз ордуна коюлбай жатканын же мусулмандардын оор абалын көзүнө илбей турган о.э. өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарбай турган кимселерди Аллах Таала Куранда китеп жүктөлгөн эшек деп сыпаттаган. Аллах Таала айтат:

مَثَلُ الَّذِينَ حُمِّلُوا التَّوْرَاةَ ثُمَّ لَمْ يَحْمِلُوهَا كَمَثَلِ الْحِمَارِ يَحْمِلُ أَسْفَارًا بِئْسَ مَثَلُ الْقَوْمِ الَّذِينَ كَذَّبُوا بِآيَاتِ اللَّهِ

وَاللَّهُ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الظَّالِمِينَ

“Тоорот жүктөлгөн-берилген, андан соӊ аны көтөрө албаган (т.а. анын көрсөтмөлөрүнө баш ийбеген) кимселердин мисалы кудум китептерди көтөрүп бара жаткан эшекке окшойт (т.а. анын оордугунан чарчап-чаалыгышат, бирок, ал Китептин ичиндеги нерселерден пайдаланышпайт). Аллахтын аяттарын жалган деген коомдун мисалы канчалык жаман. Аллах мындай залим коомду хидаят кылбайт!”  [62:5]

Аалымдар кыянат кылышса мунун акыбети өтө кооптуу. Ушундай мааниде Расулуллах(с.а.в):

«Эки тайпа адамдар бар болуп, эгерде алар түзөлүп оӊолушса, адамдар да оӊолушат. Эгерде алар бузулушса, адамдар да бузулушат. Алар уламалар жана амирлер», – деген.

Бухарий Абдуллах ибн Умардан риваят кылышынча, Расулуллах (с.а.в):

“Эсиӊерде болсун, ар бириӊер жетекчисиӊер жана ар бириӊер өз раиятыӊардан жоопкерсиӊер. Адамдарга башчы болгон имам жетекчи жана ал өз раиятынан жоопкер…” – деген. Дагы:

«Этибарын Аллахтан башкага караткан абалда таӊ атырган адам Аллахтан эмес. Мусулмандардын ишине маани бербеген абалда таӊ атырган адам мусулмандардан эмес», – деген.

Бизди ушул абалга демократтар алып келди. Мен да сиздерге Али (р.а) яхудий кызга берген суроону бермекчимин: Айткылачы, демократтар туура сүйлөйбү же Аллах Таалабы? Субханаллах. (уландысы бар).

Гариб.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here