Сирия оппозициясы Американын «чегинишин» сындап жатат

342
0

Сирия оппозициясы Американын «чегинишин» сындап жатат

Сирия оппозициялык коалициясынын Париждеги элчиси Мунзир Мохус Американын Сирия кризисине карата позициясында «укмуштай чегинүү» бар экендигин айтты. Ал кокустан сүйлөшүүлөр мазмуну туурасындагы келишим – кудум Сирия оппозициясындагы топтор Россиянын сүйлөшүүлөрдө аралашуусуна каршы экендиктерин билдиришкендей – ийгиликсиздикке жүздөнсө, мындай «ооматсыз» сүйлөшүүгө киришпеген туура экендигин билдирди.

Мохус Ал-Жазира менен болгон маегинде Америка тышкы иштер министри Жон Керринин “Сириядагы чечим улуттук биримдик өкмөтүнө келишмейинче таптакыр ишке ашпастыгы о.э. АКШ бул жаатта Россия жана Иран менен келишип алгандыгы туурасындагы” сөзүн келтирди. Керри өткөн апта Давосто өткөрүлгөн конференцияда ушул билдирүүнү берген эле. Мохус Керринин бул билдирүүсүнө «Америка позициясындагы укмуштай чегинүү» деп комментарий берди.

Ал дагы Керринин өткөн ишемби күнү Эр-Риядда өткөрүлгөн конференцияда сүйлөшүүлөр жогорку комитетинин төрагасы Рияз Хижаб менен жолугушкандыгын билдирди. Керри ошол жерде: «Алар өздөрүнө коюлган шарттар алкагында (режим менен сүйлөшүү өткөрүү үчүн) Женевага барышы керек. Антпесе, союздаштарынын колдоп-кубаттоосунан куру калышат», – деген эле. (Ал-Жазира нет).

Роя гезитинин комментарийи:

Мунзир Мохус бул сөздү билбей айтып жатабы же Сирия калкын адаштыруу максатындабы, айырмасыз, бул бир гана нерсеге далалат кылат. Ал да болсо, Американы Сирия калкына жакшылык алып келе жаткан, бирок Россия менен Ирандын кербенине ээрчип, мындан чегинген кылып көрсөтүү! Сириядагы иштерди күзөтүп келе жаткан ар кандай адам Иран Американын саясатын ишке ашыруу үчүн Сирияда бар болгон күчү менен аракет кылып жатканын, Россия Америка менен келишип алган абалда өзүнүн айрым кызыкчылыктары о.э. Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүнүн алкагында Сирияга аралашканын түшүнүп жетет. Мохус айткандай Америка тышкы иштер министринин Сирия оппозициясынан аларга коюлган шарттар алкагында сүйлөшүүгө барууну талап кылып жатканынан келсек, бул Америка каалоолоруна чөгөлөшү үчүн козголоӊчуларды коркутуу болуп эсептелет.

Роя гезитинин 2016-жыл, 27-январдагы 62-санынан

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here