Муртад ва такфир

348
0

Cуроо: Ассаламу алайкум. Бүгүнкү күндө Үммөт ичинде “муртад”, “такфир” сыяктуу сөздөр көп колдонула баштады. Муртад ким, такфир эмне экенин тунук кылып түшүндүрүп берсеңиздер. Алдын ала рахмат.

Жооп: Ва алейкум ассалам! “Муртад” – Исламдан куфрга кайткан инсан деген мааниде колдонулат. “Такфир” болсо – каапырлыкка чыгаруу дегени.

Муртад деп өкүм берүү казынын иши болуп, андан башкасынын сөзү этибарсыз эсептелет. Мусулмандар бири-бирин каапырга чыгарып, аларга кордук көрсөтүүсү шерменделик, өтө чоң күнөө жана оор кылмыш болуп эсептелет. “Такфир”ге чыгаруу артынан дагы көп арам иштер келип чыгат. Маселен: Пайгамбарыбыз мындай деген: « بِحَسْبِ امْرِئٍ مِنَ الشَّرِّ أَنْ يَحْقِرَ أَخَاهُ الْمُسْلِمَ كُلُّ الْمُسْلِمِ عَلَى الْمُسْلِمِ حَرَامٌ دَمُهُ وَمَالُهُ وَعِرْضُهُ ».المسلم
“Инсандын жаман болушуна анын мусулман боордошун акааратташы жетиштүү. Ар бир мусулмандын мусулманга: каны, малы жана аброю арам”. (Имам Муслим риваяты).

Бир мусулмандын каны адал болушу үчүн, ага казы шарият негизинде өкүм чыгарышы керек. Маселен, бирөөнү атайын өлтүргөн инсан да казынын өкүмүнөн кийин гана өлтүрүлөт. Ал тургай, мусулмандын арзыбас байлыгын да гойри хак (акысыз түрдө) алуу мүмкүн эмес. Анткени Алла Таала айтат:

وَلَا تَأْكُلُوا أَمْوَالَكُمْ بَيْنَكُمْ بِالْبَاطِلِ
Малыңарды өз араңарда арам жолдор менен жебегиле (т.а бири-бириңердин акыңарды жебегиле) [2:188]

يَاأَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَأْكُلُوا أَمْوَالَكُمْ بَيْنَكُمْ بِالْبَاطِلِ إِلَّا أَنْ تَكُونَ تِجَارَةً عَنْ تَرَاضٍ مِنْكُمْ وَلَا تَقْتُلُوا أَنفُسَكُمْ إِنَّ اللَّهَ كَانَ بِكُمْ رَحِيمًا
Эй момундар, малыңарды ортоңордо бузуку жолдор менен жебегиле! Бирок, өз ара ыраазылык менен болгон соода-сатык аркылуу мал-дүнүйө жыйнагыла. Бири-бириңерди өлтүрбөгүлө! Албетте Алла силерге мээримдүү Зат. [4:29]

Бул сыяктуу көптөгөн аяттар бар. Маселен, [34:39] [2:272] [2:273][57:7] [13:22], [3:92], [2:261], [2:265], [2:274] [3:134]).

Бир мусулман боордошту каапырга же муртадга чыгаруу оюн эмес, мунун жоопкерчилиги өтө оор. Алла Таала айтат:

إِذْ تَلَقَّوْنَهُ بِأَلْسِنَتِكُمْ وَتَقُولُونَ بِأَفْوَاهِكُمْ مَا لَيْسَ لَكُمْ بِهِ عِلْمٌ وَتَحْسَبُونَهُ هَيِّنًا وَهُوَ عِنْدَ اللَّهِ عَظِيمٌ
“Ошондо силер аны тилден тилге алып, ооздоруңар менен өздөрүңөр анык билбеген нерсени сүйлөп жана муну жеңил иш деп ойлоор элеңер. Акыйкатта болсо ал Алланын алдында чоң күнөө”. [24:15]

Бул тармакка катардагы мусулмандын киришүүгө акысы жок. Каапырлыгы анык болбогон бирер иште мужтахидден башкасы ар кандай каталарды кетирип, арам иштерге кирип калуусу мүмкүн. Анткени, бул темада талкуу кылуу үчүн, араб тили жана ижтихадда керек боло турган айрым илимдер талап кылынат. Башкалардын акыйдалары тууралуу өкүм чыгарууда эч кандай күмөн аралашпаган нерселердин негизинде өкүм чыгаруу керек. Бул жаатта “Ахли сунна”нын бирөө үстүнөн “кафир” деп өкүм чыгарууга (такфир) байланыштуу раъйларын келтиребиз:

