Женевадагы Сирия сүйлөшүүлөрү жараяны

299
0

 Ахмад Хатваний калемине таандык

2016-жыл, 14-март күнү Женевада Сирия сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги раунду башталды. Сүйлөшүүнү БУУнун Сириядагы өкүлү Стеффан де Мистуранын өзү ар тараптуу башкарып турду, күн тартибин да ал өзү белгиледи. Мистуранын билдиришинче, жыйындын жарыясын “ыйык китеп” катары баалоого болот. Анын айтымында, түздөн-түз сүйлөшүүлөр кечикпестен биринчи болуп келген делегация менен белгиленген убакта башталат. Сүйлөшүүлөрдөгү эң маанилүү күн дүйшөмбү болуп, бул күнү бир нече маселе, айрыкча эң маанилүү үч маселе каралат. Т.а. бардык тараптарды жамдоочу, кеӊири камтуучу жаңы өкмөт түзүү, жаңы конституция иштеп чыгуу о.э. 2016-жыл, 14-марттагы сүйлөшүүлөр башталган күндөн тартып, сегиз айдын ичинде БУУнун көзөмөлү астында президенттик жана парламенттик шайлоолорду өткөрүү маселеси.

Башар Асад өкмөтү да о.э. сүйлөшүүлөр жогорку комитетинде өз көрүнүшүн тапкан расмий оппозиция да келүүгө ыраазылык билдирди. Делегациялар Женевага шашылышты. Оппозициялык делегациянын төрагасы Асъад Заъбий менен Жайшул Исламдын саясий жооптуусу «башкы сүйлөшүүчү» Мухаммад Аллуш Женевага жетип келгенден кийин сүйлөшүүлөрдө катышууга даярдык көрүлгөн абалда экөөнүн сүрөттөрү жарыя кылынды.

Адаттагыдай эле, сүйлөшүүдөн кийин жана мурда эки тараптын ортосунда кайым айтышуулар болуп өттү. Мисалы, ишемби күнү аср убагында өткөрүлгөн маалымат жыйынында Башар режиминин тышкы иштер министри Валид Муаллим: «Женевага барганыбызда ким менен сүйлөшүүбүз керектигин билбедим. Биздин делегация 24 саат күтөт, эч кимди таба албай турган болсо, артка кайтып келе берет жана ийгиликсиздиктин жоопкерчилиги экинчи тараптын мойнуна түшөт», – деди. Муаллим дагы де Мистуранын сүйлөшүү жараяны башталышынан мурда жарыя кылынган шарттарын четке кагып: «БУУнун Сириядагы атайын өкүлү Стеффан де Мистуранын жыйындын күн тартибин белгилөөгө акысы жок. Бул нерсе эки сүйлөшүүчү тараптын келишүүсүнө ылайык белгиленүүчү нерсе. Себеби, сүйлөшүү негизинен Сирияга гана тиешелүү жана ал Сириянын жетекчилигинде болот», – деди.

Өз кезегинде, Сирия оппозициясын чагылдыруучу делегациянын жетекчиси Асъад Заъбий да мындай сөздөрдү айтты: «Толук аткаруу ыйгарым-укугуна ээ болгон, ошону менен бирге, республика президентинин ыйгарым-укуктарына да ээ болгон өткөөл мезгил өкмөтү комитетин түзүү сүйлөшүү жараянынын негизи болуп эсептелет». Дагы: «Коопсуздук Кеңешинин №2254-токтомунун 12-13-беренелери дагы деле чала бойдон калууда. Эгерде Асад сүйлөшүү жөнүндө олуттуу айтып жаткан болсо, анда камактагыларды бошотсун», деди. О.э. дагы кошумчалап: «Асад режими жана анын жарчылары Сирияда Башар Асад режиминин тагдыры тууралуу сөз кылуудан мурда, сириялыктардын тагдыры жана аларды куткаруу жөнүндө сөз кылсын», – деди. «Башкы сүйлөшүүчү» деп аталып жаткан  Мухаммад Аллуш да: «Валид Муаллимдин маалымат жыйынындагы сөзүн уктук… Бул сөзү сүйлөшүү туурасында анын олуттуу эместигине ишара кылууда», «Биз Женевага Башар Асадсыз башкаруу болушу жана ошол жерде өткөөл мезгил комитетин түзүү максатында келгенбиз», – деди. Сүйлөшүүчү тараптар массалык маалымат каражаттары аркылуу да кайым айтышууну улантышты. Мисалы, Муаллим: «Өкмөт эч кимдин президенттик даражасы жөнүндө талкуулашуусуна жол бербейт… Бул позиция кызыл сызык болуп эсептелет жана Сирия калкынын гана мүлкү», – деп эскертти. Ага раддия катары Сирия оппозициялык комитетинин басма сөз катчысы Мунзир Мохус: «Менимче, Женева жыйынына зыян жетип жатат жана бул нерсе ачык көрүнүп турат… Муаллим бул жыйынды баштала элегинде токтотуп коюуда», – деди.

Бирок, оппозиция делегациясынын да, режим делегациясынын да де Мистура билдирүүсүнө нааразылык билдиришине о.э. бүт сүйлөшүү мухитин камтып алган кайым айтышууларга карабастан, де Мистура башында жарыя кылган өзүнүн позициясын баса белгилөөдөн калбады жана «президенттик жана парламенттик шайлоолор Сирияда, БУУнун көзөмөлү астында он сегиз айдын ичинде болуп өтөт» деди. О.э. «шайлоолор өткөрүлө турган анык убакыт дүйшөмбү күнү Женевада болуп өтүшү күтүлүп жаткан сүйлөшүүлөр столунда белгиленишин» баса белгиледи.

