2016-жылы 4-февраль күнү Челябинск областык соту Хизб-ут-Тахрирдин беш мүчөсү үстүнөн өкүм чыгарды. Москва райондук аскерий соту Салават Хабиров, Альфред Шаимов, Ринат Шамсутдинов, Арифжан Миров жана Радик Кабировдордун кылмыш иштерин карап чыгып, аларга «экстремисттик террористтик уюм түзүү жана анда иш алып баруу, бийликти басып алууга жана конституцияны өзгөртүүгө даярдык көрүү» айыбын койду. Аларды 5 жылдан 17 жылга чейин эркинен ажыратты.
Тергөөдө далилденген бирден-бир далил – жигиттерден Хизб-ут-Тахрирге мүчөлүгү жөнүндө суралганда, алардын «ооба, мүчөмүн» деп айткан жооптору болду. Терроризм менен айыптоого келсек, бул туурасындагы айыптоолордун баары негизсиз, акмактык дештен башка нерсеге жарабайт. Ислам жөнүндө сүйлөшүп, мусулман уламалары ижтихаддарын үйрөнүп, чай ичип олтуруу жана спорт менен машыгуу тергөөнүн назарында терроризм жана бийликти басып алууга даярдык көрүүгө айланды, сот да буга ыраазы болду. О.э. маалымат каражаттары өздөрүнүн журналисттик иликтөөлөрүндө Хизб-ут-Тахрирди «Исламий мамлекет» уюмуна байлашты. Мына ушинтип маалымат каражаттары коомчулукка Хизбди мына ушундай көрүнүштө көрсөтүүнү максат кылышкан. Өзгөчө, маалымат каражаттары мусулмандардын аракеттерин кооптуу кылып көрсөтүп – сот чыгарган өкүмдөр сыяктуу – өз акмактыгын көрсөттү.
Хизб-ут-Тахрир даъватын токтотуу үчүн орус бийлигинин колунан жалган айыптарды коюп, сталинче өкүм чыгаруу гана келет. Негизи, акыркы кездерде мындай өкүмдөр жыйырма жылга чейин узарып барууда жана Россия тогуттары Орто Азия тогуттарын да артта калтырышты.
Россия мыйзамдары күндөн-күнгө катаал болуп барууда. Мусулмандар өз динине канчалык даъват кылышса, ошончолук камакка ташталууда. Тарых бул тогут акимдер уу-заарга айланышканын, адамдар бул ууга каршы дары издеп жатышканын далилдеди. Шек-күмөнсүз, жалганчы орус режими ойрон боло турган жана мусулмандар тогуттардын камактарынан азат боло турган Күн алыс эмес.
Аллах Таала айтат:
وَلَا تَحْسَبَنَّ اللَّـهَ غَافِلًا عَمَّا يَعْمَلُ الظَّالِمُونَ ۚ إِنَّمَا يُؤَخِّرُهُمْ لِيَوْمٍ تَشْخَصُ فِيهِ الْأَبْصَارُ * مُهْطِعِينَ مُقْنِعِي رُءُوسِهِمْ لَا يَرْتَدُّ إِلَيْهِمْ طَرْفُهُمْ ۖ وَأَفْئِدَتُهُمْ هَوَاءٌ
«(Эй Мухаммад), сен эч качан: «Аллах залим кимселердин кылып жаткан амалдарынан кабарсыз», деп ойлобо! Аллах аларды(н жазаларын) көздөр(коркунучтан) катып кала турган күнгө калтырууда» [14:42]
Хизб-ут-Тахрирдин
Россиядагы басма сөз бөлүмү
Расмий сайт: www.hizb-russia.info
Электрондук почта: mediaoffice.htr@gmail.com