Сариев: ЕАЭБге кирүү Кыргызстанды кризистен сактап калды

144
0

 Кыргызстандын премьер-министри Темир Сариев “Биринчи радионун” түз эфириндеги маегинде биримдикке кирүүнүн зыянынан пайдасы көп болгондугун айтып өттү.

 “ЕАЭБге кирүү тарыхий чечим болгон. Эгерде кирбесек, кырдаал 2-3 эсе кыйын болмок. Анткени, биздин негизги рыногубуз – Казакстан менен Россия”, – деди Сариев.

 Анын айтымында, негизги өнөктөштөр учурда кыйын мезгилди башынан кечирип жатат, бирок убакыттын өтүшү менен бардыгы өз калыбына келет.

Сариев: “Бизди ЕАЭБге кирбеген коңшулар менен салыштырып көрүүгө болот. Нефть менен газга ээ экенине карабастан, алардын валютасы арзандап жатат, ал эми биздин валюта туруктуу сакталып турат”, – деди.

Туркистон:

Өкмөт элдин каалоосуна тескери көрүнүштө мамлекетти ЕАЭБге алып кирди. Эми, ошол себептүү элдин башына түшүп жаткан экономикалык кыйынчылыктарды жаап-жашыруунун жолун издеп жатат. Темир Сариев бул иште айыптуу болуп калышын билгендиктен бул биримдиктин “пайдаларын” көбүртүп көрсөтүүгө умтулууда. Түпкүлүгүндө болсо, кырдаал ушунчалык кыйын бойдон калууда жана “негизги өнөктөштөрдүн” абалы жакынкы жылдарда оӊолбостугу белгилүү.

 Бажы кызматынын маалыматтарына ылайык, 2014-жылы Кыргызстан Казакстанга жалпы баасы 340 миллион доллардык товар экспорт кылган болсо, биримдикке мүчө болгон 2015-жылы болгону 150 миллион доллардык гана товар саткан. Эки мамлекеттин ортосундагы жалпы сооданын көлөмү 2015-жылы 472 миллион долларды түзүп, бул көрсөткүч  2014-жылга салыштырганда эки эсеге азайып кеткен. Россия менен болгон соода жүгүртүү да мактана турган даражада эмес.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here