Имамдарга зулум кылып, камакка алуу менен кыз-келиндердин укугу корголобу?

421
0

Басма сөз баянаты

Имамдарга зулум кылып, камакка алуу менен кыз-келиндердин укугу корголобу?

«Азаттык» радиосунун кабар беришинче, Кыргызстан бийлиги турмуш куруу каалаган жигит-кыздарды нике кыйдыруудан мурда «ЗАГС»тан өтүүгө мажбурлоочу мыйзам долбоорун даярдап жатат. Мыйзам долбоору бул тартипке моюн сунбастан баш кошкондордун никесин кыйган молдону беш жылга эркинен ажыратууну о.э. 16-17 жаштагы кыздардын турмушка чыгуусуна тыюу салууну өз ичине алган. Бул долбордун жакынкы күндөрдө парламентте каралышы күтүлүүдө.

Жогорку Кеңештин депутаты Элмира Жумалиева бул мыйзам долбоорунан эрте турмуш курууга чек коюу жана жубайлардын укугун коргоо максаты көздөлгөндүгүн билдирди. Андан соң, ал: «Биз ушундай фактыларды көрүп жатабыз. 15-16 жаштагы кыздарды эле никесин кыйып, күйөөгө берип койгон көрүнүштөр бар. Бул туура эмес, ата-энеси макул деп коёт, бала болсо жетиле да элек. Административдик, кылмыш жоопкерчилигин күчөтүшүбүз керек. Никеден мурун расмий каттоодон өткүдөй кылышыбыз керек», – деди.

Кыргызстандын калкы махр, нике, талак сыяктуу маселелерде Ислам шариятына катуу амал кылуучу мусулмандар. Ал тургай, бул өкүмдөр алардын турмушунда кеңири колдонулуп, дилине орношуп кеткен. Ал эми учурда талкууланып  жаткан бул мыйзам долбоору боюнча ЗАГСка барбаган жубайлар да, аларга нике окуган молдо да кылмыш жоопкерчилигине тартылып, беш жыл мөөнөткө камала турган болот! Бул мыйзам мусулмандарга карата акаарат о.э. шаръий өкүмдөргө тескери болушуна карабастан, алар “бул аркылуу турмушка чыгуучу кыз келиндердин укугун коргойбуз” деп жатышат!

Ушул жерде төмөнкүдөй суроо беребиз: Кыргызстанда кыз-келиндердин укугу бузулушунун артындагы чыныгы себеп эмне? Белгилүү бир абалдарда алардын багуучусуз жана үй-жайсыз калып кетишиндеги негизги себеп эмнеде? Ушул мажбурий киргизилип жаткан ЗАГС аларды башка мыйзамдар себептүү башына  түшүп жаткан кыйынчылыктардан куткара алабы? Акыры өздөрү кыйроонун чегинде болуп, кылып жаткан иштери батыл го!

Кыргызстанда балээнин  баары о.э. аялдарга байланыштуу болгон проблемалардын чечилбей жаткандыгы Аллах Субханаху ва Таала түшүргөн шарият өкүмдөрүнүн аткарылбай жаткандыгында. Себеби, Ислам аялга эне, үйдүн куту жана корголушу важиб болгон намыс деп карайт. Ислам аялга – турмушка чыга элегинде атасы жана махрамдары, турмушка чыккандан кийин болсо күйөөсү – камкордук кылып, аны өмүр бою тамак-аш, кийим-кече жана үй-жай менен камсыздоого буйруган. Эгерде аялдын багуучусу болбосо, ага камкордук кылууну жана коргоону мамлекет мойнуна алышы керек.

Эй Кыргызстандагы мусулмандар!

Акимдериңер силерди жаман башкарып жатат. Силер үчүн иштеп чыккан мыйзамдары проблемаңарды чече албай жатат. Алар муну менен эле чектелбестен, Роббиңердин өкүмдөрүнө каршы согуш жарыя кылуу менен силерди Исламдан алыстатып, капиталисттик куфр түзүмү менен бузук демократияны зордоп киргизмекчи болуп жатышат.

Аллах бүт дүйнөгө рахмат кылып түшүргөн дин Исламда адамдын бардык проблемалары үчүн чечим бар. Халифалык мамлекетинде өкүмдарлар, валийлер, казылар жана рошид халифа Ислам түзүмүн Аллах Субханаху ва Тааладан коркуу негизинде колдонот.

Акыйкатта болсо, кафир колонизаторлор биздин өлкөлөргө киришинен мурда мусулмандар Халифалык көлөкөсүндө бактылуу жашашкан. Аял киши урматталган жана намысы корголгон абалда сый-урматта жашаган. Бүгүн Кыргызстанда кыз-келиндер акааратталышынын, укугу тебеленишинин жана алар дуушар болуп жаткан оор шарттардын себеби аларга карата колдонулуп жаткан бузук түзүмгө барып такалат. Бул абалды, жогорудагы мыйзам долбоорунда айтылгандай, молдону камакка алуу менен чечүү мүмкүн эмес!

Эй Кыргызстандагы мусулмандар!

Мындай адилетсиз мыйзамга ыраазы       болбогула жана аны тамыры менен сууруп таштагыла. Ошондо гана азап тартып жаткан социалдык, экономикалык, саясий жана билим-берүү тармагындагы проблемаларды жок кыла аласыңар.

Бүгүн элдин добушу бийик көтөрүлө баштады, мусулмандардын Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты кайрадан тикелөө талабы бүт дүйнөгө кеңири жайылууда. Демек ушундай болгон соң, силер да аларга кошулуп, турмуш майданында исламий жашоону кайрадан баштоо үчүн аракет кылып жаткандар менен бирге аракет кылгыла.

Аллах Субханаху ва Таала мындай деди:

﴿اللَّهُ وَلِيُّ الَّذِينَ آمَنُوا يُخْرِجُهُم مِّنَ الظُّلُمَاتِ إِلَى النُّورِ ۖ وَالَّذِينَ كَفَرُوا أَوْلِيَاؤُهُمُ الطَّاغُوتُ يُخْرِجُونَهُم مِّنَ النُّورِ إِلَى الظُّلُمَاتِ ۗ أُولَٰئِكَ أَصْحَابُ النَّارِ ۖ هُمْ فِيهَا خالدون

«Аллах момундардын досу, аларды караңгылыктан нурга чыгарат, кафирлердин достору болсо шайтандар, алар кафирлерди нурдан караңгылыкка түшүрүшөт, дал ошолор тозокулар жана анда түбөлүк калышат»                                                                                              [2:257]

 

Хизб ут-Тахрирдин

Борбордук басма сөз  бөлүмүнүн аялдар жааты

Дареги: ал­Мазраа – «Колумбиа Центр» – блок б – экинчи кабат

Почта кутусу 14­5010

телефон: 00961 1 30 75 94

уюлдук телефон: 00961 71 72 40 43

электрондук почта: media@hizb-ut-tahrir.info

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here