Тажикстанда 40 жашка чыга элек жарандардын ажылыкка барышына тыюу салынды

265
0

Тажикстан өкмөтү кабыл алган жаңы токтомго ылайык, эми 40 жашка чыга элек жарандар ажылык ибадатын өтөшү мүмкүн эмес.

Тажикстан өкмөтүнүн алдындагы дин иштери жана улуттук каада-салттарды тартипке салуу боюнча комитеттин жетекчиси Хусайн Шакиров ушундай токтом кабыл алынгандыгын тастыктады.

Анын айтымында, ушундай жол менен улуу жаштагы жарандарга ажылык зыяратын өтөөгө мүмкүнчүлүк берилет.

Туркистон:

Тажикстан тогуту Эмомали Рахмон да Ислам жана мусулмандарга каршы күрөштө ар кандай чегарадан өтүп кетүүдө. Ал да Өзбекстан канкору Каримов сыяктуу эле Исламды коомдон сүрүп чыгаруу үчүн – колундагы бардык ыкма жана каражаттарды ишке салуу менен – исламий баалуулуктар жана көрүнүштөргө каршы аёосуз күрөшүп жатат.

 Эмомали Рахмон Каримовдун изи менен жүрүп, алгач сакал жана ак топуга, окуучу кыздардын жоолуктарына каршы күрөшкөн болсо, кийинчерээк ишкана, уюм жана мекемелердин кызматкерлеринен ишке хижаб менен келбестикти талап кылып, коомдук жайларда хижаб менен жүргөн муслима эже-карындаштарыбыз ачык эле акаарат кылына баштады.

 Дин ишдтери боюнча комитет 2015-жылдын апрель айында Эмомали Рахмондун көрсөтмөсү негизинде 35 жашка чыга элек жарандардын ажылыкка барышына тыюу салган болсо, бүгүнкү күнгө келип бул чектөө 40 жашка жылдырылды.

Бул залимдер өздөрүнө берилген бийлик жана кубат менен сыймыктанган абалда Ислам динине каршы күрөшүп жатышкан болсо да, акыры келип зыян көрүүчүлөрдөн болуп калышын эстен чыгарып жатышат.

(Эй Мухаммад) Сен эч качан: «Аллах заалим адамдардын кылып жаткан иштеринен бейкапар», деп ойлобогун! Бар болгону Аллах аларды (жазаларын), көздөр (айбат-коркунучтан) катып кала турган, (коркунучтуу Кыямат) Күнүнө гана калтырууда(14:42).

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here