Текебаев Сариевди кысымга алмакчы

166
0

 КТРКнын “Дебаттар”программасында Текебаев: “Шайлоодо баарыбыз ЕАЭБге киребиз, ага кошулсак жыргайбыз дедик. Өкмөт ошондой кепилдикти берди. Биз ага ишенип, шайлоочуларга картошкаң, этиң жана сүтүң Казакстан менен Россиянын чоӊ базарларына кымбат баада чыгат деп айттык.Тилекке каршы, биз убада берген майкөл-сүткөл заман жакындабай жатат. Ошондуктан, биз жакында өкмөттү чакырып, эмне үчүн биз убада кылган иштер аткарылбай жатат, эмне үчүн биздин дыйкандардын товары чегарадан нары Казакстанга өтпөй жатат деп  сурап, алардын отчётун угушубуз керек”, – деди.

Чындап эле учурда эч кандай продукциябыз кошуна өлкөлөргө сатылбай жатат. Ал үчүн жоопкерчиликти ким мойнуна алат? Майкөл-сүткөл заман качан келет?

Туркистон: 

Бүтүндөй бир мамлекеттин конституциясын кыска убакытта дээрлик жалгыз өзү жазып чыккан Текебаевден ЕАЭБге кирип бара жатканда кантип эле кеӊеш сурашпады экен. Ошондо комиссиянын 20дан ашуун мүчөлөрү каршы туруп да конституциядагы  светтик деген сөздү алмаштыра алышпаган эле го.

Кыргызстанда эки жолу президент качып кетти. Элита өкүлдөрүнүн көпчүлүгү дүйнө бойлоп качып жүрүшөт. Кыргызстанда Текебаевден башка саясий жетекчилик кыла турган адам дээрлик калбады. Президенттер өздөрү үчүн чет өлкөдөн дайындалуучу кеӊешчилер менен да иш жүргүзүшөт. Бирок, алардын ар бири өз мамлекетинин кызыкчылыгынан келип чыгып кеӊешин беришет. Алардын кеӊештерин жетекчилерибиз түшүнүп алышынын өзү да проблема пайда кылат. Алардын проблемалары мамлекетибиздин стратегиялык багытын белгилеп бере турган, же эл аралык саясатка ылайыкташуу үчүн ири долбоорлорду түзүп бере турган институттардын жоктугунда. Бүгүнкү күндө Текебаев ушул тармактын бардыгынын ордуна жападан-жалгыз адис болуп калды.

Сариев болсо өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн ашыра баалап алды. Ал Россия менен тил бириктирип, алардын кеңеши менен кыргыз кеңешчилерин четтеп өтүп Кыргызстанды ЕАЭБге алып кирди. Текебаев сыяктуу стратегдер болсо, Россиядан кооптонушуп, бир четте туруп алышты. Эми болор иш болуп, Россия кризиске келип калганда айыптууларды издеп жар сала башташты. Алардын максаты, Кыргызстандын кызыкчылыктары эмес, тескерисинче, мамлекетте саясий гегемондук абалын кармап калуу.

Хизб-ут-Тахрирдин Кыргызстандагы бөлүмү өзүнүн баракчалары о.э. интернеттеги социалдык тармактар жана сайттары аркылуу бул биримдиктин зыянынан тынымсыз эскертип турду. Бирок, кыргыз элитасынын дээрлик бардыгы – кээ бирлери унчукпай туруу менен – бул зыяндуу долбоорду колдоп беришти. Алар элдин кызыкчылыктарын коргоодо бекем турушпады.

Эми Сариевди иштен алып, анын ордуна башкасын коюу менен иш жабылат. Бирок, кыйынчылыкта калган кыргыз калкынын абалы өзгөрөбү?!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here