Эл аралык “Халифалык” симпозиуму

253
0

Хизб ут-Тахрир Түркия вилаяты Халифалык мамлекети кулатылгандыгынын 92 жылдыгына байланыштуу Стамбулда, “Кандай Халифалыкты каалайбыз?” – деген аталыштагы эл аралык симпозиум уюштура тургандыгын жарыя кылды.

Быйыл 3-мартта Ислам мамлекети кулатылгандыгына 92 жыл болот. Мусулмандар халифалыкты кайрадан тикелөөнү каалап, ал үчүн астейдил аракет кылып жатышат. Бирок, Батыш жакынкы күндөрдө тикелениши күтүлүп жаткан Халифалыкты каралап, анын кадыр-баркын түшүрүүгө алдын ала аракет кылууда.

Ушундай болгон соӊ, бүгүнкү күндө бул симпозиум өзгөчө маанилүү. Симпозиум Халифалыктын акыркы борбору болгон Стамбулда өткөрүлөт. Түркия жана башка бир нече мамлекеттерден чакырылган коноктор катышуучу симпозиумда Халифалык туурасындагы бардык маселелер талкууланат.

Исламды колдонуу жана анын өкүмдөрү менен жашоо үчүн Халифалык мамлекети бар болушу шартпы?

Халифалык тарыхий түзүмбү же шаръий өкүмбү?

Исламга ылайык шаръий башкаруу кандай болот?

Үммөт кандай Халифалыкты каалап жатат?

Халифалык кайрадан тикелениши мүмкүнбү?

Хизб ут-Тахрир Түркия вилаяты, Халифалык мамлекетинин бардык тараптары тилге алына турган эл аралык “Халифалык” симпозиумуна бардык мусулмандарды чакырат.

Сөзгө чыгуучулар:

Мустафа Озжан, журналист, кабарчы.

Профессор Мехмет Куршат Аталар, жазуучу.

Мухаммад Исмаил Юсанто, шаръий бизнес жана экономика институтунун директору/Индонезия.

Мухаммад Ханафий Ямгир, Хизб ут-Тахрир Түркия вилаятынын борбордук алака комитетинин мүчөсү.

Салахиддин Язичи, “Tiyemder” гезитинин ардактуу төрагасы.

Абдулкадир Шан, Мармара университети Жакынкы Чыгыш изилдөө институту.

Профессор Мухаммад Малкави, Жадар университети инженердик факультетинин деканы.

Абдуррахим Шан, теолог жазуучу.

Сөзгө чыгуучу коноктор:

Ахмет Варол, журналист-жазуучу.

Шайх Иссам Амира, Палестинадагы Ал-Акса мечитинин имам-хатиби.

Фазил Хамзаев, Хизб ут-Тахрир Украина басма сөз бөлүмүнүн жетекчиси.

Исмаил Вахвах, Иордания инженерлер уюмунун мүчөсү / Австралия

Симпозиум өткөрүлүүчү күн: 3- Март, 2016-жыл.

Симпозиум өткөрүлүүчү жер “Barcelo Eresin”  мейманканасы.

Симпозиумдун убагы: 13:00 – 19:00

Дарек: Стамбул-Топкапи 186 – 34104 Миллиет көчөсү.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here