Өзбекстан талаштуу аймактан аскерлерин чыгарып кетти

306
0

  Өкмөт башчынын басма сөз кызматкери Бакыт Асановдун кабар беришинче, Мамлекеттик Чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшөмбиев президент Алмазбек Атамбаев жана премьер-министр Темир Сариевге Өзбекстан Аксы районундагы Чаласарт аймагынан аскерлерин толук чыгарып кеткени тууралуу маалымат берди.

 25-март күнү Өзбекстандын демилгеси менен “Кызыл-Кыя автожолу” өткөрмө бекетинде Кыргызстан чегара кызматынын төрагасы Дуйшөнбиев менен Өзбекстан улуттук коопсуздук кызматына караштуу чегара комитетинин башчысы Рустам Эминжонов ортосунда жолугушуу болуп өткөн эле. Бул жолугушуудан кийин, 26-март күнү Өзбекстан талаштуу аймактан аскерлерин чыгарып кетти. Кыргызстан расмийлери Өзбекстан эч кандай шарт койбогондугун жана Кыргызстан да эч кандай милдетти моюнга албагандыгын билдиришти.

Ко-ош, ошону менен проблема чечилдиби? Албетте, жок! Себеби, Кыргызстан үчүн да, Өзбекстан үчүн да “оорулуу чекит” болгон чегара проблемасы мурдагы Советтер Союзунан мураска калган. Кудайсыз коммунисттер өкмөтү байыртадан бир Үммөт болгон, дини бир, базары жана мазары бир болуп, тууган-урук жана куда-сөөк болуп келген Борбор Азия элдерин башкаруу жеӊил болушу үчүн аларды беш республикага бөлүп, алардын ортосуна жасалма чегараларды тартып чыккан жана бул республикаларды ар дайым өз таасири астында кармап туруу үчүн аларды бири-бирине бекем байланыштуу кылып койгон. Айыл чарбасына негизделген жана негизги эгини пахта болгон Өзбекстанга зарыл болгон суу сактагычтарды жана жер астындагы газ сактоочу кампаларды Кыргызстан аймагында, Кыргызстанда иштелип чыккан электр энергиясын бөлүштүрүү борборун болсо Өзбекстан аймагына жайгаштырып, булардын үстүнөн катуу көзөмөл орноткон. Мейли, Советтер доорунда чегара болгону символдук маанини гана түшүндүргөн болсо да, бир Үммөт өкүлдөрүн кыргыз, өзбек, казак, тажик жана түркмөн кылып бөлүп чыккан жана аларды негизги байламтасы болгон Ислам акыйдасынан бүтүндөй үзүп таштоого катуу көӊүл бурган.

 Жаратуучуну четке кагуу негизине курулган СССР кыйроого жүздөнүп, бул республикалар “эгемендүулүккө” жетишкенден кийин бийликке келген акимдер да өз орундарын сактап калууда СССРден мурас болуп калган улутчулдук жана мекенчилдик пикирлеринен кеӊири пайдаланып, ар бир республика өзүнчө “улуттук идеология” жана “улуттук идея” иштеп чыгуу аркылуу бир Үммөт ортосундагы кудайсыз түзүмдөн калган жараканы жасалма түрдө кеӊейтип келе жатышат. Мындан болсо карапайым калк зыян тартып жатат.

 Мындай бөлүнүү жана улутчулдуктан болсо куфр мамлекеттери өздөрү үчүн керек болгон учурда натыйжалуу пайдаланып калышы мүмкүн. Кечээ күнү болуп өткөн кыргыз-өзбек чегарасындагы окуя да Өзбекстан өкмөтү өз алдынча чече турган иштерден эмес. Ал үчүн АКШ же Россиянын уруксаты, же болбосо, жок эле дегенде сүкүт сактап турушу зарыл болот.Куфр мамлекеттери болсо өздөрүнө керек болгон учурда ал же бул республикага басым өткөрүүдө жана аларды өзү каалаган тарапка жүрүүгө мажбурлоодо чегара жана башка проблемалардан пайдаланышат.

 Борбор Азия регионунда жашап жаткан мусулмандар Россия же АКШдан жардам күтүүнүн ордуна ата-бабаларыбыздын башын бириктирип баскынчыларга каршы күрөшүүгө үндөгөн Ислам дини негизинде биригип мындай куфр түзүмүн ыргытып жибермейинче, бул сыяктуу жетекчи куфр мамлекеттердин колунда оюнчук болуп кала беребиз.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here