Голд: Араб мамлекеттери Израиль менен алаканы күчөтүү ниетинде

309
0

Израилдин тышкы иштер министринин кеңешчиси Доре Голд бир нече араб мамлекеттери Израиль менен жакындан мамиле орнотуу үчүн жашыруун түрдө аракеттенип жатканы тууралуу билдирди. Голд араб мамлекеттеринин коомчулуктан жашыруун түрдө Израиль менен алакаларды өнүктүрүүнү каалашын “драматикалык өзгөрүш” деп баалады. Голддун баса белгилешинче, кээ бир Европа мамлекеттеринин Израиль менен мамилеси жакшы болбосо да, бирок, араб мамлекеттеринин ага болгон умтулуусу өтө күчтүү.

“Гезиттерде ачыкталбаган абалда, кандай болбосун, бардык араб мамлекеттери Израиль менен өз ара жакын алакаларды орнотууга даяр”, “Биз дүйнөдөгү кээ бир мамлекеттер менен келише албагандыгыбыз чындык. Мисалы, Европа менен мамилебизде кээ бир проблемалар бар экендиги эч кимге жашыруун эмес. Бирок, бүгүнкү күндө Израиль үчүн ачык болгон көп мамлекеттер бар. Биздин дүйнөдөн үзүлүп калганыбызды айтып жаткандар эмнени айтып жаткандыгын өздөрү да билишпейт”, – деди коопсуздук изилдөөлөрү институтунда болуп өткөн конференцияда сөзгө чыккан Голд.

Голд көптөгөн араб мамлекеттерине барып келгендигин билдирип, бирок, алар кайсы мамлекеттер экендигин атабады.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here