Салаф солих «ахли сунна вал-жамаа» – таъвил кылганы же мажбурланганы үчүн (бирок, жүрөгү ыйман менен кадыржам болгон абалда) куфр ишти кылган кишини – каапыр экендигине хужжат келтирүүдөн мурда Исламдан чыгарбайт. “Ахли сунна вал-жамаа” эч бир мусулманды кылган күнөөсү себептүү, ал чоң күнөө болсо да, эгер ал мажбурлоосуз ширкке ачык куфрга жетпеген болсо, каапыр эсептебеген. Бул күнөөлөрдү кылган кишиге каапыр деп өкүм кылбаган. Балким, динде арам экендиги маалым болгон иштерди адал эсептебеген же аны түптөн инкар кылбаган болсо, ага фасык жана ыйманы төмөн деп өкүм кылынат. Анткени, асл куфр – билип туруп атайын жалганга чыгаруу, көңүлдүн буга кубанышы, калбдын муну менен эс алышы жана дилдин ага карата катуу каалоосу. Кокустан, атайлабастан кирип калган ширк акыйдалары такфир бабында этибарга алынбайт. Айрыкча, билбестен аткарылган болсо т.а Исламды дале түшүнбөгөн болсо. Алла Таала айтат: “Бирок, кимдин дили ыйман менен ырахат алган абалда (каапырлык келмесин) айтууга мажбур кылынса (анын ыйманына зыян жетпейт)” [Нахл: 106]. Умар ибн Хаттаб t нун алдына Абу Муса Аль-ашарий t тарабынан бир киши келгенде, Умар t адамдар туурасында сурады. Ал бардык сөздү айтып бүткөндөн соң, андан Умар t “силерде адаттан тыш окуя болдубу” деп сурады? Ал “ооба, бир киши исламдан кийин каапыр болду” деди. “Ага эмне кылдыңар?” деп сурады. “Ага жакын барып, мойнуна урдук (өлтүрдүк)” деди. Ошондо Умар t: “үч күн камап, ар күнү бирден нан берип, тообо кылышын талап кылбапсыңар да, балким тообо кылып, Алланын өкүмүнө кайтып келмек” деди. Андан соң, “Аллахым албетте мен бул окуяда катышкан эмес элем, мен буюрбадым, эгер мага жеткенде ыраазы болбойт элем” деди. “Ахли сунна вал-жамаа” Куръан жана суннөттөн каапыр экенине далил болбогон кишини каапыр эсептебейт. Эгер ал ушул абалда өлсө, анын иши Аллага калат: кааласа жазалайт, кааласа кечирет, – деп этикад кылат. Пайгамбарыбыз Мухаммад мындан эскертип айтат: “Ким өз бир тууганына: “Эй каапыр!” десе ал экөөнүн бири каапыр болот. Эгер ал (биринчиси)нин айтканы туура болсо (экинчиси каапыр болот). Болбосо айтылган сөз (каапыр деген кишинин) өзүнө кайтат” (Имам Бухарий риваяты).

“Бир киши (башка) бир кишини “каапыр” же “Алланын душманы” деп айтса жана ал андай болбосо, айткан сөздөрү өзүнө кайтат” (Имам Муслим риваяты).

“Бир киши башка бирөөнү фасыктык жана куфр менен айыптаса. Эгер ал кафир же фасык болбосо айткан сөзү өзүнө кайтат” (Имам Бухарий риваяты).

“Момунду каапырлык менен айыптаган киши(нин күнөөсү) аны өлтүргөн сыяктуу” (Имам Бухарий риваяты).

“Ахли сунна вал-жамаа” бидъатчылар үстүнөн күнөөкөрлүк же каапырлыкта мутлак өкүм кылуу менен – Исламды кабыл кылганы анык болгон, бироқ, бирер фарз-важибди аткарбаган же Исламдан болбогон ишти кылган киши үстүнөн фасык же каапыр деп өкүм чыгаруунун ортосун ажыратат. Алар бул адамга акыйкатты баян кылып, хужжатты келтирип, күмөнүн жоготконго чейин бирер өкүм чыгарбаган. Алар: белгилүү бир шахста качан гана анда шарттар толук табылса жана маниъликтер жок болсо гана, өкүм чыгарууга укуктуу болгон казы же валий тарабынан аныкталгандан кийин, үч күн тообо кылышы үчүн убакыт берип, ошондо да кайтпаса, муртад деп өкүм чыгарылат жана жазаланат, – дешкен.

