АКШ региондо досторун жалгыз таштап койбойт

236
0

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Лондондо Саудиянын тышкы иштер министри Адил ал-Жубайр менен өткөргөн сүйлөшүүлөр учурунда Саудия жана Иран ортосундагы пайда болгон кескиндик тууралуу токтолуп өттү. Керринин баса белгилешинче, Америка Кошмо Штаттары региондо досторун жалгыз таштап койбойт. Бирок, АКШ бул эки мамлекет ортосунда дипломатиялык алака болушун каалайт.

“АКШ региондогу союздаштарынын жана досторунун жанында турат, аларды эч качан жалгыз таштап койбойт. Бирок, биз дипломатиялык иштерди да көрүүнү каалайбыз. Ашыкча карама-каршылыкка барбай туруп, кээ бир маселелерди чечүүнүн жолун көрүүнү каалайбыз. Региондо эң көп муктаждык болуп жаткан нерсе көбүрөөк талкууларды жүргүзүү. Саудия да ушундай пикирде экендигине ишенемин”, – деди Керри.

АКШнын Саудия менен кызматташтыкта жүргүзүп  жаткан достук аракеттери Жакынкы Чыгышта маанилүү экендигине ишара кылган Керри Ак үй бул региондо ашыкча башаламандыкка чыдабастыгын билдирди.

“Өтө көп тартышуулар бар. Биз эч бир мамлекет башка бир мамлекеттин ишине аралашпай турган туруктуу, коопсуз жана бейпил бир регионду көрүүнү каалайбыз”, – деди АКШнын мамлекеттик катчысы.

Саудиянын тышкы иштер министри Адил ал-Жубайр да региондогу проблемаларды чечүүдө АКШ менен келишкен абалда аракет кылууну өздөрү үчүн эң жемиштүү жол деп биле тургандыгын баса белгиледи.

Ал-Жубайр бир журналисттин “Сирияны колдоп-кубаттоо тобунда Иран менен кызматташтыкты жандантуу үчүн даярсызбы” деген суроосуна жооп берип: “Биз Сирияны колдоп-кубаттоо тобунун жолугушууларын эч качан таштап кетпедик. Иран менен мамилелерибиз Сирияны колдоп-кубаттоо тобу жагынан башкалар менен болгон мамилебизден айырмаланат. Биздин максатыбыз Венада башталган сүйлөшүүлөр жараянынан пайдаланып, Женева-1 сүйлөшүүлөрү, Вена сүйлөшүүлөрү жана эң акыркы БУУнун Коопсуздук Кеңешинин токтомдору негизинде тынч чечимге жетишүү”, – деди.

Туркистон:

АКШ Иранга коюлган бардык экономикалык санкцияларды алып салды. АКШ Иран аркылуу Европа, Израиль, Саудия жана дагы бир катар Араб лигасындагы мамлекеттерди коркууда кармап келет.

Ирандан экономикалык санкцияларды алып таштоо менен АКШ Россияга экономикалык сокку берүүнү да максат кылды. Ал Иран нефтиси Европага кеңири көлөмдө кирип барышын билет. Муну менен Россиянын базарлары кыскарып, нефтинин баасы да ого бетер арзандайт. Бул болсо, Россиянын кыйроо мөөнөтүн ого бетер жакындаштырат.

Саудия болсо куфрдун мусулмандарга каршы айла-амалдарындагы негизги оюнчулардан болуп барууда. Иранды кубаттандырып барышы Сауддардын тынчын алат. Натыйжада Сауд королдугу АКШнын кол астындагы ишенимдүү дөбөтүнө айланып бара берет. АКШ Иранды бир аз күчөтүп коюу менен шиа дүйнөсүн суннийлерге тең келе турган кубатка айландырып, күчтөр таразасын пайда кылмакчы болот. АКШнын бул долбоору ал тургай Түркиянын да бир аз тынчын алат.

АКШ мусулмандарды бири-бирине каршы багыттоо долбоорлорун өтө айлакердик менен даярдай турган болуп кетти. Натыйжада мусулман мамлекеттери бири-биринен коркушуп, бардыгы АКШнын кучагына кире башташты. АКШ болсо алардын ар биринин башын сылап, тымызын фитнакечтик иштерин улантуу менен аларды эч качан бириктирбейт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here