Ливия кризисиндеги акыркы окуялар

171
0

Суроого жооп

Ливия кризисиндеги акыркы окуялар

Суроо:

2015-жылы 17-декабрда кол коюлган Схират келишими негизинде Ливия өкмөтү түзүлө тургандыгы жарыяланды. Бул келишимден мурун да көптөгөн келишимдер болгон эле. Мисалы, 2015-жылы 5-декабрда Табрук парламенти жана Триполи конгрессинин бир нече мүчөлөрү Тунисте жолугушту. Жолугушуу учурунда «Ливия кризисине тиешелүү принциптерди жана улуттук келишүүнү жарыя кылууга» келишип алынды. 2015-жыл, 13-декабрда болсо Рим конференциясын өткөрүүгө чакырды жана анда Ливия кризиси темасы талкууланды … Белгилүү болгондой, өкмөттүн түзүлүшүнө алып барган Схират келишиминин айланасында эл аралык күрөш бар, ушундай шартта жарыя кылынган бул өкмөт көпкө тура алабы жана Ливияда туруктуулук пайда болобу? Мындан тышкары, Ливияда аскерий аралашуу туурасындагы сөздөр пайда боло баштады. Ушул өкмөт аскерий аралашууну тосо алабы, же бул аскерий аралашууну тездетүү үчүн болгон алгачкы кадамбы? Аллах сизге жакшылыкты тартууласын.

Жооп:

Бул маселе түшүнүктүү болушу үчүн төмөнкү маселелерди карап чыгуу керек

  1. Ливия боюнча мурда чыгарган жоопторубуздагы эки ишке кайрылабыз:

Биринчи, Америка Табрук парламентине Хафтар аркылуу көзөмөл кылат. Европа болсо, айрыкча, Британия Триполи конгрессине мурунку саясий чөйрө аркылуу көзөмөл кылат. Бирок, ошону менен бирге эле, Америка да, Британия да, экөө тең бири-бири тарабындагылардан үлүшкө ээ. Мисалы, Британия Америкага караштуу Табрук парламентинде да, Триполи конгрессинде да арстан үлүшкө ээ. Ал эми Америка Ливия саясий чөйрөсүнө Британия малайы Каддафиден кийин гана кире алды. 2015-жылы 11-апрелде чыккан суроо-жоопто минтип келген. «Хафтар Табрук парламентиндеги көпчүлүк менен тил табышып кетиши кыйын. Анткени, парламентте мурунку саясий чөйрөдөн калгандар да бар. Ошондуктан, Америка өзү каалагандай саясий чөйрө пайда кылып алганга чейин сүйлөшүүлөргө тоскоолдук жаратууну каалап жатат. Т.а. мүмкүн болушунча сүйлөшүүлөргө тоскоолдук кылат». Табрук парламентин Хафтар жетектегенине карабастан, анда Европанын үлүшү бар. Ошондой эле Америка азыркыга чейин күчтүү таасирге ээ боло албаганына карабастан, башка тараптан кадам коюушу ыктымалы да бар. 2015-жылы 23-сентябрда чыккан суроо-жоопто мындай деп келген «Кээ бир кабарларга караганда, конрессмендердин айрым мүчөлөрү өз ара түшүнүшүүлөргө жетишиш үчүн, Американын айрым бир жооптуулары менен жолугушууга ыктоолоору бар». Мурун Триполи өкмөт башчысы Халифа аль-Говиил иш кызыган мезгилде америкалык жооптууну кабыл алган эле. Триполи  өкмөтүнө караштуу (Аль-Хаят) маалымат булагы: «Биринчи күнү кечинде Говиил Америка башкаруу фондунун директорунун орун басары Уилям Белмуур менен көптөгөн келишимдерге кол койгондугун маалымдады. Өз ара түшүнүшүүлөр буларды өз ичине камтыды», – деп кабар таркатты. Саламаттыкты сактоо, коргоо жана өнүктүрүү тармактарында жаңы жардамдашуу тармактарын жандандыруучу бул келишимди Триполи өкмөтүнө караштуу маалымат булактары «Америка менен болгон алакада маанилүү кадам» деп сыпаттады. (аль-Хаят 2015 09 22) Тактап айтканда, Табрук парламентине жана Триполи конгрессмендерине бир жактуу көзөмөл кылынбайт.

