Согуштук кылмыштар “прокурору” Россиянын чабуулдарын актап чыкты

285
0

БУУнун согуш кылмыштары боюнча мурдагы башкы прокурору Карла Дел Понте Сирияда миңдеген бейкүнөө жарандардын курман болушуна себепкер болгон Россия чабуулдарын “туура иш” катары баалады. Понтенин билдиришинче, дүйнөнүн көз алдында мектептерге чабуул кылынышы, окуучулардын кыргын кылынышы, ооруканаларды бомбалап, бейтаптардын жана дарыгерлердин өлтүрүлүшү, жаш балдар жана аялдарга асмандан сокку урулушу террорго каршы чабуул болуп эсептелет экен.

“Мен Россиянын Сирия маселесине аралашуусун террорчу уюмдарга каршы күрөштө өтө жакшы аракет деп эсептеймин. Акыры бирөө чыгып ИШИМ жана Нусра сыяктуу террорчу уюмдарга каршы чабуул кылууда”, – деди Карла дел Понте РТС телеканалына берген интервьюсунда.

Эксперттердин билдиришинче, Россиянын 30-сентябрдан бүгүнкү күнгө чейинки авиа соккуларынан ИШИМ эмес, тескерисинче тынч жарандар зыян тарткан. Сирия Адам укуктары обсерватотиясынын 2015-жыл, 30-январдагы отчётунда келишинче, 30-сентябрдан бери Россиянын чабуулдары натыйжасында 1400 бейкүнөө карапайым жаран өлтүрүлгөн. Башка топтор болсо, Россия чабуулунан өлгөн карапайым жарандардын саны көрсөтүлгөндөн бир нече эсеге көп экендигин айтып жатышат.

Россиянын аба күчтөрү Сирияда чабуулдарын дагы да күчөткөнү айтылууда. Акыркы кабарларга ылайык, 6 күндүн ичнде  т.а. 10-16-февралдын аралыгында 1593 жолу чабуул кылынган. Бул чабуулдар Халаб, Химс, Хама, Латакия, Дайруз-Зур жана Деръа шаарларында ишке ашырылган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here