Ирак F-16 учактарынан пайдалануу үчүн Американын ыраазылыгына муктаж

143
0

Өткөн ишемби күнү Ирак парламентиндеги коопсуздук жана коргоо комитети Багдад Вашингтондун ыраазылыгысыз Ғ-16 учактарын аракетке келтирүү укугуна ээ эместигин билдирди.

Комитеттин мүчөсү Шахван Абдуллах маалымат жыйынында: «Ирак өкмөтү F-16 учактарын аракетке келтирүү үчүн Вашингтондун ыраазылыгын алышы керек. Ансыз аларды аракетке келтире албайт», – деди.

Андан соӊ: «Жакында Ирак Вашингтондон алган F-16 учактары аткара турган бардык аракеттер Америка өкмөтүнүн ыраазылыгы менен гана ишке ашырылат. Бул болсо, өз кезегинде бизди тынчсыздандырып жатат», – деп кошумчалады.

Белгилүү болгондой, Ирак 2011-жылы сентябрь айында Кошмо Штаттар менен F-16 үлгүсүндөгү 36 учакты сатып алуу туурасындагы стратегиялык келишимге кол коюп, алардан 18 учактын акчасын төлөгөн болчу. 2012-жылга келип, Ирак өкмөтү мамлекеттин аба чегарасын коргоо максатында ушул учактардан көбүрөөк сатып алууну каалай          тургандыгын билдирди.

Ушул түрдөгү учактардын кезектеги партиясы ушул айдын башында Иракка жеткирилди. Эки мамлекеттин ортосунда кол коюлган келишимге ылайык, учактардын кезектеги партиясы Ирак авиа базаларынын бирине конду.

Ирак 2015-жылы июль айында ушул түрдөгү учактан төрттү алды. Бул төрт учак биринчи партия болуп, алар Ирак өкмөтү менен Вашингтон ортосунда кол коюлган келишимде айтылган. (Арабий Жадид).

Роя гезитинин комментарийи:

Ирак өкүмдарлары сатып алынган учактардан пайдалануу үчүн АКШнын уруксатына муктаж болгон соӊ, демек, мындан алардын Америкага канчалык даражада көз каранды экендиги көрүнүп турат… Ырасында, учактардан пайдалануу үчүн Американын уруксаты керек болгон соӊ, өлкөнүн ички жана тышкы саясатына байланыштуу мындан да маанилүүрөөк иштердин эмне болушун элестетип көрүӊүз!

Роя гезитинин 2016-жыл, 10-февралдагы 64-санынан

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here