Экинчи, Ливия кризисин саясий чечимдер аркылуу чечүү үчүн болгон Америка менен Британия ортосундагы күрөштүн көрүнүшү. 2015-жылы 23-сентябрда чыккан суроо-жоопто мындай деп келген. «Ал эми Европа мүмкүн болушунча тезирээк сүйлөшүүлөр аркылуу саясий чечимдерге жетүүнү көздөөдө. Анткени, саясий чөйрөнүн басымдуу бөлүгү аны колдойт. Тактап айтканда, саясий чөйрө колдогон кандай гана чечим болбосун, ал анын пайдасына болот. А Америка аскерий кийлигишүү аркылуу таасирге ээ боло албагандыктан, ал Ливия саясий чөйрөсүнүн колдоосуна мухтаж. Ошондуктан, ал сүйлөшүүлөргө макул болду. Бирок, сүйлөшүүлөрдү изинен чыгаруу ыкмаларын ишке салуу менен алектенет. Эгер сүйлөшүүлөр бир жыйынтыкка жетейин деп калса, аны аскерий иш-чаралар менен жокко чыгарып  турат».  Бул эки тараптын позициясынан даана байкалып турат. Европа тезинен сүйлөшүүлөр аркылуу саясий чечимге жетүү менен таасирин сактап калуу үчүн Схират келишимине жетишүүгө катуу умтулууда.  БУУнун Ливиядагы европачыл өкүлү Бернардио Леон өз мөөнөтү бүтө электе негизги кадамдарды жасап калууга аракет кылды. Бирок Америка тарабындагы Табрук парламенти Хафтар жетекчилиги аркылуу келишимдердин ишке ашуусуна каршы позициясын жарыя кылды. 2015 09 20 Франция 24 сайты кабарлашынча, «мамлекеттер тарабынан тан алынган өлкөнүн чыгышындагы Табрук парламенти Мароккодогу Схират отелинде конгресмендер менен парламентчилердин ортосунда түзүлө турган келишимди тан албастыгын билдирип, парламентчилер отурумдан чыгым кетишти». Бирок ошого карабастан, Леон келишимдин корутунду текстин жарыя кылганга бекем турду. 2015 09 22 «жазира нет» сайты БУУнун Ливиядагы атайын өкүлү Бернардио Леон Схират отелинде Ливия сүйлөшүүлөрүндө эки тараптуу акыркы келишимге жетишилгенин жарыялады жана кол коюуга жетишүү үчүн БУУ эки тарапка октябрга чейин убакыт бергендигине ишаара кылды. Леон сүйлөшүүлөр бүткөндөн кийинки пресс конференцияда мындай деди: «Азыркы учурда Ливия кризисин чечүүчү эки тарапты камтыган акыркы келишимдин тексти биздин алдыбызда».  Леондун сөзүнөн маалым болгондой, бул акыркы келишим болду. Тактап айтканда, алмаштыргыс келишим болду.  Ошондой эле Леондун сөзүнөн, кандай каршылык болбосун, айрыкча, Хафтар тараптын каршылыгына карабастан, акыркы келишимдин аткарылуусун таңуулоо ачык эле байкалып турат. 2015 10 08 Мароккодогу жыйында Бернардио Леон пресс конференция өткөрдү жана анда түзүлүшү мүмкүн болгон бирдиктүү өкмөттүн курамындагылардын аттары аталды. Бирок карама-каршылыктар уланды, бирдиктүү  өкмөттү түзүү мөөнөтү 2015 17-декабрга белгиленди. Мына ушундайча Леон Европага ыктаган натыйжага жетишүү үчүн бар күчүн жумшады, Америка тарапкерлеринин каршылыктарына, айрыкча, Хафтардын каршылыгына көңүл бурбады. Ошондуктан Леон көтөрүп чыккан Европа көз карашындагы Схират келишими, өзгөчө, Британия көз карашы негизинде болду.  Ошол үчүн Америка Леондун иш аракетин токтотууга токтом кылды жана ошондой болду.

