Керри: Бул учурду пайдаланып калгыла

256
0

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Женевада уюштурулган жыйын тууралуу билдирүү берди. Керри Женева жыйынында бир келишимге жетишилбесе Сириядагы туруксуздук бүтүндөй Жакынкы Чыгышка жайылып кетишинен эскертти.

Сирия кризисине аскерий чечим табылышы мүмкүн эместигин айтып өткөн Керри Женевада маанилүү болгон мамлекеттер да катышып жаткандыгына басым жасады. Керринин айтымында, кеӊири камтуучу дипломатиялык демилгелер зомбулукту азайтып, террорчу уюмдарды жок кылып, көп партиялуу тынч Сирия үчүн негизди пайда кылышы керек.

Керринин айтымында, Женевадагы сүйлөшүүлөр мамлекет бойлоп ок атууну токтотуу жана 18 айдын ичинде шайлоолорду өткөрүү маанисиндеги негизди түзөт. Ушуга ылайык, тараптар бул учурдан пайдаланып калышы керек.

“Женевадагы тараптарды бул учурду колдон чыгарып жибербестикке чакырамын”, – деди АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри.

Ал эми саясий аналитиктердин пикиринче, Женевада башталган жолугушуунун бирер натыйжа беришинен таптакыр үмүт жок. Азыртадан эле Европа менен Американын ЖМКларында Женева сүйлөшүүлөрүнүн ийгиликсиз аякташы жөнүндө кабарлар таркалып, комментарийлер берилүүдө.

Женевада сүйлөшүүлөр уланып жаткан бир учурда, Сирияда бир тараптан авиа чабуул уланып жаткан болсо, экинчи тараптан адамдардын ачкадан өлүшүнө себеп болгон курчоо абалы уланып жатат. АКШда чыгуучу “Foreign Policy” (Тышкы саясат) журналы Сирия үчүн Женевадан чыгуучу ар кандай тынчтык келишимин ишке ашырууга БУУнун күчү жетпестиги тууралуу жазды. Эксперттердин билдиришинче, бул нерсе журналдын комментарийи эмес, тескерисинче БУУга тиешелүү жашыруун документтеги маалымат.v

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here