Андан соӊ 14-март менен 24-марттын ортосунда Женева жыйынында белгиленген тынчтык сүйлөшүүлөрү үч маселеге токтолушуна дагы кайрадан түшүндүрмө берип, бардык тараптарды жамдоочу жана кеӊири камтуучу жаңы өкмөт түзүлөт, жаңы конституция иштелип чыгат, 2016-жыл, 14-марттагы сүйлөшүүлөр башталгандан тартып, он сегиз айдын ичинде БУУнун көзөмөлү астында президенттик жана парламенттик шайлоолор өткөрүлөт деп баса белгиледи.

Де Мистура «сүйлөшүүлөрдүн биринчи баскычында жок эле дегенде биринчи маселеде болсо да, алдыга жылуудан үмүттөнүп жатканын, бул биринчи маселе болсо бардык тараптарды жамдоочу жана кеңири камтуучу жаңы өкмөт түзүү маселеси экенин» баса белгиледи.

Де Мистура сүйлөшүүнүн бул раундунан кийин бир аптадан он күнгө чейин пауза болушуна жана кийин сүйлөшүүлөр кайрадан уланышына көӊүлдү бурду, сүйлөшүүлөр режим өкүлдөрү менен оппозиция өкүлдөрү башка-башка залдарда отурган абалда өткөрүлүшүн билдирди.

Чындыгында, Америка Россия менен келишкен абалда, алда качан эле сүйлөшүүнүн ушул раундуна чөйрө даярдаган. Американын тышкы иштер министри Жон Керри Женева сүйлөшүүлөрү жаатында алдыга жылууга чакырып: «Мындан эки апта мурда аскерий операцияларды токтотуу башталгандан бери зомбулук сезиле турган даражада артка чегинди», –  деди. Ал Саудия сапары аякташынын алдында: «Көрүнүшүнөн, 27-февралда башталган кезектеги ок атууну токтотуу келишими изге түшүп, зомбулук операциялары да 90 %га азайган окшойт», – деди. Керри ок атууну токтотуу келишими бузулуп жатканы боюнча Сирия оппозициясынын арызданууларына жооп иретинде: «Кошмо Штаттар жана Россия бул арыздарды үйрөнүү үчүн ишемби күнү Иорданиянын борбору Амманга чогулушат», – деди.

Ошентип, сүйлөшүү жараяны бекемделгенине о.э. эми сүйлөшүүчүлөр аны ишке ашыруудан кача албай турган болушканына күбө болуп жатабыз. Америка де Мистураны сүйлөшүүнүн башчысы кылып койду. Ал көздөгөн максатына жетишүү үчүн сүйлөшүү жараянын анык жана тыкан пландаштырылган жол менен алып кете турган болду.

Туура, тараптардын кайым айтышуулары, айрым сунушталгандардын – координациялык комитеттин төрагасы Хайсам Манно сыяктуу – ага баруудан өзүн алып качышы сыяктуу, сүйлөшүү аракетин артка тарта турган иштер да болуп жатат. Ушул аркылуу сүйлөшүү өз жолунан тайылышы жана максатынан кечигиши да мүмкүн. Бирок, сүйлөшүү планын түзгөн мамлекеттердин көз карашына ылайык, сүйлөшүү башталды, пайдубалы орнотулду жана аягы белгиленди, ушулардын өзү анын ийгилигин камсыздоо жана максатына алып баруу үчүн жетиштүү болот.

Бирок, бул ийгилик – ишке ашкан күндө да – Сирия калкынын каалоосун чагылдырбайт. Себеби, түпкүлүгүндө козголоңду ошолор башташты, тогут Башар Асад режимин бүт арканы, символу жана салтанаты менен кошо кулатып таштоого ошолор козголушту. Бул сүйлөшүү болсо бүгүн ушул режимдин бекемделишине жана жүзү чырайлуу кылып көрсөтүлүшүнө, жок эле дегенде, ушул канкор режим башкаруусунда кызматташууга салым кошууда. Бул кызматташтыкты ишке ашыруу үчүн режимдин мамлекетине, коопсуздук кызматына жана армиясына бир аз жамак салуу, боёп көрсөтүү керек болот. Мына ошондо кудум бүгүнкү режимге окшогон дагы бир жаңы режим иштелип чыккан болот. А бирок, бул жаңы режим ал тургай сүйлөшүүчүлөрдүн өздөрүнүн каалоолорунун бир кичине бөлүгүн да канааттандыра албайт.

Бул сүйлөшүү ал тургай тогуттун жана анын айрым жардамчыларынын кетиши менен аяктаган күндө да, режимдин мурдагы пайдубалдары сакталып кала берет, Америка жана Үммөт душмандарына көз каранды болуу дагы да күчөйт. Арийне, ушундай сүйлөшүү себептүү козголоң да кыйроого учурайт…

Бирок, чыныгы козголоңчулар мындай сүйлөшүү баткагына эч качан тартылышпайт, Американын жалган убадаларына да, анын өкүлү де Мистуранын «ыйык китебине» да эч качан алданышпайт, козголоң эч качан токтобойт… Алар канкор режим таянычтарын талкалап, бүтүндөй жок кылмайынча жана анын кыйрандыларынын үстүнө чыныгы исламий вужудду курмайынча куралдарын ташташпайт. Ошондон кийин сүйлөшүүчүлөрдүн ушунча желип-жортуп ишке ашырган сүйлөшүү раунддары шамалга учуп  кетет, алардын «чырайлуу» арзуулары да, кожоюндарынын шайтаний ниеттери да чаӊ сыяктуу жоголуп кетет.

Роя гезитинин 2016-жыл, 16марттагы 69-санынан

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here