Роберт Форд: Сирия оппозициясы өз шарттарынан баш тартышы керек

261
0

Роберт Форд: Сирия оппозициясы өз шарттарынан баш тартышы керек

Американын Сириядагы мурунку элчиси Роберт Форд «Арабий Жадид» сайтына берген интервьюсунда «Асад бийликтен кетиши керек деген шарт алдын ала коюлбашы керек. Тескерисинче, башка маселелер катары Асаддын келечеги да сүйлөшүүлөр столуна коюлушу керек», – деди. Эгерде оппозиция бул шартта катуу туруп алса, бул абал аларды согушкер (экстремист) деп сүрөттөөдө Асадга жардам берет.

Анын айтымында, оппозиция алдын ала коё турган бардык шарттарынан баш тартып, «эң жакшы келишимге жетишүү мүмкүн болгон» сүйлөшүүгө киришкени жакшы болот. Анын пикиринче, «Оппозиция эгерде ушундай кылса, сүйлөшүү столуна отурган кезде Асад аларды террористтер жана экстремисттер деп айта албайт». Арийне, «Сүйлөшүү темасын Сириядагы жаңы өкмөткө кандай жетишүү мүмкүн экендигине буруп жиберет». Форд кошумчалап: «Албетте, менин оппозициядагы досторум бул сөзүмдөн курсант болушпайт. А бирок, алар Сирия өкмөтүн кантип четке чыгаруу керектигин түшүнүшү керек. Бул сүйлөшүүлөр акырын жүрүшү табигый жана дароо келишип алуу кыйын. Муну баарыбыз жакшы билебиз», – деди.

Ал дагы: «Сирия оппозициясы көптөн бери АКШ Сирияга армия жибере турган күндү күттү. А бирок, алар бул нерсе эч качан болбостугун түшүнүшү керек», – деди. Андан соң: «Алар тактикаларын өзгөртүп, режимди оор саясий абалга кептеп коюшу керек», – деди (Арабий Жадид).

Роя гезитинин комментарийи:

Американын Сириядагы мурунку элчиси Америка планын ачып койду. Анын планы Сирия оппозициясы мурдатан коюп келген шарттарынан баш тартып, Асад режими менен сүйлөшүү столуна отурушу жана сүйлөшүүлөрдү Америка белгилеген форма жана мазмун боюнча жүргүзүшү болчу. Роберт Форд ачык айтпаса да, бирок тымызын: «Америка анын каалоосуна гана баш ийишиңерди каалайт. Болбосо, террорист жана экстремист деген тамга жабыштырабыз. Американын өз саясатын өзгөртүп, силерди куткаруу үчүн армиясын жиберет деп камтама болбогула. Жок, силер Америка шарттарына моюн сунуу менен өзүңөрдү-өзүңөр куткарганыңар жакшы», – деп жатат. Ооба, Сирия калкы өздөрүнө каршы кандай фитналар токулуп жатканын түшүнүп жетип, ушунча берген курмандыктарын сая кетирбеши керек. О.э. буларды сүйлөшүү столуна алмаштырбастык үчүн Американын артынан бара жаткан ар кандай топту токтотуп калышы керек. Себеби, Сирияда күтүлүп жаткан иштердин эң жаманы – алар ушунча курмандыктарды бергенден кийин – Американын бир малайдын ордуна башка бир малайды орнотууга мүмкүнчүлүк табышы.

Роя гезитинин 2016-жыл, 13-январдагы 60-санынан

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here