Ливан эл аралык саясатчылардын балкасы менен регионалдык жана жергиликтүү малайлардын дөшүсү ортосунда

314
0

Ливан эл аралык саясатчылардын балкасы менен регионалдык жана жергиликтүү малайлардын дөшүсү ортосунда

Саъдуддин Харирий атасынын өлтүрүлгөнүн эскерип 2016-жылы 14-февралда Ливанга кайтышы менен окуялар ылдамдап кетти. Аныгы, Саудия 2016-жылы 19-февралда Ливан армиясын жана коопсуздук күчтөрүн куралдантуу үчүн берип жаткан жардамдарынын калган бөлүгүн бекер кылууну жарыялады. Саудия муну менен гана чектелбестен, Ливанга каражат жаткырууларга чек коюу үчүн финансылык жаатта да чараларды көрдү. Мындай кескиндикке Ливандын позициясы себеп болду. Т.а. Араб Мамлекеттери Лигасынын тышкы иштер министрлеринин 2016-жылы 10-январда Каирде өткөрүлгөн саммитинде Сирия маселеси, Иран жана анын Ливандагы Хизбине карата Ливандын позициясы «арабий биримдикке» тескери келди. Бул саммит Ирандагы Саудия элчилигине жана консулдугуна Саудия шейх Нимр ан-Нимрди өлтүргөнү себептүү кыжырданган демонстранттар тарабынан чабуул кылынгандан кийин өткөрүлдү…

Ливандагы абалды ушул окуялардан жана региондогу жаңы позициялардан бөлүп түшүнүү мүмкүн эмес, айрыкча, Саудиядагы өкүмдар үй-бүлөдөгү Америкага малай канаттын өкүлү король Салман ибн Абдулазиз бийликти өз колуна алгандан бери Саудия тарабынан билдирилип жаткан позициялардан бөлүп түшүнүү мүмкүн эмес. Салмандын бийликти өз колуна алышы Американы шыктандырып, аны Яман вазыйпасын ага (Салманга) тапшырууга үндөдү. Азыр болсо Америка Салманды түрдүү аталыштарда Шам козголоңунун маселесинде ишке салып жатат. Максат – Американын бул региондогу саясатын ишке ашыруу. Америка Иран жана анын малайларын да ишке салган, дагы эле ишке салууда. Америка өзүнүн бул региондогу саясатын ишке ашыруу вазыйпасын ушул эки тарапка бөлүштүрүп берүүдө. Иран режими жана Саудия режими тышынан бири-бирине каршылаштардай көрүнүп жаткан болсо да, түпкүлүгүндө, бул эки режим – Американын жүгүртөктөрү. Америка Шам козголоңун жок кылуу планына Россияны да ишке салды. Минтип ролдордун Саудия менен Иран ортосунда бөлүштүрүлүшүнүн, аныгы, бул эки режимдин биргеликте роль ойношунун натыйжаларынын бири – Ливанда Иран Хизби менен Мустакбал агымы ортосунда байма-бай диалогдор өткөрүлдү. Бул эки топтун ортосунда маалымат каражаттарындагы курулай, болбогур тартышууларына карабастан, ушул эки топтун ортосунда – Салам өкмөтү түзүлгөндөн тартып – Шам козголоңунун Ливандагы колдоочуларын репрессия кылуу жана козголоңго кошулган региондордун кайратын бастыруу боюнча кызматташтык жүзөгө келди.

Ошентип, Саъудуддин Харирий өлкө президенттигине Башардын Ливандагы кадырлуу досу жана америкалыктардын Ливандагы ишенимдүү адамдарынын бири Сулайман Фаранжияны талапкер кылып көрсөттү. Бул болсо, Саудия менен Иран ортосундагы чыр жасалма экенин жана экөөсү биргеликте Америка планын аткарып жатканын тастыктап турат! Ливандагы саясатчылардын жеке кызыкчылыктар жана чет элге көз карандылык негизине курулган табиятынын уландысы жана тастыгы катары Ливан күчтөрү партиясынын төрагасы Самир Жаъжаъ – ал Фаранжиянын касташкан душманы – Авндын президенттикке талапкердигин колдоп-кубаттоону карманууда. Муну менен Самир Жаъжаъ тышынан караганда Харирийдики, түпкүлүгүндө болсо, Америкага таандык ушул демилгеге тоскоолдук кылмакчы болуп жатат. Ошондуктан, Кошмо Штаттар жаңы кадамга өтүүдө, ал аркылуу Ливандагы президенттик маселесиндеги бекем катып калган түзүлүштү сындырмакчы. Бул кадам Харирий 14-февралда келишине туура келүүдө. Натыйжада, Ливандагы абал курчуп, жумуш таштоолор, козголоң көтөрүү менен коркутуулар, элчиликтер менен тынымсыз байланышуулар, жыйындарды өткөрүү, кошоматчылык кылуулар башталды.

Абалды курчутуу, фракцияларга басым өткөрүүчү саясий жана коопсуздукка тиешелүү абалды пайда кылуу – Американын саясаты, анын Ливандагы саясатынын ыкмаларынын бири болуп келди. Буга Ливан 2008-жылы башынан өткөргөн курч абал эң жаркын мисал болот. Ошол убакта Америка кырдаалды жарылуу абалына алып келди. Бул жарылуу Иран Хизби Бейрутка 7-май окуялары деген нерсе боюнча курал-жарагы менен кирип келишинде көрүндү. Максат – фракцияларды Дохада чогултуу жана Мишел Сулаймандын өлкө президенти болушуна мажбурлоо. Ошол убактагы ушунча конституциялык тоскоолдуктарга карабастан ушундай болду!