  1. Ал эми БУУнун Ливия боюнча жаңы дайындалган өкүлү Мартин Коблер, ал Германиялык болсо дагы, мурда БУУда Америка кызыкчылыгы үчүн кызмат кылган. Ал Америкага ыктайт. Ошон үчүн, ал өкүл болуп дайындалгандан баштап Схират келишимине кол коюлушунан мурда ага оңдоолорду киргизүүнү колго алды. Бернардио Леон мурдараак «алмаштыргыс акыркы келишим» деп атап, ага алгачкы кол коюулар болгонун жарыя кылганына карабастан, Мартин Коблер ага оңдоолорду киргизе баштады.

Бул оңдоолордун Хафтарга өтө чоң таасири бар. Леон көтөрүп чыккан Схират келишими негизинде Хафтар биротоло оюндан чыгарылмак жана анын Ливия аскерий расмийлигин да жокко чыкмак. Анткени Схират келишиминин 8-беренесинде «Бул келишимге жетишилгенден кийин, аскерий, жарандык жана коопсуздук кызмат мансаптарынын ыйгарым укуктары өкмөт башчынын ыйгарым уктарына өтөт. Кеңеш 20 күн ичинде бул мансаптарга тийиштүү токтомдорду кабыл алып, дайындоолорду ишке ашырышы керек. Эгер бул мөөнөттүн ичинде токтомдор кабыл алынбаса, кеңеш 30 күн ичинде, Ливия мыйзамына ылайык кайрадан жаңы токтом жана дайындоолорду ишке ашырышы керек». Бирок оңдоолор киргизилгенден кийин, бул беренин калышына карабастан, Хафтар дагы эле оюнчу бойдон калды жана андан кутулуу оңдоо киргизиле электегиге караганда оор болуп калды.

  1. 2015-жылы 5-декабрда Тунисте эларалык коомчулук тарабынан тан алынган Табрук парламентинин мүчөлөрү менен тан алынбаган Триполи конгересси мүчөлөрүнүн ортосунда жоолугушуу болду.
  2. Бирок Коблер Схират келишиминин токтомдорун ишке ашырууга ынтызар болду. Тунис жолугушуусуна көңүл бурбады. Бул Коблердин Схират жолугушуусун үзгүлтүккө учуратып, Хафтар менен жолугушууга кетип калгандыгын ачыктап берет. 2015-жылы 17-декабрда «аль-Хаят» гезити мындай кабар таркатты: «Кечээ Коблер Хафтар менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн кетти.  Акыркы маалыматтарга ылайык, Хафтар Схират келишиминдеги коопсуздук тартибаттарына канааттанган. Хафтардын маалымат булактарынын билдирүүлөрүнө караганда, Коблер Хафтарга – келечекте түзулө турган өкмөттүн курамындагы – армияны рефомалай турган комитет мүчөлөрүнүн ысымдарын сунуштаган. Хафтар мындан кийин «Акыркы сүйлөшүүлөрдү колдоп-кубаттайбыз» деп билдирүү берди.  Коблер да бир тараптан тастыктап, Хафтар менен жемиштүү суйлөшүү болгондугун айтты».  Буларга карабастан, Америка дагы башка кошумчаларды каалады!  2016 2-январда «Арабий 21» сайты минтип кабарлады: «бирдиктүү өкмөттүн эки вице-премьерлери Али Кутроний жана Фатхий Мажбурийлер эгер Хафтар аскер башчылыгында калбаса өкмөт курамынан чыгып кетүүлөрү менен коркутушту».

