Обама Пакистанды «экстремист»терге каршы күрөшкө чакырууда

151
0

 Америка президенти Барак Обама Пакистанды өлкөдөгү экстремисттик тармактарга каршы күрөштө «олуттуу» болууга чакырды. Ал студенттер бутага алынган жакында эле жүз берген чабуул олуттуу аракет кылуу үчүн бир ишара экендигин билдирди.

Обама өткөн жекшемби күнү жарык көргөн «Пресс траст оф Индия» маалымат агенттигине берген интервьюсунда Пакистан коопсуздук күчтөрүнүн жакында ишке ашырган камакка алууларын алкыштап, Исламабаддын бул операцияга дагы да көбүрөөк салым кошуусу керектигин баса белгиледи.

Ал: «Пакистандын алдында террористтик тармактардан мыйзамдуулукту тартып алууга жана аларды талкалап таштоого кудуреттүү экендигин көрсөтүү мүмкүнчүлүгү турат», – деди.

Андан кийин: «Ушул региондо жана бүт дүйнөдө мындай (тармактар) очогуна жеӊил карап болбостугун, тескерисинче террористтерди шыпырып таштоо зарыл экендигин» кошумча кылды (Арабийя нет).

Роя гезитинин комментарийи:

Пакистан акимдери Ислам жана мусулмандарга каршы ушунча күрөшүп келгендигине жана ал тургай Кашмир мусулмандарына каршы Индия менен да тил бириктиргенине карабастан, Обама алардан ушул күрөштө дагы да олуттуу болууну талап кылууда. Ал ушул күрөштө пакистандык акимдердин олуттуу экендигин билет. Бирок ошого карабастан, алардан Американын Ислам жана мусулмандарга каршы согушунда дагы да активдүүрөөк болушун талап кылууда.

Роя гезитинин 2016-жыл, 27-январдагы 62-санынан

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here