Женева сүйлөшүүлөрүндө оппозиция өкүлдөрүнөн кимдер катышат?

291
0

25-январь күнү Женевада башталышы пландаштырылган Сирия маселеси боюнча болуп өтүүчү сүйлөшүүлөр үчүн чакыруу каттары жөнөтүлө элек. Бул тууралуу БУУ маалымдады. “Анадолу” маалымат агенттигинин кабар беришинче, сүйлөшүүлөрдө оппозиция өкүлдөрүнөн кимдер катышуусу чечилбегендиктен чакыруу каттары жөнөтүлбөй токтоп турат.

БУУнун башкы катчысынын орун басары Фархан Хак журналисттерге берген бидирүүсүндө Сирия маселеси боюнча сүйлөшүүлөр кечигиши мүмкүн экендигин айтты.

“Сирияны колдоп-кубаттоо тобундагы жетекчи мамлекеттер сүйлөшүүлөргө чакырылуучу оппозиция өкүлдөрү туурасында келишип алгандан кийин БУУ тарабынан чакыруу каттары жиберилет”, “Эгерде белгиленген күндү өзгөртүүгө муктаждык пайда болсо, ал тууралуу өзүбүз кабарлайбыз”, – деди Фархан Хак.

БУУнун Коопсуздук Кеңеши 18-декабрдагы жыйынында ок атууну токтотуу, өткөөл мезгил өкмөтүн түзүү, жаңы конституцияны иштеп чыгуу жана шайлоолорду өткөрүү туурасындагы токтомдун долбоорун бир добуштан кабыл алган эле. Токтомдо БУУнун башчылыгында Сирия режими менен оппозиция өкүлдөрү ортосунда саясий сүйлөшүүлөр башталары айтылган болчу.

Сирияда кайсы топтор террордук уюм катары жарыя кылынышы жана кайсылары куралдуу оппозициялык топтор катары кабылданышы маселеси декабрь айында Нью-Йоркто өткөн жыйындарда ортого ташталып, андан бирер натыйжа чыкпаган эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here