Кыргызстандын аскерий делегациясы Москвага барат

248
0

 Башкы штабдын маалымат кызматы билдиришинче, Кыргызстан куралдуу күчтөрүнүн делегациясы 29-марттан 1-апрелге чейин жумушчу сапар менен Москвада болот.

 Кабарга ылайык, делегация курамында коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Марат Кенжесариев, Башкы штаб төрагасынын орун басары Нурлан Чомоев  жана башка адамдар бар.

 Сапардын алкагында кыргызстандык делегация Россиянын аскердик-техникалык жардам боюнча кызматташуу Федералдык кызматынын жана РФнын Башкы штабынын жетекчиси Валерий Герасимов менен жолугушуп, аскерий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү, аскерий-техникалык жардам жеткирип берүү жана Россиянын Кыргызстандагы аскерий базасынын ишмердүүлүгү боюнча сүйлөшүүлөр болот.

 Расмий кабарларга ылайык, Кыргызстандын аймагындагы беш аскерий имаратты Россия ижарага алып иштетет. Алар: Кант шаарында жайгашкан аскерий база, Каракол шаарындагы торпедону сыноодон өткөрүүчү борбор, Кара-Балта шаарындагы №338-аскерий-деӊиз флоту “Марево” байланыш борбору (Прометей станциясы), Ысык-Көл областынын Ичке-Суу посёлкасындагы коммуникация борбору жана Жалал-Абад областынын Майлуу-Суу шаарында жайгашкан сейсмология станциясы.

Туркистон: 

Кыргыз бийлиги Өзбекстандын 18-марттагы аскерий жүрүшүнөн коркуп кеткен окшойт. Эмнеси болгондо да, Россия ушул окуядан пайдаланып эскирген аскерий техникаларын кымбат баада кыргыз армиясына өткөрүп жиберүүнү пландаштырат. Балким Атамбаев Москвага жардам сурап барган учурда ушул иш-чаралар тууралуу келишип алышкан болушу мүмкүн.

Атамбаев Москвада ЖККУнун кезексиз жыйынын чакыртып, жыйында өзү катышып келгенге чейин бир да билдирүү бербеди. ЖККУнун жыйынында да аскерий аралашуу жөнүндө бирер келишим болбоду. Бирок, Атамбаев ал жерден кайтып келиши менен маалымат каражаттарына кеӊири жана ачык билдирүү берди.

Демек, келишим Путиндин өзү менен түзүлдү. Өзбекстандын Кыргызстанга карата зомбулугун да ортомчулук кылып чечип берүүнү Путин өз мойнуна алган окшойт. Өзбекстан аскерий баскынчылыгын бир күндө токтотту.Өзбекстандын аскерий баскынчылык аракеттери Россия үчүн бир катар пайдаларды алып келди. Ал Кыргызстандагы кадамдарын бир аз болсо да бекемдеп алат.

Кыргыз бийлиги үчүн да, оппозициялык кыймылдарды бир топ артка чегиндирип алууда, улутчул аракеттерди бир аз калыпка салып коюуда о.э. алар улуттар аралык жаӊжал чыгаруу үчүн пайда кылып жаткан шарттарды жокко чыгарып жиберүүдө пайдалуу болду. Эсиӊиздерде болсо, Атамбаев Ошко сапары учурунда кыргыз улутунун Кыргызстандагы башка улуттарга карата мамилесин бир аз сындаган эле.

Россия Кыргызстанда мамлекеттик төӊкөрүш анын ыктыяры жана башчылыгы астында гана болушу мүмкүн экендигин көрсөтүп койду. Өзбекстан болсо, 2010-жылдагы окуялар дагы кайталанышы болгон абалды жөнгө салып алды. Ал кыргыз элитасын да, өкмөтүн да, улутчул кыймылдарды да коркута алды. Өзбекстан ушундай аскерий жүрүшүн каалаган убакта эч кимден сурабастан кайталашы мүмкүн экендигин көрсөтүп койду.

Эми Кыргызстандын үстүндө болуп өткөн иштерди жөнгө салуу үчүн аралашуулардын төлөмдөрү төлөнөт. Алардын бирине жер берилет, башкасына кен байлыктарыбыз, аскерий аралашуулар болот, кыскасы ар бир иштин төлөмү бар. Бирок, бул төлөмдөр бийликти сактап калуу үчүн болгону менен, жумшалып жаткан байлыктар элдики. Россия дагы өзүнүн мөөнөтү өтүп кеткен курал-жарактарын бизге акчага өткөрмөкчү болот. Буга да ыраазы болуп, дагы карызга батабыз.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here