Франция акимдери мусулман перзенттерин спирт ичимдиктерин жана чочко этин жегенге мажбурлап жатат

281
0

2016-жылы 28-январь күнү Франсуа Олланд Ислам жана мусулмандарга карата өзүнүн ыплас жүзүн дагы бир ирет көрсөттү. Окуя мындай болду: Иранга карата санкциялар бекер кылынышы артынан анын президенти Хасан Руханий Европага беш күндүк расмий сапарын баштады. Ал сапар учурунда Франция президенти Франсуа Олланд менен жолугушту. Олланд аны кечки зыяпатка чакырганда Хасан Руханий андан спирт ичимдигисиз адал тамак берүүнү талап кылды. Бирок, Франсуа Олланд меймандын талабын четке какты… Франция мусулман расмийлеринин адал тамак берүү же дастаркондон спирт ичимдиктерин алып коюу талаптарын биринчи ирет четке кагып жаткан жок. Мурун да, 2015-жылы 17-ноябрда президент Руханий дал ушундай акарат менен «сыйланган».

Биз Руханийдин сапары жана кантип күтүп алынганы жөнүндө ушуларды айтабыз:

  • Франция ыңкылабы болуп, экстремисттик илманийликке негизделген республика түзүлгөндөн бери бул мамлекет мусулмандарга карата бетпактык жана текебердик менен мамиле кылып келет. Мисалы, ал Исламий өлкөлөрдү колония кылды, өз өкүмдарлыгын, сакафатын, тилин зордоп тыгыштыруу үчүн миңдеген инсанды кыргын кылды, дагы эле кыргын кылууда. Мусулмандарга душмандык кылуу жана аларды жек көрүү Франциянын канында бар. Ушул себептен улам, экстремисттик илманийликке негизделген бул мамлекет исламий акыйданы жана баалуулуктарды өзү үчүн коопту деп эсептейт! Франция республикасынын президенти өлкөдө адал тамактарга тыюу салды, диний негизге курулган адал тамак бул республика баалуулуктарына карама-каршы болуп эсептелет.
  • Францияда мусулмандар кысымга жана куугунтуктоого кабылышууда. Жеген тамагы, кийген кийими, окуган намазы үчүн мусулмандарга каршы күрөш алып барылууда. Өлкөдө спирт ичимдиктери, анын акыбеттинде келип чыккан ахлаксыз көрүнүштөр кеңири жайылган. Бул өлкөдөгү мусулман кыздар Аллах Азза ва Жалланын буйругуна моюн сунуп жоолук оронгону себептүү таалим ала алышпайт. Зомбулукка жана экстремизмге каршы күрөш шылтоосу менен мечиттер жаап коюлган. Бул болсо, мусулмандар жума намазын көчөлөрдө окуп жатышканын түшүндүрөт. Франциялык саясатчылар мусулмандар жөнүндө жек көрүү жана душмандыкка толо акаарат сөздөрдү сүйлөшөт. Мисалы, консерватор депутат Жак Рено «Израиль» Газага чабуул кылып, бомбалап жатканда Твиттер аркылуу тынымсыз сайрап, палестиналык балдардын чачыранды жаткан дене мүчөлөрүнүн сүрөтүн көрсөтүп, «Мен бул этти адал деп билемин» деп түшүндүрмө калтырган.
  • Руханийдин адал тамаксыз зыяпатта отуруудан баш тартканы анын жеке позициясынан башка нерсе эмес. Бирок, ал Францияга жасап жаткан тынымсыз сапарлары учурунда, ал тургай, эки ирет акаарат менен күтүп алынгандан кийин да, алтын учурду зая кетирди. Ал убакыттан пайдаланып, бул өлкөдө репрессияга учурап жаткан мусулмандардын өкүл катары сүйлөшү керек эле! Ар бир сапарда Фаранциядан адал тамак жей албагандыгы Руханий үчүн анчалык мааниге ээ эмес. Бирок, мусулман балдардын өлкө мектептеринде чочко этин жеш үчүн тнымсыз басымдарга учурап жатканы эмне болот? Өлкө камактарындагы мусулмандардын адал тамаксыз ачкадан кыйналып жатышканын кандай түшүндүрүү мүмкүн? Деги, Франция соттору адал тамакка тыюу салуу токтомун тастыктаган өкүм чыгарбады беле?!
  • Руханий эки ирет сапарында акааратка ыраазы болуу менен Иранга кандай утуш алып келди?! Түпкүлүгүндө, ал Франциянын «Тотал» нефть компаниясы менен аны күнүгө 200 000 баррель арзан нефть менен камсыздоо боюнча келишим түздү. Мунун тушунда, Иран Франциядан 22 миллиард еврого барабар 118 самолёт сатып алуу жөнүндө келишимге кол койду. Белгилүү болгондой, бул келишимдер Франция кызыкчылыгына гана кызмат кылат. Себеби, чийки сырьёну арзан баада экспорт кылып, үлкөн баадагы учактарды импорттоо Ирандын колун байлап коёт т.а. учактарга жабдыктарды алууга жана учак кызматтары үчүн Франция компанияларына таянууга туура келет.
  • Иран менен коңшулаш мамлекеттер ортосундагы мамиленин кандуу зомбулукка, мазхабчылыкка негизделиши өтө өкүнүчтүү. Мунун үлкөн жоопкерчилиги албетте Ирандын мойнунда. Бүгүн биз ирандык акимдер Ислам жана мусулмандардын касташкан душмандарынын кучагына жүгүрүп жатканына күбө болуп турабыз. Иранда чыккан «Тегеран Таймс» гезити француз жетекчилеринин терроризмге каршы күрөш туурасындагы билдирүүлөрүн басып чыгып, ал эми, француздар Иран президентин акаарат менен күтүп алышканын жашырышы таң калтырат! Бул гезит жасакерленип 29-январдагы сапарды минтип ачыктады: «Руханий Олланд менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөндөн кийин басма сөз конференциясында Иран менен Франция экстремизмге, терроризм жана фанатизмге каршы күрөштө разведка маалыматтары менен кызматташууну баштоосу зарылдыгын билдирди».
  • Шам жеринде мамлекет террор жасап жатканда о.э. Францияда мусулмандарга каршы террор жана француз экстремизми күндөн-күнгө күчөп жатканда алардын мындай билдирүүлөрүн кандай түшүнүү мүмкүн?

