НАТО Ливияда «ИШИМ»ге каршы күрөшүү үчүн ал жерде өкмөт түзүлүшүн күтүүдө

247
0

5-февраль жума күнү НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг НАТО Ливияда террористтик ИШИМ уюмуна каршы күрөштү колдоп-кубаттоого даяр экендигин, бирок, бул нерсе улуттук биримдик өкмөтү түзүлгөндөн кийин гана ишке аша тургандыгын билдирди.

Столтенберг Европа Союзу мамлекеттеринин коргоо министрлери конференцияга чогулган учурда: «Биз Ливиядагы кырдаалды жакындан күзөтүп жатабыз. Бул болсо, саясий чечимдин маанилүү экендигин о.э. ок атууну токтотуу жана улуттук биримдик өкмөтүн түзүү зарыл экендигин көрсөтүп турат. Дал ушул нерсе ИШИМ уюмуна каршы күрөшүү мүмкүнчүлүгүн берет», – деди.

Андан соӊ кошумчалап: «НАТО бул маселеде, айрыкча өлкөдө жаңы күчтүү мекемелерди калыптандырууда Ливияга жардам берүүгө даяр. Бирок, бул улуттук биримдик өкмөтүнөн өлкөдө жаңы кырдаалды талап кылат», – деди. (Россия сегодня).

Роя гезитинин комментарийи:

Акыркы кездерде, батыштык жооптуулардын Ливияда «улуттук биримдик өкмөтүн» түзүүнү талап кылып жатышканы о.э. муну Батыштын терроризмге каршы күрөш чүмбөтү астында Ливия иштерине аралашуу үчүн зарыл болгон бир кадам катары көрүп жатышканы күзөтүлүүдө. Белгилүү болгондой, Америка менен Британия жана Франция жетекчилигиндеги Европа мамлекеттери ортосунда Ливияда өкмөт түзүү боюнча келишпестиктер бар. Себеби, Америка “өкмөт түзүүгө байланыштуу сунуштар менин кызыкчылыгым боюнча кетпей жатат” деп билүүдө. О.э. ушул мамлекеттер ортосунда аскерий аралашуу жана андагы максаттар туурасында да келишпестик бар. Америка: «ИШИМ уюмунун» коркунучу күчөп барууда, – деген нерсени шылтоолоп, өкмөт түзүү темасынан көӊүлдү бурмакчы болуп жатат жана ушул аркылуу Ливияга карата аскерий аралашууга чөйрө даярдап жатат. «Рейтер» маалымат агенттиги америкалык жооптуулардын: «Кошмо Штаттар Ливияга карата аскерий тандоолорду иштеп чыгууда жана бул тандоолор президент Барак Обама менен анын коопсуздук маселелери боюнча жардамчылары ортосунда талкууланды. А бирок, бирер тыянакка келишпеди», – деген сөздөрүн жарыя кылды. Жооптуулардын айтымында, бул тандоолор арасында авиа соккуларды ишке ашыруу, атайын күчтөрдү жайгаштыруу жана Ливия коопсуздук күчтөрүнө машыгууларды үйрөтүү сыяктуу иштер бар. Ошол себептен улам өкмөт түзүү темасы менен аскерий аралашуу темасы ушул мамлекеттер ортосундагы күрөштүн бир бөлүгү болуп эсептелет…

Роя гезитинин 2016-жыл, 10–февралдагы 64-санынан

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here