АКШда Кыргызстанды “өзгөчө кооптуу мамлекеттер” тизмесине киргизүү сунушталды

263
0

“Известия” гезитинин кабар беришинче, АКШда Кыргызстанды террорчуларды жеткирип бериши мүмкүн болгон “өзгөчө кооптуу мамлекеттер” тизмесине киргизүү сунушталууда.

АКШ Конгрессине киргизилген жаңы мыйзам долбооруна ылайык, террорчулар келиши мүмкүн болгон “өзгөчө кооптуу мамлекеттер” тизмесин расмий түрдө тастыктоо сунушталууда. Мыйзам боюнча, мындай мамлекеттердин жарандарына визаларды 30 күндө даярдап берүү о.э. алардан келүүчү качкындарды көзөмөлдөө күчөтүлөт.

 Гезиттин жазышынча,  бул өзгөртүүлөрдөн кийин мамлекеттик департамент “кара тизме”деги мамлекеттерден келген мигранттарды кабыл алууга мораторий киргизиши мүмкүн болот. Бул “коопсуздук акты” Кентукки штатынын сенатору Рэнд Пол тарабынан иштелип чыкты.

“Өзгөчө кооптуу мамлекеттердин” толук тизмеси төмөнкүдөй: Россия, Афганистан, Алжир, Бахрейн, Бангладеш, Мисир, Эритрея, Индонезия, Иран, Ирак, Иордания, Казакстан, Кувейт, Кыргызстан, Ливан, Ливия, Мали, Марокко, Нигерия, Түндүк Корея, Оман, Пакистан, Катар, Сауд Арабия, Сомали, Судан, Сирия, Тажикстан, Тунис, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Өзбекстан, Йемен жана Палестина.

Туркистон:

АКШнын бул тизмеси кудум террорчу топтор же адамдардын тизмеси сыяктуу. Бул эки тизме негизинде дээрлик бирдей мамиле кылынат. Т.а. ушул тизмеге кирген мамлекеттер дүйнө мамлекеттери үчүн, ошону менен бирге АКШ үчүн да, бирер тармакта же бардык тармакта коркунуч туудуруучу мамлекеттерге айланып калышы мүмкүн.

Бирок, бул коркунучтун көлөмүн жана кооптуу мамлекетти, же болбосо белгилүү бир мамлекеттеги бирер тармактагы коркунучтун көлөмүн АКШ гана белгилеп берет. Албетте ошол мамлекеттин АКШга канчалык көз карандылыгы, анын АКШ үчүн стратегиялык мааниси, ошол мамлекет жетекчилигинин көз караштары, АКШ үчүн саясий жана экономикалык жактан келтириши мүмкүн болгон же келтирип жаткан пайдалары…. жана башка ушул сыяктуу абалдарынын АКШга үндөш жана пайдалуу экендиги негизги жана чечүүчү ролду ойнойт.

Мисалы, Өзбекстан президенти Каримовдун залимдиги себептүү АКШ баш болуп, дээрлик бүт дүйнө андан жүз үйрүгөн эле. Афганистанда баткакка батып бара жатканда Каримовдун жардамына муктаж болуп калган АКШ Каримов режиминен дээрлик бардык санкцияларды алып таштады. Кудум, “ал эми жырткыч эмес, же анын жырткычтыгы эми баарыбызга туура келе турган болуп калды” деген сыяктуу.

Тыянак кылып айта турган болсок, АКШ “өзгөчө кооптуу мамлекеттер” тизмесине киргизген мамлекеттер АКШнын көзөмөлү астында болуп турушат. Алардын чындап эле өзгөчө кооптуу болуп кетиши, алардын АКШга карата мамилесине байланыштуу. АКШга кошомат кылып, анын кызыкчылыктары негизинде иш алып барышса – ал тургай, Асадга окшоп миллиондогон адамдарды кырып жиберсе да Ж. Керри “АКШ региондордо досторун жалгыз таштап койбойт” деп айтканы сыяктуу – бүт дүйнө ага жамандык кыла албайт.

Асадды караңыз, дээрлик өлүк саясатчы. Бирок, ал башынан бери АКШнын сызыгынан чыкпады. Заманыбыздагы эң ири жырткыч, канкор жетекчилерден болушуна карабастан, кадыржам жашап жатат. Ал АКШнын “тактыны таштап кач” деген буйругун күтүп жатат. Бирок, АКШ аны өз коргоосунда кармап турган соң, эч кандай кубат аны жок кыла албай жатат.

АКШ Кыргызстанды да эң кооптуулар тизмесине киргизди. Эми АКШ Кыргызстандын дээрлик ар бир тармагындагы иштерге тумшугун тыга алат. Ал тармактагы кооп-коркунучтарды текшерет. Жарандардын АКШга барып келүү алакаларындагы виза берүү ишин өтө катуу көзөмөлдөйт. Же болбосо тескерисинче, бардыгын бир тарапка жыйыштырып коюп, алакаларды жакшыртып жиберет. Эми бул кыргыз бийлигинин АКШга татыктуу кызмат көрсөтүшүнө жана Россия менен кескин мамиле кылышына байланыштуу. Бул болсо, бийлик өкүлдөрү үчүн өтө чоң проблемаларды алып келиши мүмкүн.

Кыскасы, кыргыз өкмөтү жана президентинин мүмкүнчүлүктөрү күн өткөн сайын кыскарып барууда. Мамлекет жана региондогу кырдаал болсо курчуп бара жатат. Чоң мамлекеттер Орто Азия мамлекеттерине дагы да жаманыраак көз караш менен карап, жаман тарапка өзгөрүп бара жатышат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here