Демократия долбоору аялдардын «араб жазына» ишенген үмүттөрүн жокко чыгарды!

316
0

Чыныгы исламий козголоң гана алар арзуу кылган нур келечекке алып барат!

Ушул жылдын январь жана февраль айларында Тунисте, Мисирде, Яманда, Ливия жана Сирияда жыркыч диктатор режимдерге каршы козголоңдор көтөрүлгөнүнө беш жыл толду. Кээ бир инсандар тогут илманий демократиялык түзүмдөрдүн алмашуусу менен биздин урмат-сыйыбыз кайра тикеленет, коумубуз гүлдөп-өскөн адилеттүү коомго айланат деген үмүттөнгөн. Ушул мамлекеттердин айрымдарында тогут режимдерди кулатып, ордуна жаңы демократиялык режимди тургузуу менен аягына чыккан демонстрацияларда аялдардын ролу маанилүү эсептелет. Себеби, ушул мамлекеттерде айрым инсандар демократиялык түзүм араб дүйнөсүндөгү аялдардын абалын жакшыртат, алардын акы-укуктарын камсыздайт деген ойго барган эле. Бирок, беш жылдан кийин ушул «демократиялык долбоор» регион мамлекеттериндеги аялдарга куру убадалар жана куру кыялдардан башка эч нерсе бербегени белгилүү болду. Тунис жана Мисирде козголоңдон мурунку ошол репрессиячыл башкаруу кайра эле кайтып келип, туруксуздук жана башаламандыктан азап тартып жаткан коомго өкүмдарлык кылды. Жумушсуздук, жакырчылык күчөдү, азык-оокат жана күйүүчү май продукияларынын баасы көтөрүлгөндөн көтөрүлө берди. Акыбетте, аялдардын жан чыдагыс оор абалга кептелди. Бүгүн Ливия аялдары коррупцияга жана зомбулукка малынган ийгиликсиз мамлекетте жашашууда. Ошол эле учурда, ямандык аялдар АКШ жетекчилиги астында уланып жаткан жырткыч согуштун курмандарына айланып, же бомбалар-октор астында каза болушууда, же алты миллион адамды ачкачылык жарына алып келген гуманитардык кырсыктын курманына айланышууда.

Мындан сырткары, Тунис өзүнүн жаңы демократиялык түзүмү астында региондо аялдардын укугун коргоого жетекчилик кылып жатканын айтууда. Тунис аялдарды кемсинтүүгө чекит коюу жөнүндөгү «CEDAW» конвенциясына, жаңы конституциядагы эки жыныс ортосунда теңдиктин кепилдиги көрсөтүлгөн 46-беренеге о.э. парламенттеги эки жыныс ортосундагы теңдикти камсыздоого таянып жатканын айтууда. Бирок, булардын бири да Тунис аялдарынын жашоосун таптакыр өзгөрткөн жок! Бүгүн өлкөдөгү аялдардын дээрлик жарымы зомбулук курманы болуп турат, жуумушсуздук 30%ды түзүүдө, калкынын алтыдан бири жакырчылыкта жашоодо. Мисирде да абал ушундай. Мисирдин эки жыныстын теңдигин кепилдеген жаңы илманий конституциясы да өлкөдөгү аялдарга каршы күн сайын күчөп жаткан зомбулукту токтотуу үчүн эч нерсе кыла албады, өлкө ичинде абдан күчөп жаткан балдар жакырчылыгын токтотуп кала албады. Себеби, балдардын 50%дан ашыгы жакырчылыктан азап тартууда. О.э. бул жаңы конституция Мисирдеги жаштардын төрттөн бирин түзгөн жумаушсуздук даражасын төмөндөтө албады о.э. камакка алууларды жана кыйноого салууларды тыя албады, канкор тогут Сисий режими оппозициядагы жүздөгөн аялдардын өлтүрүшүн токтото албады…

Булардын баары Үммөт аялдары инсан тарабынан түзүлгөн демократиялык илманий куфр түзүмү астында кымындай жакшылык көрүшү мүмкүн эместигин дагы бир ирет тастыктоодо. Себеби, бул түзүм Ислам дүйнөсүндөгү аялдарды жана Чыгыш-Батыштагы бардык аялдарды азап салган үлкөн саясий, экономикалык жана социалдык проблемаларды чече албады. Ошондуктан, исламий өлкөлөрдөгү демократиялык жол регион аялдарына эски ийгиликсиздикке кезектеги ийгиликсиздикти алып келет. Деги, мындай чириген түзүм үчүн күрөшүү кандай натыйжа бериши мүмкүн?! Акыйкатта болсо, бул түзүм бүткүл дүйнөдөгү миллиондогон аялдардын жашоосуна зомбулук, жыныстык кол салуу, эксплуатация жана жакырчылык алып келди о.э. Ислам дүйнөсүндөгү аялдардын үмүттөрүн жокко чыгарып, азап-укубатка, акаараттоого, кемсинтүүгө кептеди! Расулуллах A айтат:

«لاَ يُلْدَغُ الْمُؤْمِنُ مِنْ جُحْرٍ وَاحِدٍ مَرَّتَيْنِ»

«Момун бир тешиктен эки жолу чактырбайт».

Биз азиз муслима эже-сиңдилерибизди, курбуларыбызды колонизатор Батыштын «өлкөлөрүбүздөгү аялдардын азаттыгы илманий демократиялык келечекке байланыштуу» деген сөзүнө алданып калбоого чакырабыз. Себеби, бул жалган аялдарыбызды аракетин зая кетирүүдөн жана өмүрлөрүн жаман акыбет менен бүтүрүүдөн башка нерсе алып келбеди. Ошондой болгон соң, муслима азиз курбуларыбызга «жетишет, бул конституцияга жана парламенттеги жасалма демилгелерге ыраазы боло бербегиле, акыры, бул нерселер силерге эмне берди» дейбиз. Курбуларыбызды Аллах Субханаху ва Тааланын түзүмүн т.а. Хизб-ут-Тахрир аракет кылып жаткан Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык түзүмүн тикелөө үчүн чыныгы козголоңго кошулууга чакырабыз. Ушул түзүм гана мойнубузга салынган зулум кишендерин талкалайт. Негизи, хикмат ээси жана бардык нерседен кабардар, бүткүл ааламдар Роббиси Аллах Субханаху ва Тааланын өкүмдөрү гана инсандын бардык проблемаларына туура чечим берет жана аялдар катары акы-укуктарыбызды камсыздап, зомбулук, жакырчылык жана зулумдан коргойт. Андыктан, силерди урмат-сый жашоону кепилдеген исламий түзүмдү гана арзуу кылууга чакырабыз.0hizb-340x264-300x233

Д. Насрин Наваз

Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук басма сөз бөлүмүнүн аялдар жааты

 

телефон-факс: 00961 1 30 75 94

уюлдук телефон: 00961 71 72 40 43

электрондук почта: ws-cmo@hizb-ut-tahrir.info

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here