Ас-Сиси: Олуттуу айтып жатам, жок кыламын, этият болгула!

266
0

2013-жылы мамлекеттик төӊкөрүш аркылуу бийликке келген Мисир президенти Абдул Фаттах ас-Сиси өкмөткө каратылган сындар мамлекеттин жашоосун коркунучка кептеп жаткандыгын билдирди. Мисир дуушар болуп жаткан проблемалардан кабардар экендигин да айтып өткөн ас-Сиси Мисир калкы жалаӊ гана өзүнө кулак салышы керектигин баса белгиледи.

Мамлекеттик телевидение аркылуу эки саат бою үзгүлтүксүз коомчулукка кайрылган Мисир президенти учурдагы өкмөттү кулатууга аракет кылмакчы болгон ар кандай кишини дүйнө жүзүнөн жок кыла тургандыгын айтып коркутту. Ал-Арабия телеканалынын билдиришинче, ас-Сиси элге кайрылып жатканда, анын ачуулуу экендиги күзөтүлгөн.

“Сураныч, менден башка эч кимге кулак салбагыла, аябай олуттуу айтып жатам, этият болгула. Эч ким менин сабыр-такаатым жана токтоолугумдан пайдаланып бийликти кулатууга аракет кылбасын. Аллахтын атына касам ичип айтамын, андай кылууга аракет кылган ар кандай адамды жер бетинен жок кыламын, бүтүндөй Мисир калкы муну билип койсун”, – деди Мисирдин президенти.

Абдул Фаттах ас-Сиси Мисирде демократия жок деп айтпастыгын, бирок сындоолор жана кээ бир өкмөт мүчөлөрүн кызматынан алуу сыяктуу демократиялык көрүнүштөр үчүн азырынча эрте экендигин баса белгиледи.

“А бирок, муну менен демократия жок деп айтпаймын. Болгону биз демократияны кыйын шарттарда ишке ашырып жатабыз. Ошол себептен улам, келгиле, мамлекетибизди коргойлу”, – деди ас-Сиси.

Акыркы кездерде Мисир бийлиги адам укуктарын тебелөө, мамлекеттик экономиканын изден чыгышы туурасындагы сындарга бута болуп жатат.

“Euronews” маалымат агенттиги таркаткан кабарларда: “Саясий туруктуулук сакталбаган Мисирде экономикалык кризистин таасири күндөн-күнгө күчөп жатат. Улуттук валютанын АКШ долларына карата кунсузданышы себептүү жакыр жана ортоӊку катмардагы адамдардын жашоосу оорлошуп барууда. Мисир өкмөтүнүн экономикалык кризистин алдын алуу үчүн кылган аракеттери ийгиликтүү болбоду”, –  деп айтылат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here