Кыргызстан Россиянын Борбор Азиядагы ишенимдүү өнөктөшү

150
0

 Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова маалымат жыйынында Кыргызстан Россиянын Борбор Азиядагы эң маанилүү жана ишенимдүү өнөктөштөрүнүн бири экендигин айтып өттү.

 Анын айтымында, Москва Бишкек менен түрдүү тармактарда кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана учурдагы алакаларды бекемдөөгө кызыкдар.

 Захарова: “Мамлекеттер ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк бекемделип барууда. Албетте, биз Бишкектин бул багыттагы иш-аракеттерин жогору баалайбыз. Кыргызстанды Борбор Азия аймагындагы ишенимдүү өнөктөшүбүз катары көрөбүз жана аны менен мындан кийин да өнөктөштүктү бекемдөөнү улантабыз. Биз пайда боло турган маселелерди, эгерде ушундай маселе же проблемалар пайда боло турган болсо, өз ара түшүнүшүү негизинде карап чыгабыз”, – деди.

Туркистон: Кыргызстан өкмөтүнүн Россияга болгон ишеними күндөн-күнгө жоголуп бара жатканы белгилүү боло баштады. Мунун алгачкы көрүнүшү 2015-жыл, 21-декабрда Москвада болуп өткөн ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйынынан кийин белгилүү болду. Ошол жыйында Путин менен жолугушуп келген Атамбаев 24-декабрь күнү жыл жыйынтыгы боюнча өткөргөн маалымат жыйынында Россия Камбар-Ата -1 жана Жогорку Нарын ГЭС каскаддарын куруу боюнча келишимдеги милдеттерин аткаруудан баш тартып жатканын, ошол себептен да Путинге “Капа болбогула, бирок биз башка өнөктөш издешибиз керек” деп ачык айткандыгын билдирген болчу.

 Атамбаевдин бул билдирүүсүнөн кийин Кыргызстан өкмөтү 31-декабрь күнү Камбар-Ата -1 жана Жогорку Нарын ГЭС каскаддарын куруу жана эксплуатация кылуу боюнча Россия менен түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу туурасында токтом кабыл алды. Буга Россия азыркы экономикалык абалында ири долбоорлорду финансылык жактан камсыздай албастыгы негизги себеп катары көрсөтүлдү.

 10-февралга келип болсо Кыргызстан 2015-жылдын 20-августунан баштап бир тараптуу жокко чыгарылган өкмөттөр аралык кызматташтык келишимин кайрадан тикелөө аракетине түшүп калды. Ушул күнү Жогорку Кеӊештин спикери Асилбек Жээнбеков АКШнын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтни менен жолугушуп, өкмөттөр аралык келишимди кайрадан тикелөөгө келишип алды.

Кыргызстандын бул аракеттери Россиянын көз жаздымында калып жаткан жок. Россия Кыргызстанды эле эмес, мурдагы СССРдин колониясы болгон Борбор Азия республикаларын өзүнүн эгинзары катары көрөт. Бул аймакта таасирин сактап калуу үчүн ар кандай жийиркеничтүү иштерди кылуудан да кайра тартпайт. Захарованын бүгүнкү билдирүүсү да ушуга ишара кылып жатат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here