Мына бүгүн Америка дагы Ливандагы абалды өзүнүн адамдары аркылуу, Саудия жана Ирандын Ливандагы адамдары аркылуу – саясий жактан, ыктымал коопсуздук жактан да – курчутуу ыкмасына кайтууда. Максат – бардык фракцияларга басым өткөрүп, аларды Америка ылайык көргөн өлкө президентин шайлоо багытын карманууга мажбурлоо. Булардын баары Шам козголоңу маселесинде Американын, анын союздаштарынын жана малайларынын аракетине байланыштуу. Ыктымал регионду, алардын катарында, Ливан режимин кайрадан түзүү маселеси да алардын аракетине байланыштуу…

Эй Ливан калкы, Франция пайда кылган, андан кийин Британия, кийин Кошмо Штаттар мурас кылып алган бул режимдин ийгиликсиздикке учураганын өз көзүңөр менен  көрүп турасыңар. Америка өз кезегинде ондогон жылдар аралыгында бул режимди Асад үй-бүлөсүнүн ыктыярына тапшырып келди. Кийин Америка бул режимдин ишин ушул малайларынан кийин Иранга тапшырды. Америка иштерине каршы козголоң көтөргөн Исламий Үммөткө каршы күрөшүүдө Америка ушундай жолду карманды. Ичимдик суусунан тартып электр энергия жана азык-түлүктү камтыган иштерди башкарууда ата-бабасынан мурас калган бул ийгиликсиздик мамлекетти, өзгөчө, борбор Бейрутту таштандыга чөктүрдү. Таштанды чечилиши кыйын болгон проблемага айланды. Акыйкатта болсо, ал дүйнөдөгү мамлекеттерде башкаруунун эң жөнөкөй жана эң жеңил тармактарынын бири. Мына, Ливан адамдар рак оорусуна эң көп чалдыккан мамлекеттердин катарына кирди!

Эй Ливан калкы, ушул саясатчылардан мамлекет проблемаларына чекит коюуну дале күтүп жатасыңарбы?! Деги, алар ири мамлекеттердин каалоолорун жана бул ири мамлекеттерге көз каранды режимдердин каалоолорун жүзөгө чыгаруу үчүн ишке салынган жүгүртөк куралдардан башка нерсе эмес го? Бул малайлар өз кызматтарын жана арттырган байлыктарын сактап калуу үчүн силердин каныңарды жана малыңарды сатып жиберишет. Силер эң кеминде кыла турган ишиңер – бул малайларды чечим сөздүгүнөн өчүрүп, кулатышыңар. Көчөңөрдө да, шайлоо кутуларында да бул малайларга урмат көрсөтпөгүлө. Антпесе, алардын кыйроого жетектеген иштеринде, мамлекетти талап-тоноодо, эл аралык жана регионалдык тогуттардын тил бириктирүүлөрүнө моюн сундурууда аларга шерик болуп каласыңар. Силер бул малайлар, алардын аталары жана кожоюндары алып келген жамандыкты аларга таянып жок кылабыз деп ойлобогула!

Эй Ливан калкы, этибарыңарды Шам өлкөсүнө жана анда жүз берип жаткан тарыхий өзгөрүүгө караткыла. Бул өзгөрүү ушундай бир даражада жеттиң дейсиң, душманыңар ага каршы бардык күчтөрдү топтошту. Шам өлкөсү – силердин чыныгы келечегиңер, өздүгүңөр жана терең тарыхка кирип барган тамырыңар. Силер анын чегараларынын коргоочуларысыңар. Ошондуктан, Шам өлкөсүндө жакшылык жетилсе, силер анын жакшылыгынан пайдаланасыңар. Силер «Сайкс-Пико» жана «Гуро» пайда кылган режимдерден эч бир жакшылык көрбөдүңөр, тескерисинче, жалаң гана жамандык көрдүңөр. Ошондой болгон соң, бул жакшылыкты эч качан колдон чыгарбагыла. Себеби, Расулуллах Aдын хадисинде айтылгандай, силердин өлкөңөр – Шам өлкөсү – ушундай бир өлкө, эгер анда жакшылык жок болсо, башка өлкөлөрдө жакшылык болбойт..

Хизб-ут-Тахрир силердин араңарда иш алып барууда, силер аны жакшы тааныйсыңар жана ал да силерди жакшы тааныйт. Хизб Аллахтан Өзүнүн тез нусраты менен Пайгабарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөөгө жардам берип ырайым көрсөтүшүн жалбарып сурап жатат. Халифалык өлкөлөрдү жана пенделерди бириктирет, бул өлкөлөрдүн колонизатор Батышка көз каранды болушуна чекит коёт. Ошондо үлгүлүү саясатчылар себептүү Ливан жана башка өлкөлөр кайра дагы жакшылык, нур, адилеттик жана бейпилдик имаратына айланат, Батышка да, Чыгышка да көз каранды болушпайт. Алар силердин ишиңерди Аллах Азза ва Жалла силер үчүн каалагандай жана ыраазы болгондой башкарууга аракет кылышат.

 

Хизб-ут-Тахрир        Ливан вилаяты

19-жумадул-аввал, 1437-х.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here