Ушундай карама-каршылыктарга карабастан, бул эки бийлик мүчөлөрү 2015-жылы 17 -декабрда Марокконун Схират отелинде келишимге кол коюушту. Бирок, Табрук парламентинин 188 мүчөсүнүн ичинен 80и гана жана Триполи конгрессинин 136 мүчөсүнүн 50сү гана келишимге кол коюуга катышты. Келишим Табрук парламент башчысынын орун басары Ахмад Шуайб тарабынан жана Триполи конгресс башчысынын экинчи орун басары Солаху Махзуум тарабынан бекитилди. Тактап айтканда, оңдоолор Европа тарапкерлерин ачууландырды, ал эми Америка тарапкерлерин толук ыраазы кылбады. Ошондуктан, эки тарап тең кайра кайтарууну өз ичине сактап калышты. Саясий ишке эми аскерий аралашуу да кошула турган болду. Анткени, саясий иш эки тарапты толук канааттандыра турган келишимге алып келбеди. Бул келишимге парламент жана конгресс башчылары Акиилату Соолих жана Нурий Абу Сухайминдер ыраазы болушпады жана кол коюуга келишпеди!

  1. Британия саясий чөйрөнүн басымдуу бөлүгү ал тарапта экенин билет. Ошондуктан Леон сунуштаган келишимдин негизиндеги кандай гана өкмөт келбесин, айырмасы жок, ал тарапта болушунан көңүлү ток. Ошондуктан, ал Схират келишиминдеги токтомдорду ишке ашыруу үчүн Леон мезгилинде катуу ынтызар болду. Кийин Коблер келди. Ондоолор жүз берди. Британия бул оңдоолор Америка тарабынан Коблерге карата басым астында болуп жатканын билди. Америкаөзү каалагандай көрүнүштө сүйлөшүүлөр болушу менен биргеликте, Хафтар жетектеген аскерий аралашуу кийлигишүү аркылуу жаңы саясий чөйрөнү жүзөгө келтирүүнү көздөдү. Британия болсо өзү эсепке албаган иштер жүз берип кетишинен мурун келишим токтомдорун ишке ашырууну эртелетүүнү эп көрдү. Келишимге ондоолор киргизилишине карабастан, ал Британия пайдасына калат. Мына ушинтип ал Схират келишимин ишке ашырууну эртелетүүгө урунду. Британия бул келишимдин токтомдору эл аралык коомчулук тарабынан кабыл алына турган болушу үчүн, 2259-резолюцияны Коргоо Кеңешине чейин көтөрдү. Британияны шаштырып жаткан нерсе – бул ИШИМге каршы курөшүү шылтоосу менен түздөн-түз аскерий аралашуу аркылуу Американын келишимдин токтомдорунун аткарылышына тоскоолдук жаратуусу; ошондой эле мурунку келишимдерди жокко чыгарып, сүйлөшүүлөрдү кайра баштоону жандантуу максатында 2015-жылы 13-декабрда өткөрүлгөн Рим конференциясы сыяктуу саясий иш-аракеттер аркылуу тоскоолдук жаратуусу; же малайы Хафтар аркылуу кыйыр түрдө тоскоолдук кылуусу.  Ошондуктан, Америка өзү каалагандай саясий чөйрөнү пайда кылып, анын жардамында саясий чечимге жетүү үчүн, Британия сунуштаган чечимди мүмкүн болушунча создуктурууга өттү.

