Шам калкын Муътасим гана куткарат!

303
0

Шам калкын элин жана динин саткан акимдер, кулдарча сүйлөшүү алып баруучулар эмес, тескерисинче аларга жардам берүүчү жаңы Муътасим гана куткарат!

Акыркы кездерде маалымат каражаттарындагы кеп-сөздөр негизинен Сирияга кургактык күчтөрүн жиберүүгө даярдык көрүү жөнүндө болуп калды. Катардын тышкы иштер министри Мухаммад ибн Абдуррахман Али Саний 2016-жыл, 14 февралда: «Ислам Мамлекети уюмуна каршы согушуу үчүн Сирияга кургактык күчтөрүн эл аралык коалициянын алкагында жиберүү өтө зарыл болуп калды», – деди. Саудия коргоо министри мекемесиндеги кеңешчи генерал Ахмад Усайрий болсо Саудиянын «Арабийя» каналына өткөн аптада берген интервьюларында өзүнүн мамлекети «Ислам Мамлекети уюмуна» каршы кургактык операцияларында катышууга даяр экендигин билдирди.

Сирияга кургактык күчтөрүн эл аралык коалиция алкагында жиберүү Америка планын ишке ашыруу экендиги белгилүү болуп калды. Бул планда мусулмандардын акимдери катышууда. Ушунча жылдардан бери бул акимдердин козголоңду жок кылуу үчүн Батыш долбоору боюнча аракет кылып келе жатканы бизге жакшы белгилүү. Саудия акимдери демөөрчүлүгүндө өткөрүлгөн Эр-Рияд конференциясы – канкор Башарды чечимдин бир бөлүгү кылууга жана анын кылмышкер режими менен жүргүзүлө турган сүйлөшүүлөргө мыйзамдуу түс берүүгө, аныгыраагы, ичкеридеги топтор тарабынан мыйзамдуу түс берилишине болгон аракет экендигине эң жаркын далил болот. Максат, ичкеридеги бул топторду Америка планында катыштыруу же жок эле дегенде аларды Америка чечимине каршы туруучу ар бир топту «терроризмге каршы согуш» деген шылтоо менен жок кылууда бейтарап кылып, бир четте көрүүчү болуп тура турган кылып коюу. Муну Керринин өзү ачык айтты. Демек, Саудия, Түркия жана Катардын козголоңго жардам берүүгө өтө кызыкдар экендигин жар салуулары жана бул жар салуудан кийин Түркиянын күрттөр жашаган аймактарды бомбалаганы көз боёмочулук кылып, алдоодон башка нерсе эмес. Сүйлөшүүлөрдөн мурда аскерий басым өткөрүү болсо төмөнкү эки максатты ишке ашыруу үчүн: Биринчиси: режимди жеӊиштерге жеткирүү ага сүйлөшүүлөрдө позициясын күчөтүшүнө жардам берет. Экинчиси: аймактарды үзүп коюу жана курчоого алуу. Бул абал адамдарга алар чегинүүнү кабыл алышы үчүн актоочу шылтоону пайда кылат жана калыс козголоңчуларды – алар Америка тыгыштыра турган ар кандай чечимди кабыл алууга мажбур болуп калышы үчүн – алсыратат.

Эй мубарак Шам жериндеги мусулмандар, белгилүү болгондой, мусулмандар өлкөлөрүндөгү акимдер кафир Батыштын жана анын башчысы Американын буйруктарын аткара турган жүгүртөк малайлар. Муну сиздерге мубарак Шам козголоңу ачып таштады. Бул акимдердин малайлыгы алардын силерге жардам берүүдөн коркушу, силерге каршы кылынып жаткан кылмыштарга унчукпай сүкүт сактап тура бериши жана Америка планы боюнча карышма-карыш аракет кылып жатышканы аркылуу ачылып калды. Ошондуктан, бул малайлардан өтө этият болуу керек, алар менен кызматташуу эмес, тескерисинче аларга карата душмандык мамиледе болуу керек. Эң алгач бул малайларды отоо чөп сыяктуу жулуп, ыргытып жиберүүгө аракет кылуу керек. Себеби, бул малайлар бар болуп тура берген соӊ мусулмандардын эч бир иши таптакыр оӊолбойт. Ошондуктан, бул малай акимдерден Аллах ыраазы боло турган же мусулмандардын канын, ар-намысын жана берген курмандыктарын сактап кала турган бирер чечимди күтпөгүлө. Топтордун Аллахтын арканынан бекем жабышуусу гана жана рошид Халифалык долбоорунун айланасында нусрат ээлери катары биригүүсү гана силерди азап-кыйынчылыктардан куткарат. Халифалык шейиттер каны жана мусулмандардын ар-намыстары үчүн албетте өч алат. Ушундай болгон соӊ, топтордун командачылары болгон перзенттериӊердин колунан кармагыла, алар кафир Батыш жана анын малайлары менен бириктирип турган бардык аркандарды кыркып, үзүп таштасын, бир гана Аллахтын бекем арканына жабышсын жана ошондон кийин Дамасктагы жыландын башын жанчып таштасын, бул режим кыйрандылары үстүндө Аллахтын өкүмүн орнотушсун. Ушуну жакшы билип койгула, үмүт бир гана Аллахтан. Нусрат-жардам бир гана Анын алдынан келет. Ал кандай гана жакшы мавла жана кандай гана жакшы жардамчы.

Аллах Таала айтат:

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِنْ تَنْصُرُوا اللَّهَ يَنْصُرْكُمْ وَيُثَبِّتْ أَقْدَامَكُمْ * وَالَّذِينَ كَفَرُوا فَتَعْسًا لَهُمْ وَأَضَلَّ أَعْمَالَهُمْ﴾

«Эй момундар, эгер силер Аллахка жардам берсеңер, Ал Зат да силерге жардам берет жана согуш майданында  кадамыңарды бекем, туруктуу кылат. Кафир болгон кимселерге болсо кыйроо болот жана (Аллах) алардын иш-амалдарын бекер кылат»  [47:7-8] 0hizb

Хизб ут-Тахрир-Сирия вилаятынын басма сөз бөлүмү

 Skype: TahrirSyria

Электрондук почта: media@tahrir-syria.infoahmadabdalwahab2@gmail.com

Сирия вилаятынын расмий сайты: www.tahrir-syria.info

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here