Эй мусулмандар!

Акимдериңер канчалык алсыз жана саткын болушкан сайын, кафирлер да ошончолук бизге каршы душмандыгын күчөтүүдө. Акимдериңер Аллах Азза ва Жалланын буйруктарына каршы ачыктан-ачык күрөшүп жаткан жана Исламды жек көргөн душмандарыңар менен, алардын ач көз компаниялары менен достук мамиледе болушууда. Аллах Субханаху ва Таала айтат:

لَا يَتَّخِذِ الْمُؤْمِنُونَ الْكَافِرِينَ أَوْلِيَاءَ مِنْ دُونِ الْمُؤْمِنِينَۖ وَمَنْ يَفْعَلْ ذَٰلِكَ فَلَيْسَ مِنَ اللَّهِ فِي شَيْءٍ إِلَّا أَنْ تَتَّقُوا مِنْهُمْ تُقَاةًۗ وَيُحَذِّرُكُمُ اللَّهُ نَفْسَهُۗ وَإِلَى اللَّهِ الْمَصِيرُ

«Момундар момундарды таштап коюп, кафирлерди дос тутушпасын! Ким ушундай кылса, анда ал Аллахка эч нерседе эмес  (т.а. Аллахка чоочун). Бирок, аларга силер абайлап мамиле жасооңор дурус, Аллах силерди Өзүнүн (азабынан)эскертет. Аллахтын Өзүнө гана кайтасыңар»    [3:28]

Исламды жек көргөн душман жетекчилер илманийлик жана демократия аты менен силерге чабуул кылышууда. Алар «терроризмге» жана «экстремизмге» каршы күрөшүп жатканын айтып жатышкан болсо да, түпкүлүгүндө, алар өзүлөрү кыргын жана ойрондулуктарды жасап террор кылышууда… Алар Сирияда миллиондогон инсанды үйсүз калтырып, Европа мамлекеттерине жол алган качкындарга айлантышты, ал эми, Европа аларды кемсинтүү менен күтүп алды. Алар акыйдаңарга, тамагыңарга, кийимиңерге, диниңердин бардык жаатына каршы күрөшүп жатат жана силерди диниңерден кайтармайын бул күрөштү эч качан токтотушпайт. Аллах Таала айтат:

﴿وَلَا يَزَالُونَ يُقَاتِلُونَكُمْ حَتَّىٰ يَرُدُّوكُمْ عَنْ دِينِكُمْ إِنِ اسْتَطَاعُواۚ وَمَنْ يَرْتَدِدْ مِنْكُمْ عَنْ دِينِهِ فَيَمُتْ وَهُوَ كَافِرٌ فَأُولَٰئِكَ حَبِطَتْ أَعْمَالُهُمْ فِي الدُّنْيَا وَالْآخِرَةِۖ وَأُولَٰئِكَ أَصْحَابُ النَّارِۖ هُمْ فِيهَا خَالِدُونَ

«Алар, эгер колдорунан келсе, тээ диниңерден кайтарганга чейин силерге каршы согуша беришет. Силерден ким өз дининен кайтып, динсиз абалда өлсө, андай кимселердин кылган амалдары дүйнө-акыретте текке кетет, алар тозок ээлери жана анда түбөлүк калышат»    [2:217]

Ошондуктан, Аллах Субханаху арканын бекем кармагыла жана силерди фитна баткагына салууга урунуп жаткан акимдерге алданбагыла. Алар силерди жакырчылыктан коркутуп, ал тургай, бири-бириңерден коркутуп, силерди өзүлөрү тарапка чакырып жатышат. Түпкүлүгүндө, алар Исламдын кайра тикеленишинен, өз кызыкчылыктарынан айрылып калышынан коркуп жатышат.0hizb-340x264-300x233

Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук басма сөз бөлүмү

Дареги: ал­Мазраа – «Колумбиа Центр» – блок б – экинчи кабат

Бейрут-Ливан

Почта кутусу 14­5010

телефон: 00961 1 30 75 94

уюлдук телефон: 00961 71 72 40 43

электрондук почта: media@hizb-ut-tahrir.info

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here