Казакстан парламентинин төмөнкү палатасына шайлоо алдындагы үгүт кампаниясы башталды

253
0

Казакстан парламентинин төмөнкү палатасы – Мажилиске депутаттарды шайлоо боюнча саясий партиялардын шайлоо алдындагы үгүт кампаниясы башталууда. Мамлекетте катталган жети партиянын алтоосу Мажилисте орунга ээ болуу үчүн күрөшөт. Булар: “Нур Отан”, Казакстан коммунисттик элдик партиясы, “Ак жол” демократиялык партиясы, “Бирлик”партиясы, Жалпы улуттук социал-демократиялык партия жана “Ауыл” партиясы

Партиялардын тизмесиндеги талапкерлердин жалпы саны 234 адам болду. Талапкерлердин орточо жашы 52де, эӊ жаш талапкер болсо 26 жашта. Казакстан Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, талапкерлердин 187си (79,9 пайыз) эркектер жана 47си (20,1 пайыз) аялдардан турат. 233 талапкер жогорку билимдүү. Талапкерлердин ар бир төртүнчүсү инженер, ар бир бешинчиси экономист же укук коргоочу. Бардык талапкерлер мыйзамчылык жана конституция талаптары боюнча текшерүүдөн ийгиликтүү өтүшкөн.

Туркистон:

Казакстанды 27-жылдан бери башкарып келе жаткан Нурсултан Назарбаев өткөн жылы президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүгө “уруксат” берип, “2016-жылы президенттик жана парламенттик шайлоо өткөрүлүшү пландаштырылганын, ал эми конституция бир жылда эки шайлоо өткөрүүгө жол бербестиги”себептүү президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүгө токтом кылганын айтып өткөн эле.

Түпкүлүгүндө болсо, Казакстан экономикасында башталып жаткан кризис жана бул кризисти карапайым калк жон териси менен сезе элегинде шайлоону өткөрүп алуу үчүн болгон аракет эле. Тышкы карыздын эсебинен жыргал жашоого көнүп калган эл болсо мындай кыйынчылыктарды көтөрө албастыгы жана массалык нааразылык толкуну чыгып кетиши мүмкүн эле. Назарбаев болсо мындай башаламандыктар учурунда элден бийлик суроону жана өзүнө дагы бир жолу ишеним билдиришин суроону каалабайт эле. Казакстан Россия жетегиндеги ЕАЭБдин мүчөсү болгондуктан Россияга каршы колдонула баштаган санкциялар ага да таасирин тийгизиши анык эле.

Мындан тышкары, казак өкмөтү миллиарддаган доллар жумшаганына карабастан, улуттук валютанын курсун сактап кала албады, каражат жумшоону уланта берүүнү экономика көтөрө албайт эле. Ошол себептен да өкмөт тенгени эркин абалга коюу керек деген токтом кабыл алды. Мындай кылуудан мурда президенттик шайлоону өткөрүп алууга токтом кабыл алды. Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөрү менен тенгенин куну эки эсеге төмөндөп кетти.

Мындан тышкары, бүгүнкү күндө Казакстандын тышкы карызы 155 миллиард доллардан ашуун болуп, эртеби-кечпи муну кайтарышы керек болот. Ансыз деле АКШ доллары менен ипотекалык кредиттерди алган Казакстан элинде нааразылык белгилери күндөн-күнгө күчөп бара жатат. Көптөгөн жылдардан бери бийликте турган жана “эртеӊ кычыша турган жерин” бүгүн кашып коюуга уста болуп кеткен Назарбаев эми 2016-жыл 20-март күнү мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону өткөрүүгө токтом кылды. Себеби, элдин жашоо деӊгээли дагы да төмөндөйт. Бул болсо, өз кезегинде бир катар нааразылыктарды келтирип чыгарат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here