Каримов режиминин желдеттери колунда дагы бир боордош шейит болду

162
0

Каримов режиминин желдеттери колунда дагы бир боордош шейит болду

إِنَّا لِلّهِ وَإِنَّا إِلَيْهِ رَاجِعونَ

«Албетте, биз Аллахтын (пенделерибиз) жана албетте Ага кайтабыз»

Хизб ут-Тахрирдин борбордук басма сөз бөлүмү Андижан областына караштуу Кара-Суу шаарынын тургуну, 1979-жылы төрөлгөн боордош Халматов Икрамжан Давудовичтин дүйнөдөн кайткандыгын кабарлайт.

Хизб ут-Тахрир Өзбекстанда ишмердүүлүгүн баштагандан бери бул боордошубуз Хизбдин баракчаларды таркатуу же шаардагы мечиттерде кайраттуулук менен сабактарды өтүү сыяктуу бардык иш-чараларына катышып келген. Икрамжандын бул ишмердүүлүгүн кылмышкер Каримов режими билген. Ошондуктан да ал 2003-жылы камакка алынды. 2005-жылы болсо боордошубуз эркиндикке чыкты.

Камактагы кыйноолор боордошубуз Икрамжан рохимахуллахтын кайратын сындыра албады, максатынан кайтара албады. Тескерисинче, камак кыйынчылыктары анын Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө аркылуу исламий турмушту кайрадан баштоо жолундагы ишмердүүлүгүн ого бетер күчөттү. Ошондо, 2006-жылы Каримов режими аны дагы кайрадан камакка алып, 10 жылдык камак жазасына өкүм кылды жана Карши шаарындагы №64\49-камак лагерине жиберди.

№64\49 камак лагери «красный зона» деп аталат. Т.а. ал жердеги өкүмдарлык камактын кызматкерлери колунда. Режим ал жерде ырайымсыздык менен бардык түрдөгү кыйноолорду колдонот. Укук коргоочулардын айтымында, бул зона өлкөдөгү эң ырайымсыз зоналардын бири болуп эсептелет. Ал жерде туткундар түрмө кызматкерлеринин колунда ачыктан-ачык кордолушуп, жырткычтык кыйноого салынып, ошол жердеги кыш заводунда иштөөгө мажбурланышат.

Камактагы начар абал жана оор мээнет боордошубуз Икрамжандын саламаттыгына таасирин тийгизип, натыйжада ал кургак учук оорусуна чалдыкты. 2015-жылы Икрамжан шарттуу түрдө азат кылынды. Бирок, анын саламаттыгы күн өткөн сайын начарлап отуруп, эркиндикке чыкканына бир ай болбой жатып дүйнөдөн кайтты… Биз Аллах Тааладан бул боордошубузду шейиттер жамаатына кошуусун, аны да шейит деп эсептешин сурайбыз.

Биз Хизб ут-Тахрир борбордук басма сөз бөлүмүнүн мүчөлөрү, ушул боордошубуздун жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтып, Аллах Субханаху ва Тааладан бекемдик жана көркөм сабыр, тарткан мусибаттары себептүү улуу соопторду беришин сурайбыз. О.э. Хак Таборака ва Тааладан бүтүндөй Ислам үммөтүнө тезирээк нусрат беришин, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыктын кайрадан тикелениши туурасындагы убадасын да тезирээк жүзөгө чыгарышын сурайбыз. Ушул рошид Халифалык иблис Каримов камактарындагы бардык мусулман туткундарды эркиндикке чыгарып, бул режимди жок кылат. Өзбекстандагы мусулмандарды камакка алууда жана аларды кыйноого салып өлтүрүүдө колу бар болгон бардык кылмышкерлерди жазалайт. Себеби, Аллах Азза ва Жалла бул иштин ээси жана буга кудуреттүү Зат.

مِنَ الْمُؤْمِنِينَ رِجَالٌ صَدَقُوا مَا عَاهَدُوا اللَّهَ عَلَيْهِ فَمِنْهُم مَّن قَضَى نَحْبَهُ وَمِنْهُم مَّن يَنتَظِرُ وَمَا بَدَّلُوا تَبْدِيلًا

«Момундар арасында Аллахка берген өз убадасында бекем турган кишилер бар, алардын айрымдары өз убадасына турушту (т.а. шейит болду), айрымдарыболсо ынтызар, алар (убадаларын) өзгөртүшкөн жок» [33:23]

Хизб ут-Тахрирдин борбордук басма сөз бөлүмү

Дареги: ал­Мазраа – «Колумбиа Центр» – блок б – экинчи кабат

Бейрут-Ливан

Почта кутусу 14­5010

телефон: 00961 1 30 75 94

уюлдук телефон: 00961 71 72 40 43

электрондук почта: media@hizb-ut-tahrir.info

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here