Ыраазылык каты

138
0

Ыраазылык каты

Бисмиллахир рохманир рохим!

Кара-Суу муслималарынын атынан Кыргызстандагы, айрыкча Кара-Суу шаарындагы даъватты көтөрүп жүргөн ага-инилерибизге “ыраазылык кат”.

Ааламдардын Роббиси Аллахка чексиз алкыш-мактоолор болсун! Пайгамбарыбыз Мухаммад С.А.В.га жана ал кишинин үй-бүлөсүнө, сахабаларына о.э. ал кишини жакшылык менен ээрчиген заттарга салату саламдар болсун!

Ага-инилерибиздин 2016-жыл, 19-февраль күнү жума намазынан мурда саат 11:30да өткөргөн нааразылык акциясын укканда, Ислам дүйнө жүзүнө жайыла баштаган кезде сахабалар залимдин зулумунан коркпостон, бир сапка тизилип алып “Аллаху акбар” деп ачык айтуу менен ыйык Каабаны көздөй баргандыгын эстедик. Мына ошондой заттарга улуу Аллахтын нусраты, жеӊиши келген болчу.

Силер бул ишиӊер менен улуу Ислам Халифасы Муътасимди эсибизге салдыӊар. Ал бир аялдын “Эй Муътасим, кайдасын!” деген кайрылуусуна жооп иретинде бүтүндөй аскерди бутка тургузган эле.

Биз мына ошондой Халифабыз жоктугунан ушундай кордукта жашап жатабыз. Силердин бул кайратыӊар бүтүндөй Ислам үммөтүнө өрнөк болот деген үмүттөбүз. Эгерде муслима аялдардын шаанисин ар бир мусулман эркек силердей коргосо, албетте Аллахтын улуу нусраты, жеӊиши келет болчу.

Силер бул иш-аракетиӊер менен Кыргызстандын куралдуу күчтөрүн эле эмес, акимдерди да майтардыӊар. Алар бул кылган иштеринен уялышты жана силерден кечирим суроого мажбур болушту.

Силерге бүт дүйнөдөгү муслималардын, айрыкча Кара-Суу шаарынын муслималарынын атынан ыраазылык билдиребиз! Келечекте да залимден коркпогон абалда алдыга көздөй аракет кылышыӊарды Аллахтан сурап калабыз. Ар дайым залимдер алдында Роббул Ааламин силерди айбат неъматы менен кубаттандырсын!

Албетте, Аллахтын нусраты силерге окшогон РИЖАЛдарга келет!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here