Ушуга негизделип, Британиянын БУУдагы элчиси Мэттью Райкрофт жаңы өкмөткө макулдук бериши үчүн Коргоо Кеңешинин 15 мүчөсүнө токтомун сунуш кылды. Анда мындай делет: «Ливиянын мамлекетик бүтүндүгүн, тынчтыгын жана мамлекеттүүлүгүн сактоодо жаңы өкмөт күчтүү коомдук символ болот. Бул Ливия калкы үчүн келечекте өнүгүүгө карай бет алганынын башталышы гана.  Ошондуктан биз токтом кылынган  келишимге кол койбой койгондордун  баардыгын улуттук биримдик жаңы өкмөтүн колдоого жана аны менен иштешүүгө чакырабыз». (аль-Жазира каналы 2015 12 24) Ал эми Америка болсо, Хафтар аркылуу тоскоолдук кылуу менен биргеликте, дүйнө коомчулугу алдында келишимдин талаптарына макул болууга аргасыз болду.  Ошондой эле, чаташтыруу максатында Рим конференциясы сыяктуу саясий иштерди ишке салды.  Бирок келишимдин токтомдору Коргоо Кеңешинде каралганда, Америка ага тоскоолдук кылуу шылтоосун таба албады. Анткени, ал мурда Ливия боюнча мамлекеттер аралык токтомдорго макул болгон. Аны сыртынан караганда жаңы өкмөт түзүү чечимине макул болгондой көрүнөт. Мисалы, АКШ ТИМ катчысы Жон Кирби мындай билдирүү берди: «Америка Ливия улутук биримдик өкмөтү толук кандуу  түзүлүшү алкагында иш алып барат». Ошондой эле Америка тышкы иштер министри Керри мындай деди: «Вашингтон саясий, техникалык, экономикалык, коопсуздук тармактарын жана биргеликте тероризмге каршы күрөшүүнү колдоо менен, Ливияда  толук кандуу бирдиктүү өкмөт түзүлүшүн лаазым тутат».  Американын мындай дегени – эми ал ыраазы болуп, унчукпай калат дегени эмес. Ал күрөшүн улантат. Анткени, ал колонизатор мамлекет, ал ар дайым өз таасирин жайылуусу үчүн жана ага атаандаш мамлекетти кууп чыгуу үчүн аракет кылат. Ошол үчүн, акыркы келишимге жана Коргоо Кеңешинин токтомдоруна карабастан, 2015-жылы 24-декабрда, Хафтар баштаган куралдуу күч – ИШИМ бар деген шылтоо менен – аймактарга чабуул койду. Хафтардын куралдуу күчү ылайыктуу учур табылары менен чабуулдарды уюуштурууда. Коргоо Кеңешинин аскерий аралашууга уруксат берген чечимин Британия токтотуп койгондон кийин, эми Америка Коргоо Кеңешинин чечимисиз эле түздөн-түз «ИШИМге каршы күрөш» шылтоосу менен, Ливияга аскерий аралашуусун баштады. Бул Американын Коргоо Кеңешинин чечимсиз эле Сирияга аскерий кийлигишүүсүн баштаганына  окшойт.

