Эл аралык амнистия уюму Өзбекстандагы кыйноолорго каршы кампания баштады

248
0

Эл аралык Амнистия уюму Өзбекстандагы Таштүрмө жана Жаслик камактарында о.э. Улуттук коопсуздук кызматынын  подвлалдарында кыйноолор үзгүлтүксүз болуп келе жаткандыгы жөнүндө отчёт сунуштады. Бул уюм кыйноолор негизинен Хизб ут-Тахрир уюмунун мүчөлөрүнө карата колдонулуп жатканына көӊүлдү буруп, Өзбекстан камактарындагы кыйноолорго каршы кампания башталгандыгын да жарыя кылды.

Амнистия уюму Каримов режими колдонгон басым өткөрүү жана адамгерчиликке туура келбеген мамилелер боюнча жарыя кылган отчётунда, Өзбекстанда камакка алынгандарга карата колдонулган оор кыйноолор, айбандык мамилелер проблемасын ачыктоо жөнүндө талкуу жүргүзөт. Уюмдун билдиришинче, кыйноолордун эӊ көбү Ташкенттеги Таштүрмөдө, Каракалпакстан автономиялуу республикасында эгемендүүлүк жылдары курулуп, мусулмандардын камак лагери катары таанылган Жаслик камагында о.э. Өзбекстан Улуттук коопсуздук кызматынын подвалдарында колдонулат. (Башка камактардагы кыйноолор деле булардан калышпайт).

Эл аралык амнистия уюмунун отчётунда: “Бул камактардагы кыйноолор эң тажрыйбалуу укук коргоочуларды да таӊ калтырат”, – деп айтылат.

Амнистия уюму өзү баштаган кампаниянын алкагында укук коргоочулардын жана алардын тарапкерлеринин атынан Өзбекстан камактарына: “Биз бул жерде ишке ашырылган кыйноолорду билебиз жана бул зулумду тезинен токтотушуӊарды талап кылабыз”, – деген мааниде кат жиберүүнү талап кылды.

Хизб ут-Тахрир – Өзбекстан басма сөз бөлүмү Каримов режиминин кылмыштарын бир нече жылдардан бери ачыктап келет. Анын акыркы билдирүүлөрүнүн бири болгон “Өзбекстан канкорунун колунда шахиддер кербени токтобой жатат” деген билдирүүсүндө жалпысынан мындай деп келген.

“Наваий шаарындагы «УЯ 64/46» колониясы мусулман туткундарды өлгөнчө кыйноого салуу менен белгилүү болгон. Бул камактын администрациясы ыплас максаттарын ишке ашыруууда башка кылмышкер туткундардан пайдаланат, мусулман туткундарды кыйноого салуу анын максаттарынын бири. Ушул таризде боордошубуз Махмуджан камакта узак жылдар бою кыйноолор, кордоолор, материалдык жана моралдык басымдар астында жатты… ошентип шахид болду. Биз аны ушундай деп эсептейбиз, бирок, эч кимди күнөөдөн таза деп Аллахка айтпайбыз.

2016-жылы 3-февраль күнү Махмуджан Хасановдун үй-бүлөсү боордошубуздун пакиза денесин кабыл алышты… Анын денесинде ырайымсыз кыйноо издери жаркын көрүнүп турган. Каримов режими өзүнүн кылмыштарына адамдар күбө болуп калбашы үчүн Махмуджандын денесин түндөсү алып келишип, туугандарын да, досторун да кабардар кылбай тезинен жерге берүүнү буюрушту. Шахиддин үй-бүлөсү анын денесин он чакты милиция кызматкерлеринин күзөтүүсү астында жерге беришти…”.

Булак: “Dünya Bülteni”

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here