Россия ЖМКлары: Кыргызстан менен Россиянын мамилеси чыңалууда

348
0

 REGNUM агенттиги өткөн жумадагы апталык рейтингинде Кыргызстанды Москва менен мамилеси чыңалган өлкөлөрдүн катарына кошту.

 Апталык рейтинг маалымат агенттигинин эксперттери тарабынан түзүлүп, Россия менен чет өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамиледеги чыңалуу даражасын белгилеп берет. Рейтинг 100 баллдык шкала боюнча бааланып, 1 балл – жакын санаалаш дегенди билдирсе, 100 балл болсо, согуштук абалды түшүндүрөт.

 Агенттиктин түшүндүрмө беришинче, балл канчалык төмөн болсо эки тараптуу мамиленин жакшы экендигин, өсүп барышы болсо анын жаман экендигин көрсөтөт.

 Өткөн аптада Россия менен чыңалуу даражасы өсүп бара жаткан мамлекеттердин бири Кыргызстан болду. Рейтинг эксперттеринин пикиринче, Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине мүчө болуп кириши да инвестициялык климатты көзгө көрүнөрлүк даражада оң жакка өзгөртпөгөн.

 Өткөн аптада жарыя кылынган рейтингде Молдова менен Саудия да алдынкы орундарга чыгышкан.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here