Марокко Араб мамлекеттери лигасынын саммитин өткөрүүдөн баш тартты

289
0

Марокко өкмөтү 6-7-апрель күндөрү Марокко шаарында өткөрүлүшү пландаштырылган Араб мамлекеттери лигасынын саммитин өткөрбөй турган болду. Жума күнү Марокконун тышкы иштер министри Салохиддин Мизвар Араб мамлекеттери лигасынын башкы катчысы Набил ал-Арабийге телефон чалып, саммитти өткөрбөстүгүн кабарлады. Мындан мурда Марокко өкмөтү Араб мамлекеттери лигасынын башкы катчылыгынан 29-30- мартта өткөрүлүшү пландаштырылган саммитти  6-7-апрелге кечиктирип турууну талап кылган эле.

Араб мамлекеттери лигасынын башкы катчысынын жардамчысы Ахмад бин Хилли Марокко өкмөтүнөн лигага карата мындай мамиледе болушу жөнүндө түшүндүрмө беришин сурады. Буга жооп иретинде Марокконун тышкы иштер министри Салохиддин Мизвар бир билдирүү сунуштады.

Салохиддин Мизвар өзүнүн билдирүүсүндө, Араб мамлекеттери лигасын өзүнүн атына татыктуу союз боло албагандыкта айыптаган болсо, Араб мамлекеттеринин жетекчилерин проблемалар каршысында чечкиндүү кадамдарды таштай албагандыкта айыптады. Марокко өкмөтүнүн билдиришинче, Араб мамлекеттери лигасы адаттагы токтомдорду кабыл ала турган кадимки жыйындан ары өтө албайт.

Ошондон кийин жогорудагы саммитти өткөрүү Мавритания мамлекетине сунушталды. Мавритания да өткөрүүнү каалабаса, анда эрежеге ылайык Мисир өткөрүшү керек болот.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here