  1. Коблердин ишинде мүдүрүлүүлөр жүз берди, анткени ал эки тарапты тең ыраазы кылышы керек эле. Леондун учурундагы толук Европага ыктаган сыяктуу эмес, эки тарапты ыраазы кылы тургандай түр пайда кылды ал. Коблер айрыкча Леон даярдаган  Схират келишимине ондоолорду киргизүү учурунда мүдурүлүүгө учурады. Европа ага ыраазы болбоду. Ливиянын Табруктагы кабар агенттиги билдиришинче, Триполи өкмөтүнө караштуу тышкы маалымат кызматынын жетекчиси Жамал Зайбата  БУУнун Ливиядагы өкүлү Мартин Коблердин 2016 01 01 кечинде  өткөрө турган пресс конференциясын үзгүлтүккө учуратты. Андан өлкөдөн тез арада чыгып кетүүсүн талап кылды жана аны «кызыктырбаган адам» деп  сыпаттады. Коблер делегациясы менен кошо конференция залынан ачууланган боюнча чыгып, түз эле аэропортко бет алды жана өзүнө тийиштүү учак менен өлкөнү таштап учуп кетти. Ошондой эле, Коблерге Табруктагы жамаат дагы ыраазы эмес эле. Табрук палатасынын саясий кеңешчиси Ахмад Абууд Коблердин иш-аракетин сынга алып: «Коблердин тараптарды улуттук биримдик өкмөтү менен ыраазы кылуусу – учурдагы кырдаалга дал келбеген ойлонулбаган иш», – деди (аль-Годд арабий  телеканалы 2016 01 06 ). мына ушундайча БУУнун Ливиядагы атайын өкүлү кысымдар астында калды. Мына ушундай күрөштөрдүн натыйжасында Коблер мүдүрүлдү.
  2. Америка да, Европа да муну жакшы билет. Ушуга негизделип, ыңгайлуу шарт жаратуу максатында алар аскерий аралашууну пландады. Ал эми Американын аскерий кийлигишүүсү айдан ачык эле. Тунис маалымат булагы 2016 01 08 «Африкада Америка аскерий жетекчилиги беш жылдан бери пландап келе жаткан Ливияга аскерий аралашуу ниетин расмий түрдө ачыктады. Бул иш-аракет Африкадагы жана Ливиядагы террористерди куугунтуктоону өз ичине камтыйт». Бул билдирүү Американын Африкадагы аскерий жетекчиси генерал Девид Родригес менен Америка деңиз пехотасынын жетекчиси Жозефер Френсис жолугушууларынан кийин жарыя кылынды. Американын Ливияга аскерий аралашуусунун шылтоосу «тероризмге каршы күрөшүү» жана анын ичинен «ИШИМге каршы күрөшүү» болду. Американын аскерий кийлигишүүсүндөгү максаты – колонизаторлук иш-аракетин алып баруу. Ошондуктан ал аскерий кийлигишүү планын сызды. Ошентип, Америка иш жүзүндө Ливияга аскерин жөнөтү.  Би би си  араб кызматы 2015 12 18 билдиришинче, «Пентагон катчысы полковник Мишель ушул жылдын он төртүнчү декабрында Ливия аскерий жетекчилери менен алакаларды бекемдөө максатында Америка аскерийлеринин жоон тобун Ливияга жөнөттү». Дагы буларды кошумчалады «Ливия аскерийлеринин бир кошууну кагылышуулар жүз бере электе Америка аскерлери тезинен Ливиядан чыгып кетүүсүн талап кылды. Кагылышуулар жүз бере электе аскерлер өлкөдөн чыгып кетти». Маалым болгондой, аскерлер Схират келишимине кол коюулушунан үч кун мурун жиберилди. Бул дегени Америка өзү каалаган чечимдерди аткара турган саясий чөйрөнү жүзөөгө келтирүү үчүн, Хафтар сыяктуу аскерий малайлары аркылуу сүйлөшүүлөрдү иштен чыгаруу үчүн аскерий иштерди ишке салууну каалагандыгын билдирет. Мындай учурда түзүлгөн өкмөт эч кандай иш кыла алмак эмес. Келечекте Америка  Ливия майданында таасирге ээ болуу жана анын кызыкчылыгын ишке ашырып бере турган күчтүү саясий чөйрөнү жүзөөгө алып келүү үчүн Хафтар сыяктуу аскерий малайлары аркылуу аскерий амалдарды ишке салат.

