Атамбаев менен Бордюжа терроризмге каршы күрөшүү маселесин талкуулашты

313
0

 Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлагандай, 26-февраль күнү президентАлмазбек Атамбаев ЖККУнун башкы катчысы Николай Бордюжаны кабыл алды.

Жолугушууда ЖККУнун азыркы ишмердүүлүгү жана аймактык коопсуздук маселесинде кызматташтыктын келечектеги маанилүү милдеттери боюнча пикир алмашышты. О.э. эл аралык терроризм жана экстремизмге каршы биргеликте күрөшүүнүн маанилүү маселелерин талкуулашты.

 Мындан тышкары, Николай Бордюжа Кыргызстан Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы Жаныбек Капаров менен да жолугушту.

 Башкы штабдын маалымат кызматы билдиргендей, Бордюжа менен Капаров ЖККУ күчтөрүн оперативдүү жана согуштук  жактан даярдоо боюнча ишке ашырылган чаралар о.э. аскерий кадрларды даярдоо жана тынчтыкты сактоо ишмердүүлүгүн өнүктүрүүдөгү жетишкендиктерди айтып өтүштү.

Туркистон:

Борбор Азия аймагы, ошону менен бирге Кыргызстан да дүйнөдөгү колонизатор мамлекеттер үчүн таасир талашуучу чекитке айланып барууда. АКШ Борбор Азияны саясий жана экономикалык жактан көз каранды кылып алууга көбүрөөк көӊүл буруп жаткан болсо, ал эми Россия аскерий тараптан таасирин орнотууга умтулууда.

 Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев өткөн жылдын аягында Москвада Путин менен жолугушуп кайткандан кийин Россия Камбар-Ата- 1 жана Жогорку Нарын ГЭС каскаддарын кура албастыгы себептүү келишим жокко чыгарылышы жөнүндө билдирип, өкмөт да бул келишимди жокко чыгарган эле. Кыргызстан өкмөтүнүн бул токтомунан кийин Россия убада кылынган аскерий техникалардын бир бөлүгүн тездик менен жеткирип берди жана Путин баш болгон орус расмийлери Борбор Азия террорчулар бутасында тургандыгы жөнүндө билдирүүлөрдү бере башташты.

 Жогорку Кеӊештин спикери Асилбек Жээнбеков жана премьер-министр Темир Сариев АКШ элчиси Шейла Гуолтни менен жолугушуп, АКШ менен бузулган өкмөттөр аралык келишимди кайрадан тикелөөгө аракеттенип калышы менен Россия дароо аскерий адамдарын ишке салып бүгүнкү күндө “маанилүү” болгон терроризмге каршы күрөшүү маселесин көтөрө баштады.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here