ЕАЭБдин “пайдалары”

333
0

 Кыргызстан өкмөтү Россиянын басымы астында мамлекетти ЕАЭБге алып киргенге чейин карапайым калктын койнун куру жаӊгакка толтуруп, биримдикке мүчө болуу менен Кыргызстанга 170 миллион адамы бар базар ачылышын, биримдиктин аймагында товарлар, кызматтар жана жумушчу күчүнүн эркин айланышын о.э. экономика тармагында бирдиктүү саясат жүргүзүшүн убада кылган эле. А бирок, иш жүзүндө эмне болуп жатат?

 Иш жүзүндө мунун тескериси болууда. Кыргызстан ЕАЭБге толук кандуу мүчө болгон алты айга чукул убакытта Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы товар алмашуунун көлөмү эки эсеге кыскарып кетти.

 Бажы кызматынын маалыматтарына ылайык, 2014-жылы Кыргызстан Казакстанга жалпы баасы 340 миллион доллардан ашуун товар экспорт кылган болсо, биримдикке мүчө болгон 2015-жылы болгону 150 миллион доллардык гана товар саткан. Эки мамлекеттин ортосундагы жалпы сооданын көлөмү 2015-жылы 472 миллион долларды түзгөн жана бул көрсөткүч 2014-жылга салыштырганда эки эсеге азайып кетти.

 Өкмөт ЕАЭБге мүчө болуудан мурда ишкерлерге кызуу базарды убада кылып, Кытайдан мүмкүн болушунча көбүрөөк товар алып келип, складдарга басып алууга үгүттөгөн эле. Өкмөттүн жалган убадаларына ишенген ишкерлер карыздарды о.э. банктардан кредиттерди алуу менен товарларды басып алышкан эле. Бүгүнкү күнгө келип болсо алардын көпчүлүгү банкрот болуп, Борбор Азиядагы эң чоӊ дүӊ базарлар болгон Дордой жана Кара-Суу базарлары кризиске кептелип калды. Кыргызстанда өнүккөн жана мамлекеттик экономиканын негизги бөлүгүн түзгөн тигүүчүлүк тармагы, ун комбинаттары, канаттуулар фермасы, мал чарбасы о.э. айыл чарбасынын абалы да күндөн-күнгө начарлап бара жатат.

 Мындан тышкары, Россия Түркия менен Украинадан келе турган товарларга чектөө киргизгенден кийин Европа менен Түркиядан жүк ташуучу кыргызстандык айдоочулар Каспий деңизи аркылуу Казакстандын Актау портуна келип түшүшөт.

 Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгону менен биримдиктин ичинде эркин товар айлантуу эрежеси толук кандуу иштей элек. Узак жол басып, Кыргызстанга келаткан айдоочулар казак бажы кызматкерлеринин ашкан жемкордугуна нааразы.

 Россия 1-январдан баштап Түркиядан айыл чарба жана азык-түлүк товарларын алып келүүгө тыюу салгандан бери ал жерден Борбор Азияга жүк тартып чыккан машинелердин жолу узарды. Түркиядан чыккан жүк эми Россиянын аймагын айланып өтүп, Каспий деңизи аркылуу Казакстандын эл аралык Актау портуна келип түшөт. Президент Путиндин Украинадан товар ташууну январдан баштап токтоткон токтому күчүнө киргенден бери ишкерлер Борбор Азияга жүктү Грузия менен Азербайжан аркылуу Каспийге жеткирип, кемеге жүктөйт.

 Айдоочулар жол узарган сайын жүктүн баасы кымбаттаганына нааразы, анан да коңшу өлкөнүн бажы бекеттериндеги жемкордуктан жапа чегишүүдө. Айдоочулардын эл аралык транзитке тийиштүү документтери жайында болсо да, Актау портунда жүктү каттоодон өткөрүүдө тоскоолдуктарга дуушар болуп жатышканына нааразы болушууда.

 Эл аралык жүк ташуулардын эрежеси боюнча, эгерде жүктүн баасы 50 миң доллардан ашпаса, аны тоскоолдуксуз эле каттоодон өткөрүү керек. А бирок, көпчүлүк машиналардагы товардын баасы 20 миң доллардан ашпаса да казак бажычылары атайын кайтаруу менен жүрүү керектигин талап кылышууда. Бул болсо, кошумча чыгымдарга алып барууда.

 Актау портунда Казакстан аркылуу жүк ташып өткөн машинелерди атайын коштогон кызмат бар болуп, ар бир 10 машинаны полиция коштоп жүрөт. Порттон чыккан машинени кийинки облустагы бажыканага чейин коштоп барган кароолдун кызматы үчүн айдоочулар бир километрге эки жарым евро төлөшү керек. Мисалы, Актаудан Атырауга чейинки жол 385 евро, Атарыудан Оролго 187 еврого чыгып кетет. Жүк Казакстан аркылуу Кыргызстанга жетип келгенге чейин 1000 еврого жакын “жол акы” төлөнүшү мүмкүн.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here