Ал эми Европанын аскерий кийлигишүүсү алардын берген билдирүүлөрүнөн ачык көрүнүп турат.  2015 12 23 Франциянын «Фигаро»  гезити делегаттардын сөзүн жарыялады: Ливияда ИШИМдин пайда болуусу Франция үчүн чечкиндүү иш алып баруу жана Ливияга аскерий кийлигишүү үчүн мамлекеттер аралык коалиция түзүү зарылчылыгын пайда кылат. 2016 01 12 Африка дарбазасы агенттиги Британиянын socialist worker сайтынан көчүрүп басып чыкты: «консервативдик өкмөт Ливиядагы нефти кудуктарын коргоо үчүн Африканын түндүк жээгиндеги Британ деңиз флотторун жана 1000 аскерди коркунуч туудуруп жаткан ИШИМге каршы күрөшүү максатында Ливияга жиберди. Ошондой эле аба күчтөрүн ИШИМдин турумдарына сокку урууга даяр турууга буйурду.  Британиянын «Дейли телеграф» гезити 2015 12 12 Коргоо министринин маалымат булагына таянуу менен буларды билдирди: «Британия террорчу жамааттардын коркунучу күчөгөнүнө байланыштуу Ливия аскерий кийлигишүүсүнө Европа коалициясы менен биргеликте кирүүгө даяр.  Ливияга аскерий колдоо көргөзүү үчун аскерлерди жана жабдыктарды жөнөтүү менен аскерий кийлигишүү башталды. Бирок Британия улуттук бирдиктүү өкмөттү күтүп жатат». 2015  12 12 маалымат каражаттары Британиянын Ливиядагы элчиси Питер Милеттин сөзүн басып чыкты: «Британия терроризмге каршы күрөшүү үчүн Ливияда түзүлүшү күтүлүп жаткан улуттук биримдик өкмөтүнүн талабы менен Ливияга  аскерий аралашууну пландап жатат» т.а. Европа Ливия жаңы өкмөтүн түзүп жана андан Ливияга аскерий кийлигишүүгө макул болушун талап кылат. Өткөн айдын акырында Франция тик учактары Ливия аба мейкиндигинде чалгындоо иштерин алып барды. Британия менен Франция Ливияга аскерий аралашууну жалгыз Америкага таштап койгулары келген жок. Тактап айтканда, Америка үчүн жол ачып койууну каалашкан жок.  Ошондуктан бул эки өлкө Америка аскерий кийлигишүүлөрүнө каршы туруу максатында аскерий кийлигишүүлөрүн баштады. Баардыгы тең «ИШИМге каршы күрөш» шылтоосун бетке кармашты. Буга дагы бир башка шылтоону кошуп койушту. Ал долбоор катары көтөрүлгөн улуттук бирдиктүү өкмөт талабына жооп берүү шылтоосу болду! Чыныгы акыйкат болсо – бул  колонизатор мамлекеттердин биздин жерлердин байлыктары үчүн күрөш жүргүзүшү.

  1. Ушуга негизделип айтсак, түзүлө турган өкмөт маанилүү иш кыла албайт. Бул өкмөттө туруксуздук күчтүү болот. Ал өзүнөн мурда тараган Табрук жана Тириполи өкмөттөрү жүргөн жол менен жүрө турган үчүнчү өкмөт эле болот. Парда артындагы оюнчулардын колундагы куурчак болот.

Түзүлө турган өкмөттүн иштеп кете албастыгы эки себебтен улам болот. Биринчиси, күрөшүп жаткандардын түрткүлөрү карама-каршы багытта. Ар бири өз кызыкчылыгы үстүндө иш алып барууда. Экинчиси, Ливия кризисин чечүү ролу Ливия калкынын колунда айланбастан, балким колонизатор каапырлардын колунда айланууда.  Негизи, мусулман Ливия калкынын колунда айланышы ваажиб эле.

Тилекке каршы, мусулман өлкөлөрү колонизатор каапыр мамлекеттердин саясий тил бириктирүү жана аскерий майданына айланып калганы о.э. анын натыйжасында мусулмандардын канынын төгүлүп жатканы кандай гана өкүнүчтүү…

Ошону менен бирге эле, биз Ливия калкынан чыныгы ыкластуулар чыгып, Аллахтын жардамы менен бул баскынчы каапырлардын айла-амалдарын жокко чыгарат деп ишенебиз, Аллах эң жакшы жардам берүүчү. «Эй ыйман келтиргендер, эгер силер Аллахка жардам берсеңер, Аллах силерге жардам берет жана кадамдарыңарды бекем кылат. Каапырлардын акыбети кандай гана өкүнүчтүү жана алар кандай гана адашкан».                                                                                                                         

Хизб ут-Тахрирдин амири                                                                 9робиус-саний, 1437-х.

Ато ибн Халил Абу Рошта                                                                         19-январь, 2016-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here