Кыргызстан өкмөтү 2016-жылдын бюджетин 22 миллиард 454млн сом дефицит менен бекитти.

278
0

Кыргыз өкмөтү 2016-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүн 124,4 млрд сом деп карап чыкты. Бул ИДПнын 24.8%ын түзөт. Жалпы бюджеттен кетиши керек болгон чыгашаларды болсо 146.9 млрд сом деп эсептеп чыкты. Бул болсо ИДПнын 29.3%ын түзөт.

Республика бюджетинин жалпы дефицити 22 млрд 454 млн сом болуп эсептелди. Бул ИДПнын 4.5%ын түзөт.

Кыргызстан сыяктуу жакыр мамлекеттердин өкмөттөрүнүн негизги иштери ушундай. Т.а. ушул дефициттерди жылдын экинчи бөлүгүнө чейин оңдоо үчүн аракет жана ой-пикирлер менен өткөрүшөт. Өкмөттүн негизги милдети мамлекеттин экономикасын өнүктүрүү экендиги алардын эсинен чыгып кеткен. Өкмөттөр канча алмашканы менен жаңы келгендери да кудум ушул салтка айланган система негизинде ишти улантышат. Себеби, бул Кыргызстан программа катары кабыл алган бузуку капиталисттик системанын катасы.

Кыргызстан өкмөтү Лениндин “эки кадам алга, бир кадам артка” ураанына  окшогон стратегияны колдонуп жатышат. Алар жарандардын үстүндөгү салыктарды бир нече тармактарда көтөрүп жиберишти. Олуттуу нааразылык пайда кыла турган бир нече тармактардагы кошумча салык жөнүндөгү мыйзамдарды артка чакыртып алышты. Бул мыйзам долбоорлору коомдук талкууга коюлуп, коомчулуктун көңүлүн бурду. Нарында бийик тоолуу аймактардан жеңилдиктерди алып салуу жөнүндөгү мыйзамга каршы  митинг болуп өттү. Милдеттүү камсыздандыруу жөнүндөгү мыйзамды депутаттар колдоого алышпады. Депутат Салянова болсо никеге тиешелүү бир арзыбаган, бирок, мусулмандардын туйгусуна тийе турган долбоорду Жогорку Кеңешке жана коомчулукка алып чыкты. Бул нерсе коомчулукту чалгытуу үчүн ойлоп табылган, мусулмандарды сестендирип, негизги максаттардан башка арзыбаган тарапка багыттап туруу үчүн атайын ойлоп табылган айлакердик болчу. Бул ишке Салянованын акылы жеткен эмес. Т.а. бул мыйзам – анын партиясынын башчысы ойлоп тапкан айла-амал. Натыйжада бир-эки мыйзам кабыл алынбады. Бирок, бул айла-амалды ойлоп тапкандар кээ бир мыйзамдар кабыл алынбастыгын билишкен. Алар митингге чыккан Нарындын эли менен жолугушту жана бир катар пролблемаларды чечүүгө убадаларды берип кайтышты.

 Булар өкмөт тарабынан №50 абакта уюштурулган операция ийгиликсиз болуп, коомчулук бул ишке катуу киришип бара жатканда, коомчулукту чалгытуу максатында Жанар Акаевдин парламенттеги намазкана тууралуу айткан сөздөрүн сенсация кылып жиберишкен эле. Андан соң Маликовго каршы атайылап уюштурулган операциядан да пайдаланышты. Муну менен алар коомчулуктун көңүлүн олуттуу жана өздөрү үчүн зыяндуу болгон иштерден чалгытып жиберишти.

Жогоруда да жерге салынган салыктын дээрлик он эсеге көтөрүлүшү, аэропорттогу ар бир жүргүнчү үчүн киргизилген жаңы тариф, ЕАЭБге кошулгандан кийин бажыканага киргизилген бир нече өзгөрүүлөр ж.б.у.с. бир катар мыйзамдар жарандардын көңүлүнөн четте калтырылды. Өкмөт атайын бир-эки мыйзамды артка чакыртып алуу менен элди адаштырып, ондогон мыйзамдарды өткөрүп алды.

Бирок, үстүбүздөгү жыл Кыргызстанга мурунку каталары үчүн төлөм жылы болушу күтүлүүдө. Кыргызстан өз саясатын Россия менен параллель жүрө турган стратегиялык, саясий жана экономикалык кызматташтык негизине куруп алды. Натыйжада Россиянын бардык ийгиликсиздиги жана ага каршы колдонулуп жаткан санкциялар бизге да таасирин тийгизди.

Эми кыргыз жетекчилери Россия менен мамилесин буза башташты. Өкмөттүн узакты көрө албастыгы, саясий аң-сезиминин алсыздыгы о.э. кежирдиги Кыргызстанды жакырчылыкка кептеп, андан тышкары коопсуздук жагынан да өтө кооптуу абалга алып бара жатат.

Кыргызстандын бүгүнкү абалга келип калышындагы жалпы көрүнүш жана себептер мына ушундай. Бирок, эми бул абалдан чыгып кетүү үчүн бйлик эмнелерди кыла баштады жана эмнелерди кылууга мажбур. Булар албетте жарандарга салык салууну көбөйтүүдөн башка чараны билишпейт. Жарандар кризиске батып бара берет. Ошондо өкмөт колундагы күч-кубаттан пайдалануу менен жарандарга басым өткөрүп, алардан мүмкүн болушунча көбүрөөк салык өндүрүп алуу жөнүндө пикирлейт.Коррупция күчөп, табигый түрдө нааразылыктар да көбөйүп бара берет. Бул башы туюк саясий жетекчилик болуп, өкмөт элдин алдындагы милдеттүү төлөмдөрдү төлөө үчүн ошол элдин өзүнөн көбүрөөк тартып алуунун жолдорун издей берет.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here