ГЭС куруу келишими жокко чыгарылды

248
0

Кыргызстан парламенти 20-январь күнү Россия менен кызматташтыкта курулушу керек болгон Камбар-Ата -1 жана жана Жогорку-Нарын ГЭС каскадын куруу үчүн түзүлгөн келишимдерди жокко чыгарды. Өз кезегинде Россия бул долбоор үчүн жумшалган акчаларды кайтарууну талап кылат. Ушул кезде болжол менен 37 миллион доллар жумшалган деген божомол бар. Ошондуктан, 21-январь күнү ушул каражаттар кандай жумшалганын текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлдү.

2015-жылдын соңунда жыл жыйынтыгы боюнча өткөрүлгөн маалымат жыйынында президент Атамбаев Путин менен аталган эки ГЭСтин курулушу боюнча сүйлөшкөндүгүн жана тескери жооп алгандыгын айтып өткөн эле. Президент Россиянын экономикалык абалы бул ГЭСтерди курууну көтөрө албастыгын айтып, эми бул долбоорлор үчүн биз жаңы инвесторлорду табышыбыз керек  деген эле.

Арадан эч канча убакыт өтпөстөн өкмөт да бул пикирди тастыктап, Россия менен ушул долбоор келишиминен бир тараптуу чыгуу жөнүндө токтом кабыл алды. Эми Кыргызстандагы жогорку инстанция болуп эсептелген “Жогору Кеңеш” да бул токтомду тастыктады жана Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы бул ири келишим жокко чыгарылды.

Эми бул аракеттер Россия тарабынан кандай кабылданышы маанилүү. Белгилүү болгондой, Россия азыркы абалында ушул долбоорду ишке ашыра албайт. Бирок, бул маселени Кыргызстан ушундай кырдаалда көтөрө баштаганына нааразы болушу да анык. Кыргызстандын стратегиялык маанилүү тармагы колунан чыгып кетишине Россия ыраазы болбойт. Кыргызстандын ушул экономикалык начар  абалдан чыгуу үчүн аракет кылып, башка инвесторлорду издөөгө мажбур болушун Россия кыянат деп кабыл алат.

Россия экономикалык кризиске карай бара жаткан абалында да Кыргызстандын колдон чыгып, башка бир колонизатордун колуна өтүп кетишин каалабайт. Ал биздин Россия менен бирге кризис жана кыйынчылыктарда бир сапта туруп беришибизди, алар эмне болушса, биз да алардын кызматкери катары алардан да төмөнүрөөк абалда сабыр кылып туруп беришибизди каалайт. Эгерде жогорудагы сыяктуу өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды ойлоп бирер ишти кыла баштасак мүмкүнчүлүгү болушунча душмандык позицияга өтүп алып, бүт мамлекетке басым өткөрө баштайт.

Россия бизге каршы экономикалык (карыздарды суроо), саясий (ар түрдүү нааразылыктарды пайда кылуу), аскерий (ички жана тышкы террорчулар жөнүндө жалган ызы-чууларды пайда кылуу) жана маалыматтык чабуул уюштуруу аркылуу бир катар проблемаларды пайда кылууга аракеттенет.

Бирок, Кыргызстан эртеби-кечпи Россиядан бөлүнүп өзүнүн жарандарынын кызыкчылыгы үчүн жашоого өтүшү керек. Бул убакыт маселеси. Убакыт өтүшү менен Россия кыргыз эли үчүн эч кандай жардам бере албай турган абалга түшүп калат. Кыргызстан кырылып кетпестик үчүн болсо да Россиядан баш тартууга мажбур болот. Бул жерде Кыргызстан сыяктуу мамлекеттин абалы дээрлик артка кайткыс процесс болуп, чоң мамлекеттер кол астындагы мамлекеттерди ар тараптуу колдой алышпаса, колония мамлекеттер башка колонизатордун кол астына өтүп кетишет, же аларды түздөн-түз аскерий жол менен колония кылып алышат.

Кыргызстанды да ушул абалдардын бири күтүп жаткан болушу мүмкүн. Ар бир мамлекет өзүнүн мурдагы каталары үчүн төлөм төлөөгө мажбур болот. Бирок, бул алакалардагы кескиндик сөзсүз болуп өтүүчү абал болуп, Кыргызстан Россия менен бирге чөгүп кетет же эси барында этегин жаап, бир катар кыйынчылыктарга каршы турууга мажбур болот.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here