– “Мусулман күмөн менен Исламдан чыгарылбайт”. Бул салафи-солихтердин коидасы болуп, бул коида бекем сакталган. Алар адамдарды каапырга чыгаруудан абдан алыс болгон. Ошондуктан да, Али ибн Абу Талиб tдан Нахраван калкы тууралуу: “алар каапырбы”-деп суралганда: “Жок алар куфрдан качышты”,-деп жооп берген. “Алар мунафыкпы”,-деп сурашканда: “Мунафыктар Алланы аз эстешет. Алар болсо Алланы эртели кеч зикр кылышат. Алар биздин бир туугандарыбыз, болгону алар бизге баскынчылык кылышты”,-деп жооп берген. (Байхакий: “ас-Сунанул-Кубра”: 8/173).

Куфр ыймандын тескериси болсо да, шариат тилинде эки мааниде келет. Айрым аят-хадистерде келген “куфр” сөзүнөн Ислам калкынан чыгарылган, айрым жерде болсо Ислам калкынан чыгарылбай турган маанилер назарда тутулат. Анткени ыйман сөзү колдонулганы сыяктуу, куфр сөзү да түрдүү кколдонулат. Куфр көптөгөн негиздерге жана тармактарга ээ болуп, алардын айрымдары чыныгы куфрга – динден чыгууга себеп болсо, айрымдары каапырлардын ишин түшүндүрүп, ал иштер мусулмандар үчүн арам дегени. Ошондуктан акыйда темасына күмөн негизинде жандашуу мүмкүн эмес. Имамдардын күнү – “شمس الأئمة” – деп таанылган Сарахсий рахимахуллах ушундай темаларда, жада калса, мужтахиддерге да эскертме берип мындай деген:

قال شمس الأئمة السرخسي رحمه الله: “ففي هذين النوعين من الانتقاد للحديث علم كثير، وصيانة للدين بليغة؛ فإن أصل البدع والأهواء إنما ظهر من قِبَلِ ترك عرض أخبار الآحاد على الكتاب والسنة المشهورة، فإن قوماً جعلوها أصلاً مع الشبهة في اتصالها برسول الله عليه السلام ومع أنها لا توجب علم اليقين، ثم تأوّلوا عليها الكتاب والسنة المشهورة فجعلوا التبع متبوعاً، وجعلوا الأساس ما هو غير متيقّن به فوقعوا في الأهواء والبدع. من هنا فإن الصواب أن تعرض أخبار الآحاد الواردة في القبر على الكتاب والسنة القطعية، فتفهم على ضوئها، وحين فعلنا ذلك وجدنا حاجة لتأول الفهم، ولإيجاد مخارج للتعارض، مما جعلنا نهبط بما في هذه الأخبار عن درجة التواتر المعنوي إلى درجة التصديق غير الجازم.”

«Албетте, бидъаттардын түпкүсү – ахад кабарларды Китеп жана машхур белгилүү сүннөт негизинде текшерүүнү таштоодон пайда болот. Албетте, айрым адамдар аларды (ахад кабарларды), күмөндүү (т.а эч кандай күмөнсүз даражага көтөрүлбөгөн) болсо да, негиз кылып алышат-да, кийин анын негизинде Китепти жана Сүннөттү таъвил кылышат. Буларды ага табиъ кылышып (баш ийдирип) коюшат жана анык болбогон нерсени негиз кылып алышып, бидъаттарды келтирип чыгарышат. Ушундан маалым болгондой, туурасы, “кабыр” туурасындагы ахад хадистерди Китеп жана катъий сүннөт негизинде текшерип чыгышыбыз керек. Ушундай карай турган болсок, түшүнүктөрдү каршы тараптагы түшүнүктөргө ылайыкташтыруу үчүн жана кабыл болушу үчүн таъвил кылууга туура келет (т.а жүзгө-жүз алууга мүмкүн эмес, балким таъвил кылууга мажбур болобуз). Бул бизди мына ушул темада келген кабарларды манавий мутаватир даражасынан катъий болбогон тастыктоо даражасына түшүрүп коёт».

Биз күмөндүү нерсени негиз кылып, кийин анын негизинде мусулмандарды куфрга чыгарууну арам деп билебиз т.а акыйда бабында күмөндүү нерсе негиз кылынбайт: “Акыйдалар жалгыз гана анык жана ишенимдүү далилден гана алынат”. (“Ислам түзүмү” китебинен).

Муттакий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here